Катталуу, бет 373

  1. إِنْ هَٰذَا إِلَّا خُلُقُ الْأَوَّلِينَ

    Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.

    26:137
  2. وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ

    Жана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».

    26:138
  3. فَكَذَّبُوهُ فَأَهْلَكْنَاهُمْ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

    (Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.

    26:139
  4. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

    Чынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.

    26:140
  5. كَذَّبَتْ ثَمُودُ الْمُرْسَلِينَ

    Самуд эли дагы пайгамбарларды жалганчы кылды.

    26:141
  6. إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ صَالِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ

    Бир кезде аларга өз тууганы Салих айтты: «(Аллахтан) корксоңор болбойбу?!

    26:142
  7. إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

    Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.

    26:143
  8. فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

    26:144
  9. وَمَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِيَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    Мен чакырыгым үчүн силерден акы-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.

    26:145
  10. أَتُتْرَكُونَ فِي مَا هَاهُنَا آمِنِينَ

    Силер бул жердеги жакшылык-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер,

    26:146
  11. فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

    бактардын, булактардын ичинде?

    26:147
  12. وَزُرُوعٍ وَنَخْلٍ طَلْعُهَا هَضِيمٌ

    Эгинзарларда жана жагымдуу курмалардын ичинде?

    26:148
  13. وَتَنْحِتُونَ مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا فَارِهِينَ

    Чеберчилик менен тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар.

    26:149
  14. فَاتَّقُوا اللَّهَ وَأَطِيعُونِ

    Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!

    26:150
  15. وَلَا تُطِيعُوا أَمْرَ الْمُسْرِفِينَ

    Чектен ашкан күнөөкөрлөрдүн буйругуна моюн сунбагыла!

    26:151
  16. الَّذِينَ يُفْسِدُونَ فِي الْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ

    Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар».

    26:152
  17. قَالُوا إِنَّمَا أَنْتَ مِنَ الْمُسَحَّرِينَ

    (Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың!

    26:153
  18. مَا أَنْتَ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا فَأْتِ بِآيَةٍ إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ

    Сен бизге окшогон эле адамсың! Эгер («мен пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (керемет) көргөзчү?».

    26:154
  19. قَالَ هَٰذِهِ نَاقَةٌ لَهَا شِرْبٌ وَلَكُمْ شِرْبُ يَوْمٍ مَعْلُومٍ

    (Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.

    26:155
  20. وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوءٍ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَظِيمٍ

    Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди улук күндүн азабы кармайт!».

    26:156
  21. فَعَقَرُوهَا فَأَصْبَحُوا نَادِمِينَ

    Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты.

    26:157
  22. فَأَخَذَهُمُ الْعَذَابُ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُؤْمِنِينَ

    Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.

    26:158
  23. وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

    Албетте, сенин Раббиң бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.

    26:159

Котормо: Шамсуддин Хакимов