Катталуу, бет 339
-
الْمُلْكُ يَوْمَئِذٍ لِلَّهِ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ ۚ فَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ
Ал Күнү (бардык) мүлк Аллахтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар жыргалчылык бейиштеринде болушат.
22:56 -
وَالَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا فَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендерге кордоочу азап бар.
22:57 -
وَالَّذِينَ هَاجَرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ ثُمَّ قُتِلُوا أَوْ مَاتُوا لَيَرْزُقَنَّهُمُ اللَّهُ رِزْقًا حَسَنًا ۚ وَإِنَّ اللَّهَ لَهُوَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ
Аллахтын жолунда (үй-мүлкүн, аялдарын, бала-чакасын, мекенин таштап) хижрат кылган, кийин (Аллах жолундагы согуштарда) өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга Аллах эң сонун ырыскыларды берет. Албетте, Аллах эң мыкты ырыскы берүүчү.
22:58 -
لَيُدْخِلَنَّهُمْ مُدْخَلًا يَرْضَوْنَهُ ۗ وَإِنَّ اللَّهَ لَعَلِيمٌ حَلِيمٌ
Жана (Аллах) аларды өздөрүнө жаккан орундарга киргизет. Аллах эң жакшы Билүүчү (жана пейили) Жумшак.
22:59 -
ذَٰلِكَ وَمَنْ عَاقَبَ بِمِثْلِ مَا عُوقِبَ بِهِ ثُمَّ بُغِيَ عَلَيْهِ لَيَنْصُرَنَّهُ اللَّهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٌ
(О, Мухаммад! Сага баян кылып берген бейишке кире турган мухажирлердин абалы) ушундай. Жана да, кимде-ким (бирөөгө) өзүнө зыян жеткирилгендей зыян жеткирсе, кийин ага (ошол бирөө тарабынан) зулумдук кылынчу болсо, Аллах ага жардам берет. Чынында Аллах өтө Кечиримдүү, Айкөл.
22:60 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَأَنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ بَصِيرٌ
Ушул (Кудайыңар – Аллах ааламдардын өкүм-мыйзамын иреттүү башкарат:) Ал күндүзгө түндү киргизет, түнгө күндүздү киргизет. Аллах – Угуучу, Көрүүчү.
22:61 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ هُوَ الْبَاطِلُ وَأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْعَلِيُّ الْكَبِيرُ
Анткени, Аллах – Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллах эң Бийик, эң Улук!
22:62 -
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَتُصْبِحُ الْأَرْضُ مُخْضَرَّةً ۗ إِنَّ اللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٌ
Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүргөндө, жер жап-жашыл болуп калганын? Чынында, Аллах өтө Мээримдүү, (бардык нерседен) Кабардар.
22:63 -
لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَإِنَّ اللَّهَ لَهُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
Асмандардагы жана Жердегилердин бардыгы Анын мүлкү. Аллах бир Өзү гана Беймуктаж, (жана ысым-сыпаттары менен) Макталган.
22:64
Котормо: Шамсуддин Хакимов