Катталуу, бет 406

  1. وَأَمَّا الَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَلِقَاءِ الْآخِرَةِ فَأُولَٰئِكَ فِي الْعَذَابِ مُحْضَرُونَ

    Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана акыреттеги (Аллах менен) жолгушууга ишенбеген адамдар, ошолор азапта калуучулар.

    30:16
  2. فَسُبْحَانَ اللَّهِ حِينَ تُمْسُونَ وَحِينَ تُصْبِحُونَ

    Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллахга тасбих айткыла (аруулагыла)!

    30:17
  3. وَلَهُ الْحَمْدُ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَعَشِيًّا وَحِينَ تُظْهِرُونَ

    Асмандар менен жерде, дигер жана бешим мезгилдеринде бардык мактоо - Аллахка гана! (айтылсын).

    30:18
  4. يُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ وَيُحْيِي الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ وَكَذَٰلِكَ تُخْرَجُونَ

    (Аллах) өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар.

    30:19
  5. وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَكُمْ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ إِذَا أَنْتُمْ بَشَرٌ تَنْتَشِرُونَ

    Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен.

    30:20
  6. وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

    Жана Анын белгилеринен – алар менен тынч-бейпил болууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, мээрим салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар.

    30:21
  7. وَمِنْ آيَاتِهِ خَلْقُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافُ أَلْسِنَتِكُمْ وَأَلْوَانِكُمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِلْعَالِمِينَ

    Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен жерди жаратканы, силердин тилиңерди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билимдүүлөр үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

    30:22
  8. وَمِنْ آيَاتِهِ مَنَامُكُمْ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَابْتِغَاؤُكُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَسْمَعُونَ

    Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз(дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллахтын жакшылыктарын издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе да уга турган адамдарга белгилер бар.

    30:23
  9. وَمِنْ آيَاتِهِ يُرِيكُمُ الْبَرْقَ خَوْفًا وَطَمَعًا وَيُنَزِّلُ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَيُحْيِي بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

    Жана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.

    30:24

Котормо: Шамсуддин Хакимов