Катталуу, бет 356
-
يُقَلِّبُ اللَّهُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبْرَةً لِأُولِي الْأَبْصَارِ
Аллах түн менен күндүздү алмаштырып турат. Албетте, мында акылдуулар үчүн (Аллахтын кудуретин тааныткан) сабак бар.
24:44 -
وَاللَّهُ خَلَقَ كُلَّ دَابَّةٍ مِنْ مَاءٍ ۖ فَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَىٰ بَطْنِهِ وَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَىٰ رِجْلَيْنِ وَمِنْهُمْ مَنْ يَمْشِي عَلَىٰ أَرْبَعٍ ۚ يَخْلُقُ اللَّهُ مَا يَشَاءُ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Аллах баардык жан-жаныбарды суудан жаратты. Алардын кээ бири сойлоп жүрөт, кээ бири эки буттап жүрөт, кээ бирлери төрт бут менен басат. Аллах каалаган нерсесин (каалагандай) жаратат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
24:45 -
لَقَدْ أَنْزَلْنَا آيَاتٍ مُبَيِّنَاتٍ ۚ وَاللَّهُ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ
Биз (Куранда чындыкка багыттоочу) анык аяттарды түшүрдүк. Аллах каалаган пендесин туура жолго баштайт.
24:46 -
وَيَقُولُونَ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالرَّسُولِ وَأَطَعْنَا ثُمَّ يَتَوَلَّىٰ فَرِيقٌ مِنْهُمْ مِنْ بَعْدِ ذَٰلِكَ ۚ وَمَا أُولَٰئِكَ بِالْمُؤْمِنِينَ
Алар «Биз Аллахка, пайгамбарга ыйман келтирдик жана (экөөсүнүн буйруктарына) моюн сундук» дешет. Кийин, дал ушундан кийин (каалоолоруна ылайык келбеген буйруктарды аткарууга келгенде) алардын кээ бир тайпалары жүз буруп кетишет. Алар ыймандуу эмес!
24:47 -
وَإِذَا دُعُوا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ مُعْرِضُونَ
Эгер араларында өкүм кылуу үчүн Аллахка жана пайгамбарына чакырылса, капыстан бир топтору тескери басып кетишет.
24:48 -
وَإِنْ يَكُنْ لَهُمُ الْحَقُّ يَأْتُوا إِلَيْهِ مُذْعِنِينَ
Эгерде (талаштагы) чындык алар тарапта болсо, пайгамбарга баш ийип келишет.
24:49 -
أَفِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ أَمِ ارْتَابُوا أَمْ يَخَافُونَ أَنْ يَحِيفَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَرَسُولُهُ ۚ بَلْ أُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Алардын жүрөгүндө илдет (эки жүздүүлүк) барбы? Же (Мухаммаддын пайгамбар экенинен) шектеништиби же болбосо, Аллах менен пайгамбары зулум кылат деп коркушабы? Жок! Алардын өздөрү залымдар!
24:50 -
إِنَّمَا كَانَ قَوْلَ الْمُؤْمِنِينَ إِذَا دُعُوا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ أَنْ يَقُولُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Ал эми, араларында өкүм кылуу үчүн Аллах жана пайгамбарына чакырылган кездеги ыймандуулардын сөзү: «Уктук жана моюн сундук» деп айтуу (гана болушу кажет). Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетүүчүлөр!
24:51 -
وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَخْشَ اللَّهَ وَيَتَّقْهِ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَائِزُونَ
Ким Аллахка жана пайгамбарына моюн сунса, Аллахтан корксо жана такыба кылса, дал ошолор жеңишке жетүүчүлөр!
24:52 -
وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَئِنْ أَمَرْتَهُمْ لَيَخْرُجُنَّ ۖ قُلْ لَا تُقْسِمُوا ۖ طَاعَةٌ مَعْرُوفَةٌ ۚ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
Эгер сен аларга (эки жүздүүлөргө «Мени менен урушка чыккыла!» деп) буюрсаң, «албетте, чыгабыз!» деп, Аллахтын аты менен, жан үрөп ант ичишет. (Аларга) айт: «(жалгандан) ант ичпегиле. (Силердин) моюн сунууңар белгилүү. Аллах эмне амал кылганыңардан Кабардар».
24:53
Котормо: Шамсуддин Хакимов