Катталуу, бет 337
-
أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَاتَلُونَ بِأَنَّهُمْ ظُلِمُوا ۚ وَإِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ نَصْرِهِمْ لَقَدِيرٌ
(Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (ыймандуу) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллах аларга жардам берүүгө кудуреттүү!
22:39 -
الَّذِينَ أُخْرِجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ بِغَيْرِ حَقٍّ إِلَّا أَنْ يَقُولُوا رَبُّنَا اللَّهُ ۗ وَلَوْلَا دَفْعُ اللَّهِ النَّاسَ بَعْضَهُمْ بِبَعْضٍ لَهُدِّمَتْ صَوَامِعُ وَبِيَعٌ وَصَلَوَاتٌ وَمَسَاجِدُ يُذْكَرُ فِيهَا اسْمُ اللَّهِ كَثِيرًا ۗ وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ
Алар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим – Аллах» деген сөздөрү үчүн гана (куулуп) чыгарылган эле. Эгер Аллахтын кээ бир (залим) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллахтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек. Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллах да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллах Кубаттуу, Кудуреттүү!
22:40 -
الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنْكَرِ ۗ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ
Алар жерде бекем орноштуруп койгонубузда намаздарын толук окуган, зекет берген, жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарган адамдар. Иштердин акыбети Аллахтын Колунда.
22:41 -
وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَعَادٌ وَثَمُودُ
(Оо, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.
22:42 -
وَقَوْمُ إِبْرَاهِيمَ وَقَوْمُ لُوطٍ
Ибрахимдин, Луттун коомдору дагы (пайгамбарларын) жалганчыга чыгарышкан.
22:43 -
وَأَصْحَابُ مَدْيَنَ ۖ وَكُذِّبَ مُوسَىٰ فَأَمْلَيْتُ لِلْكَافِرِينَ ثُمَّ أَخَذْتُهُمْ ۖ فَكَيْفَ كَانَ نَكِيرِ
Мадиян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин азаптоом кандай болгон(ун бир көрсөң эле!)
22:44 -
فَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَاهَا وَهِيَ ظَالِمَةٌ فَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا وَبِئْرٍ مُعَطَّلَةٍ وَقَصْرٍ مَشِيدٍ
Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык! Алар залым болчу. Эми (азыр) алардын чатырлары кулаган. (Дагы нечендеген) таштанды кудуктар, бийик-бийик (бирок ээси жок) сарайлар бар!
22:45 -
أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَتَكُونَ لَهُمْ قُلُوبٌ يَعْقِلُونَ بِهَا أَوْ آذَانٌ يَسْمَعُونَ بِهَا ۖ فَإِنَّهَا لَا تَعْمَى الْأَبْصَارُ وَلَٰكِنْ تَعْمَى الْقُلُوبُ الَّتِي فِي الصُّدُورِ
(Каапырлар) жер жүзүн кыдырып көрүшпөйбү?! Ошондо аларга сергек жүрөктөр же болбосо, угар кулактар болмок эле! Чынында, көздөр сокур эмес, көкүрөктөгү жүрөктөр сокур болду.
22:46
Котормо: Шамсуддин Хакимов