Катталуу, бет 334
-
وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَاهُ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ وَأَنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يُرِيدُ
Биз аны (Куранды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллах (аны менен) Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт.
22:16 -
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَادُوا وَالصَّابِئِينَ وَالنَّصَارَىٰ وَالْمَجُوسَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا إِنَّ اللَّهَ يَفْصِلُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Чынында, Аллах Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудилердин, сабиилердин, христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллах ар бир нерсеге Күбө.
22:17 -
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يَسْجُدُ لَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ وَالشَّمْسُ وَالْقَمَرُ وَالنُّجُومُ وَالْجِبَالُ وَالشَّجَرُ وَالدَّوَابُّ وَكَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ ۖ وَكَثِيرٌ حَقَّ عَلَيْهِ الْعَذَابُ ۗ وَمَنْ يُهِنِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ مُكْرِمٍ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ ۩
(Оо, Мухаммад!) Карачы, Аллахка жер-асмандагылардын бары: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап аларга татыктуу (адилет жаза) болду. Аллах кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллах каалаган нерсесин жасайт.
22:18 -
هَٰذَانِ خَصْمَانِ اخْتَصَمُوا فِي رَبِّهِمْ ۖ فَالَّذِينَ كَفَرُوا قُطِّعَتْ لَهُمْ ثِيَابٌ مِنْ نَارٍ يُصَبُّ مِنْ فَوْقِ رُءُوسِهِمُ الْحَمِيمُ
Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен ыймандуулар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты. Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат! (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык:)
22:19 -
يُصْهَرُ بِهِ مَا فِي بُطُونِهِمْ وَالْجُلُودُ
Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет.
22:20 -
وَلَهُمْ مَقَامِعُ مِنْ حَدِيدٍ
Алар үчүн (периштелердин колунда сабоого даяр) темир союлдар бар!
22:21 -
كُلَّمَا أَرَادُوا أَنْ يَخْرُجُوا مِنْهَا مِنْ غَمٍّ أُعِيدُوا فِيهَا وَذُوقُوا عَذَابَ الْحَرِيقِ
Ар качан тозоктогу бул азап-кайгыдан чыгууну каалашса, (ошол союлдар менен баштарына чаап) дагы азапка кайтарылышат жана «күйдүрүүчү азапты таткыла!» – (деп айтылат).
22:22 -
إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ يُحَلَّوْنَ فِيهَا مِنْ أَسَاوِرَ مِنْ ذَهَبٍ وَلُؤْلُؤًا ۖ وَلِبَاسُهُمْ فِيهَا حَرِيرٌ
Ал эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллах (таала) түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал жерде алтын билериктер жана берметтер менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот.
22:23
Котормо: Шамсуддин Хакимов