Катталуу, бет 338

  1. وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ وَلَنْ يُخْلِفَ اللَّهُ وَعْدَهُ ۚ وَإِنَّ يَوْمًا عِنْدَ رَبِّكَ كَأَلْفِ سَنَةٍ مِمَّا تَعُدُّونَ

    (Оо, Мухаммад, мушриктер «Эгер чын пайгамбар болсоң, Раббиң бизге азап түшүрбөйбү, тезирээк» деп) сенден азапты шаштырып сурашат. Аллах убадасын бузбайт. (Сөзсүз азап келет.) Жана, Сенин Раббиңдин алдындагы бир күн силер эсептеген жылдардын миң жылы сыяктуу.

    22:47
  2. وَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ أَمْلَيْتُ لَهَا وَهِيَ ظَالِمَةٌ ثُمَّ أَخَذْتُهَا وَإِلَيَّ الْمَصِيرُ

    Дагы нечендеген шаарларды(н элдерин) алар залым болсо да, мөөнөтүн узартып койдум. Кийин (көп жашап, көп күнөө кылып, көбүрөөк азапка ылайык болгондо) гана кыйраттым. Кайтып келүү – Өзүмө!

    22:48
  3. قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّمَا أَنَا لَكُمْ نَذِيرٌ مُبِينٌ

    Айткын: «Оо адамдар! Мен чынында силерге анык эскертүүчүмүн!

    22:49
  4. فَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

    Ал эми, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылган адамдар үчүн (Аллах тарабынан) кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар!».

    22:50
  5. وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ

    Биздин аяттарыбызды(н айланасында ар түрдүү сөз козутуп) алардын күч-таасирин азайтууга (бири-биринен озуп) алектенип жаткандар, дал ошолор тозок ээлери!

    22:51
  6. وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ مِنْ رَسُولٍ وَلَا نَبِيٍّ إِلَّا إِذَا تَمَنَّىٰ أَلْقَى الشَّيْطَانُ فِي أُمْنِيَّتِهِ فَيَنْسَخُ اللَّهُ مَا يُلْقِي الشَّيْطَانُ ثُمَّ يُحْكِمُ اللَّهُ آيَاتِهِ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

    Сенден мурда бир элчи же пайгамбар жиберген болсок, ал качан гана (китептен бир аят) окучу болсо, анын кыраатына шайтан (китепте жок сөздөрдү) кошкон(го аракеттенген). Анан Аллах шайтан кошкон нерселерди өчүрүп, Өз аяттарын бекемдеген. Аллах Билүүчү, Даанышман.

    22:52
  7. لِيَجْعَلَ مَا يُلْقِي الشَّيْطَانُ فِتْنَةً لِلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ وَالْقَاسِيَةِ قُلُوبُهُمْ ۗ وَإِنَّ الظَّالِمِينَ لَفِي شِقَاقٍ بَعِيدٍ

    Шайтан кошкон нерселер(ди Аллах) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, залым (каапыр) адамдар (акыйкаттан алыс болгон) түгөнгүс талаш-тартышта калышат.

    22:53
  8. وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ أَنَّهُ الْحَقُّ مِنْ رَبِّكَ فَيُؤْمِنُوا بِهِ فَتُخْبِتَ لَهُ قُلُوبُهُمْ ۗ وَإِنَّ اللَّهَ لَهَادِ الَّذِينَ آمَنُوا إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

    Илимдүү адамдар, анын (Курандын) Раббиңден келген (өзгөргүс) Акыйкат экенин билиши жана жүрөктөрү ага муюп, ыйман келтириши үчүн (Аллах ушул сыноону жасады) Аллах ыйман келтирген адамдарды туура жолго баштоочу.

    22:54
  9. وَلَا يَزَالُ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي مِرْيَةٍ مِنْهُ حَتَّىٰ تَأْتِيَهُمُ السَّاعَةُ بَغْتَةً أَوْ يَأْتِيَهُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَقِيمٍ

    Каапырлар, өздөрүнө Саат (Кыямат) капыстан келип калганга чейин же Кыямат күндүн азабы келгенге чейин Курандан шектене беришет.

    22:55

Котормо: Шамсуддин Хакимов