Катталуу, бет 340
-
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ وَالْفُلْكَ تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِأَمْرِهِ وَيُمْسِكُ السَّمَاءَ أَنْ تَقَعَ عَلَى الْأَرْضِ إِلَّا بِإِذْنِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ بِالنَّاسِ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
Көрбөйсүңбү, (оо, Мухаммад), Аллах силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз буйругу менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн). Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер.
22:65 -
وَهُوَ الَّذِي أَحْيَاكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ ۗ إِنَّ الْإِنْسَانَ لَكَفُورٌ
Ал силерге өмүр-жашоо берип, кийин өлтүргөн, анан (Акыретте) дагы тирилте турган Кудай. Аныгында инсан жеткен шүкүрсүз!
22:66 -
لِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكًا هُمْ نَاسِكُوهُ ۖ فَلَا يُنَازِعُنَّكَ فِي الْأَمْرِ ۚ وَادْعُ إِلَىٰ رَبِّكَ ۖ إِنَّكَ لَعَلَىٰ هُدًى مُسْتَقِيمٍ
Биз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (Оо, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын! Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, туура жол үстүндөсүң.
22:67 -
وَإِنْ جَادَلُوكَ فَقُلِ اللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ
Эгер сени менен талашчу болушса, айткын: «Эмне жасаганыңарды Аллах (Өзүңөрдөн да) мыктыраак Билүүчү.
22:68 -
اللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ
Аллах Кыямат Күндө, силердин араңарда талашып-тартышкан нерсеңер жөнүндө Өзү өкүм-ажырым кылат».
22:69 -
أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۗ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَابٍ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
(Оо, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар. Бул Аллахка жеңил.
22:70 -
وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا وَمَا لَيْسَ لَهُمْ بِهِ عِلْمٌ ۗ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ نَصِيرٍ
(Мушриктер) Аллахтан башка, Аллах (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Залимдерге (Аллах тарабынан) жардамчы жок!
22:71 -
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ تَعْرِفُ فِي وُجُوهِ الَّذِينَ كَفَرُوا الْمُنْكَرَ ۖ يَكَادُونَ يَسْطُونَ بِالَّذِينَ يَتْلُونَ عَلَيْهِمْ آيَاتِنَا ۗ قُلْ أَفَأُنَبِّئُكُمْ بِشَرٍّ مِنْ ذَٰلِكُمُ ۗ النَّارُ وَعَدَهَا اللَّهُ الَّذِينَ كَفَرُوا ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
Эгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал – тозок! Аллах аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун!
22:72
Котормо: Шамсуддин Хакимов