Катталуу, бет 355

  1. رِجَالٌ لَا تُلْهِيهِمْ تِجَارَةٌ وَلَا بَيْعٌ عَنْ ذِكْرِ اللَّهِ وَإِقَامِ الصَّلَاةِ وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ ۙ يَخَافُونَ يَوْمًا تَتَقَلَّبُ فِيهِ الْقُلُوبُ وَالْأَبْصَارُ

    (Ал) эр-азаматтарды Аллахтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт! (Анткени,) алар көздөр жана жүрөктөр (коркуу менен үмүттүн ортосунда ары-бери) оодарылып кала турган Күндөн (Кыяматтан) коркушат.

    24:37
  2. لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا عَمِلُوا وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۗ وَاللَّهُ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ

    (Мунун себеби) Аллах аларды жасаган амалдарынын эң жакшылары менен сыйлашы жана Өзүнүн берешендиги менен аларды(н соопторуна сооп) кошуп бериши үчүн. Аллах каалаган пендесине эсепсиз ырыскы берет.

    24:38
  3. وَالَّذِينَ كَفَرُوا أَعْمَالُهُمْ كَسَرَابٍ بِقِيعَةٍ يَحْسَبُهُ الظَّمْآنُ مَاءً حَتَّىٰ إِذَا جَاءَهُ لَمْ يَجِدْهُ شَيْئًا وَوَجَدَ اللَّهَ عِنْدَهُ فَوَفَّاهُ حِسَابَهُ ۗ وَاللَّهُ سَرِيعُ الْحِسَابِ

    Каапырлардын амалдары болсо, чөлдөгү закым сыяктуу. Суусаган адам аны суу деп ойлойт. Качан ага («жетип») барса эч нерсе таппай калат. Өзүнүн алдында (Кыяматта) Аллахты гана табат. Анан Аллах аны менен толук эсептешет. Аллах тез эсептешүүчү.

    24:39
  4. أَوْ كَظُلُمَاتٍ فِي بَحْرٍ لُجِّيٍّ يَغْشَاهُ مَوْجٌ مِنْ فَوْقِهِ مَوْجٌ مِنْ فَوْقِهِ سَحَابٌ ۚ ظُلُمَاتٌ بَعْضُهَا فَوْقَ بَعْضٍ إِذَا أَخْرَجَ يَدَهُ لَمْ يَكَدْ يَرَاهَا ۗ وَمَنْ لَمْ يَجْعَلِ اللَّهُ لَهُ نُورًا فَمَا لَهُ مِنْ نُورٍ

    Же болбосо (каапырдын кылган иш-аракеттери) терең деңиз түбүндөгү караңгылыктарга окшойт. Аны толкундар орогон. Толкундардын үстүнөн дагы толкун орогон, анын үстүнөн (кара) булут (каптаган). Кабат-кабат караңгылыктар! Эгер (ошол абалда суудан) колун чыгарса да аны көрө албайт. Аллах кимге нур (ыйман) бербесе, ал (ар кандай) нурдан куржалак!

    24:40
  5. أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يُسَبِّحُ لَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَالطَّيْرُ صَافَّاتٍ ۖ كُلٌّ قَدْ عَلِمَ صَلَاتَهُ وَتَسْبِيحَهُ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِمَا يَفْعَلُونَ

    (Оо, Мухаммад!) Аллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер (жадагалса,) асманда сап тартып ушкан куштар(га чейин) тасбих айтканын (аруулаганын) билбедиңби? (Алардын) ар бири (Аллахка жалбараар) дубасын жана тасбихин билет. Аллах алардын эмне кылып жаткандарын Билүүчү!

    24:41
  6. وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ وَإِلَى اللَّهِ الْمَصِيرُ

    Асмандар жана Жер падышалыгы Аллахка таандык! (Кыяматта) кайтып баруу – Аллахка!

    24:42
  7. أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يُزْجِي سَحَابًا ثُمَّ يُؤَلِّفُ بَيْنَهُ ثُمَّ يَجْعَلُهُ رُكَامًا فَتَرَى الْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَالِهِ وَيُنَزِّلُ مِنَ السَّمَاءِ مِنْ جِبَالٍ فِيهَا مِنْ بَرَدٍ فَيُصِيبُ بِهِ مَنْ يَشَاءُ وَيَصْرِفُهُ عَنْ مَنْ يَشَاءُ ۖ يَكَادُ سَنَا بَرْقِهِ يَذْهَبُ بِالْأَبْصَارِ

    Көрбөйсүңбү, Аллах булуттарды (каалаган багытына) айдап, кийин аларды чогултат жана түрмөк-түрмөк кылып койот. Кийин сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. (Аллах) асмандан: андагы (булут) тоолорунан мөндүр жаадырып, аны менен каалаган пенделерине (апаат же пайда) жеткирет жана аны каалаган пенделеринен буруп жиберет. Анын (булуттун) чагылганынын нуру көздөрдү көр кылып жиберчүдөй болот.

    24:43

Котормо: Шамсуддин Хакимов