Катталуу, бет 354
-
وَأَنْكِحُوا الْأَيَامَىٰ مِنْكُمْ وَالصَّالِحِينَ مِنْ عِبَادِكُمْ وَإِمَائِكُمْ ۚ إِنْ يَكُونُوا فُقَرَاءَ يُغْنِهِمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ ۗ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
(Оо, ыймандуулар!) Силердин араңардагы бойдокторду, такыба кул-күңдөрүңөрдү үйлөндүргүлө. Эгер (үйлөнүүнү каалагандар) колу жука болсо, Аллах өз берешендиги менен аларды байытат. Аллах (Тааланын жакшылык-берекеттери) кенен, (жана Ал пенделеринин абалын) Билүүчү.
24:32 -
وَلْيَسْتَعْفِفِ الَّذِينَ لَا يَجِدُونَ نِكَاحًا حَتَّىٰ يُغْنِيَهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ ۗ وَالَّذِينَ يَبْتَغُونَ الْكِتَابَ مِمَّا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ فَكَاتِبُوهُمْ إِنْ عَلِمْتُمْ فِيهِمْ خَيْرًا ۖ وَآتُوهُمْ مِنْ مَالِ اللَّهِ الَّذِي آتَاكُمْ ۚ وَلَا تُكْرِهُوا فَتَيَاتِكُمْ عَلَى الْبِغَاءِ إِنْ أَرَدْنَ تَحَصُّنًا لِتَبْتَغُوا عَرَضَ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۚ وَمَنْ يُكْرِهْهُنَّ فَإِنَّ اللَّهَ مِنْ بَعْدِ إِكْرَاهِهِنَّ غَفُورٌ رَحِيمٌ
(Кембагалдык же башка себеп менен) үйлөнө албай жүргөндөр, качан Аллах аларды Өз кең пейилдиги менен байытканга чейин абийир-намыстарын сакташсын! Кулдарыңардын арасынан (азаттык) келишимин каалагандар болсо, эгер аларда жакшылык (өзүнүн жанын багып кетүүгө кудурет) бар экенин билсеңер, анда алар менен келишим түзө бергиле жана (Аллах) силерге берген Аллахтын мал-дүйнөсүнөн (аларга садака) бергиле. Жана дүйнө байлыгына кызыгып, тазалыкты каалаган күңүңөрдү сойкулукка мажбурлабагыла! Ким аларды (сойкулукка) мажбурласа, (өздөрү каалабай туруп) мажбурлангандан кийин Аллах аларды (зордукка кабылган күңдөрдү) Кечирүүчү, Ырайымдуу.
24:33 -
وَلَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكُمْ آيَاتٍ مُبَيِّنَاتٍ وَمَثَلًا مِنَ الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلِكُمْ وَمَوْعِظَةً لِلْمُتَّقِينَ
Биз силерге анык аяттарды, өткөн элдердин мисалдарын жана такыба кишилер үчүн эскерме-насааттарды түшүрдүк.
24:34 -
اللَّهُ نُورُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ مَثَلُ نُورِهِ كَمِشْكَاةٍ فِيهَا مِصْبَاحٌ ۖ الْمِصْبَاحُ فِي زُجَاجَةٍ ۖ الزُّجَاجَةُ كَأَنَّهَا كَوْكَبٌ دُرِّيٌّ يُوقَدُ مِنْ شَجَرَةٍ مُبَارَكَةٍ زَيْتُونَةٍ لَا شَرْقِيَّةٍ وَلَا غَرْبِيَّةٍ يَكَادُ زَيْتُهَا يُضِيءُ وَلَوْ لَمْ تَمْسَسْهُ نَارٌ ۚ نُورٌ عَلَىٰ نُورٍ ۗ يَهْدِي اللَّهُ لِنُورِهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَيَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ ۗ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Аллах – асмандардын жана Жердин Нуру! Анын Нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак-шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы! Ал (чырак) тескейде да эмес, күнгөйдө да эмес (ар дайым нур тийип турган, бийик жерде өскөн) берекеттүү Зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (А, эгер от тамызылса) нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.
24:35 -
فِي بُيُوتٍ أَذِنَ اللَّهُ أَنْ تُرْفَعَ وَيُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ يُسَبِّحُ لَهُ فِيهَا بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ
(Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллах ал үйлөрдүн (курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилишин буюрган. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат.
24:36
Котормо: Шамсуддин Хакимов