Катталуу, бет 341
-
يَا أَيُّهَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسْتَمِعُوا لَهُ ۚ إِنَّ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ لَنْ يَخْلُقُوا ذُبَابًا وَلَوِ اجْتَمَعُوا لَهُ ۖ وَإِنْ يَسْلُبْهُمُ الذُّبَابُ شَيْئًا لَا يَسْتَنْقِذُوهُ مِنْهُ ۚ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَالْمَطْلُوبُ
Эй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чымын алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, кайтарып алууга камынган) кудайлар да алсыз, тартып алган чымын да алсыз. (Чымындан да алсыз кудайларга кантип сыйынасыңар?!)
22:73 -
مَا قَدَرُوا اللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ
Алар Аллахты чындап баалай алышпады. Чынында Аллах өтө Кубатуу, Кудуреттүү.
22:74 -
اللَّهُ يَصْطَفِي مِنَ الْمَلَائِكَةِ رُسُلًا وَمِنَ النَّاسِ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ بَصِيرٌ
Аллах периштелерден жана адамдардан элчилерди тандап алат. Аллах – Угуучу, Көрүүчү.
22:75 -
يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ ۗ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Аллах алардын келечектерин жана өтмүштөрүн(дө болгон бардык окуяны) билет. Иштердин баары Аллахка кайтат.
22:76 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ارْكَعُوا وَاسْجُدُوا وَاعْبُدُوا رَبَّكُمْ وَافْعَلُوا الْخَيْرَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ۩
Оо, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөрдүн Раббиңерге рукуу, сажда жана ибадат кылгыла. Жана жакшылык, кайрымдуулук иштерди жасагыла! (Ошондо) ийгиликке (бейишке) жетээрсиңер!
22:77 -
وَجَاهِدُوا فِي اللَّهِ حَقَّ جِهَادِهِ ۚ هُوَ اجْتَبَاكُمْ وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ ۚ مِلَّةَ أَبِيكُمْ إِبْرَاهِيمَ ۚ هُوَ سَمَّاكُمُ الْمُسْلِمِينَ مِنْ قَبْلُ وَفِي هَٰذَا لِيَكُونَ الرَّسُولُ شَهِيدًا عَلَيْكُمْ وَتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ ۚ فَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَاعْتَصِمُوا بِاللَّهِ هُوَ مَوْلَاكُمْ ۖ فَنِعْمَ الْمَوْلَىٰ وَنِعْمَ النَّصِيرُ
Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерди оор, кыйынчылыктуу кылган жок. (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллах) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Куранда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы!
22:78
Котормо: Шамсуддин Хакимов