Сүрө 22 Хаж
-
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمْ ۚ إِنَّ زَلْزَلَةَ السَّاعَةِ شَيْءٌ عَظِيمٌ
Оо, адамдар! Раббиңерден корккула! Кыяматтын зилзаласы коркунучтуу нерсе.
22:1 -
يَوْمَ تَرَوْنَهَا تَذْهَلُ كُلُّ مُرْضِعَةٍ عَمَّا أَرْضَعَتْ وَتَضَعُ كُلُّ ذَاتِ حَمْلٍ حَمْلَهَا وَتَرَى النَّاسَ سُكَارَىٰ وَمَا هُمْ بِسُكَارَىٰ وَلَٰكِنَّ عَذَابَ اللَّهِ شَدِيدٌ
Аны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат, ар бир кош бойлуу жаныбар боюндагысын түшүрүп салат. Сен (ал күндө) адамдарды нес-мас абалында көрөсүң. Чынында, алар мас эмес. Бирок, Аллахтын азабы катуу!
22:2 -
وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُجَادِلُ فِي اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَيَتَّبِعُ كُلَّ شَيْطَانٍ مَرِيدٍ
Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөрү илими жок болсо да Аллах жөнүндө талаша берет жана ар кайсы бейбаш шайтанга ээрчип кете берет.
22:3 -
كُتِبَ عَلَيْهِ أَنَّهُ مَنْ تَوَلَّاهُ فَأَنَّهُ يُضِلُّهُ وَيَهْدِيهِ إِلَىٰ عَذَابِ السَّعِيرِ
Ага (шайтандын тагдырына): «Ким ушуну дос тутса (ээрчисе) аны адаштырып, тозок азабына баштап барат» – деп жазылып коюлган.
22:4 -
يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنْ كُنْتُمْ فِي رَيْبٍ مِنَ الْبَعْثِ فَإِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ مِنْ نُطْفَةٍ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍ ثُمَّ مِنْ مُضْغَةٍ مُخَلَّقَةٍ وَغَيْرِ مُخَلَّقَةٍ لِنُبَيِّنَ لَكُمْ ۚ وَنُقِرُّ فِي الْأَرْحَامِ مَا نَشَاءُ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ثُمَّ نُخْرِجُكُمْ طِفْلًا ثُمَّ لِتَبْلُغُوا أَشُدَّكُمْ ۖ وَمِنْكُمْ مَنْ يُتَوَفَّىٰ وَمِنْكُمْ مَنْ يُرَدُّ إِلَىٰ أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْلَا يَعْلَمَ مِنْ بَعْدِ عِلْمٍ شَيْئًا ۚ وَتَرَى الْأَرْضَ هَامِدَةً فَإِذَا أَنْزَلْنَا عَلَيْهَا الْمَاءَ اهْتَزَّتْ وَرَبَتْ وَأَنْبَتَتْ مِنْ كُلِّ زَوْجٍ بَهِيجٍ
«Оо, адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен толуктука жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт».
22:5 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّ اللَّهَ هُوَ الْحَقُّ وَأَنَّهُ يُحْيِي الْمَوْتَىٰ وَأَنَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Бул (жараяндардын мааниси) Аллах – Ал Акыйкат жана Ал өлүктү тирилте алат. Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
22:6 -
وَأَنَّ السَّاعَةَ آتِيَةٌ لَا رَيْبَ فِيهَا وَأَنَّ اللَّهَ يَبْعَثُ مَنْ فِي الْقُبُورِ
Жана, Кыямат дагы сөзсүз келүүчү. Анда эч күмөн жок! Жана Аллах албетте, мүрзөлөрдөгү өлүктөрдү кайра тирилтет.
22:7 -
وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يُجَادِلُ فِي اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَلَا هُدًى وَلَا كِتَابٍ مُنِيرٍ
Адамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллах жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же туура жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок!
22:8 -
ثَانِيَ عِطْفِهِ لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ۖ لَهُ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ ۖ وَنُذِيقُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَذَابَ الْحَرِيقِ
Моюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллахтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз!
22:9 -
ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ يَدَاكَ وَأَنَّ اللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيدِ
(Эй, каапыр!) Бул азаптар өзүңдүн эки колуңдун жасаганы себептүү. Аллах пенделерге зулумдук кылуучу эмес!
22:10 -
وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَعْبُدُ اللَّهَ عَلَىٰ حَرْفٍ ۖ فَإِنْ أَصَابَهُ خَيْرٌ اطْمَأَنَّ بِهِ ۖ وَإِنْ أَصَابَتْهُ فِتْنَةٌ انْقَلَبَ عَلَىٰ وَجْهِهِ خَسِرَ الدُّنْيَا وَالْآخِرَةَ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ
Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллахка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!
22:11 -
يَدْعُو مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُ وَمَا لَا يَنْفَعُهُ ۚ ذَٰلِكَ هُوَ الضَّلَالُ الْبَعِيدُ
(Аллахка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллахтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу!
22:12 -
يَدْعُو لَمَنْ ضَرُّهُ أَقْرَبُ مِنْ نَفْعِهِ ۚ لَبِئْسَ الْمَوْلَىٰ وَلَبِئْسَ الْعَشِيرُ
Алар пайдадан (алыс) зыянга жакын «кудайларга» дуба кылышат. (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос!
22:13 -
إِنَّ اللَّهَ يُدْخِلُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يُرِيدُ
Аллах Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган ыймандууларды албетте, түбүнөн дарыялар аккан бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллах каалаган нерсесин жасайт.
22:14 -
مَنْ كَانَ يَظُنُّ أَنْ لَنْ يَنْصُرَهُ اللَّهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ فَلْيَمْدُدْ بِسَبَبٍ إِلَى السَّمَاءِ ثُمَّ لْيَقْطَعْ فَلْيَنْظُرْ هَلْ يُذْهِبَنَّ كَيْدُهُ مَا يَغِيظُ
Кимде-ким Аллах ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллахтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе). Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен.
22:15 -
وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَاهُ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ وَأَنَّ اللَّهَ يَهْدِي مَنْ يُرِيدُ
Биз аны (Куранды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллах (аны менен) Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт.
22:16 -
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هَادُوا وَالصَّابِئِينَ وَالنَّصَارَىٰ وَالْمَجُوسَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا إِنَّ اللَّهَ يَفْصِلُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدٌ
Чынында, Аллах Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудилердин, сабиилердин, христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллах ар бир нерсеге Күбө.
22:17 -
أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ يَسْجُدُ لَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَمَنْ فِي الْأَرْضِ وَالشَّمْسُ وَالْقَمَرُ وَالنُّجُومُ وَالْجِبَالُ وَالشَّجَرُ وَالدَّوَابُّ وَكَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ ۖ وَكَثِيرٌ حَقَّ عَلَيْهِ الْعَذَابُ ۗ وَمَنْ يُهِنِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ مُكْرِمٍ ۚ إِنَّ اللَّهَ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ ۩
(Оо, Мухаммад!) Карачы, Аллахка жер-асмандагылардын бары: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап аларга татыктуу (адилет жаза) болду. Аллах кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллах каалаган нерсесин жасайт.
22:18 -
هَٰذَانِ خَصْمَانِ اخْتَصَمُوا فِي رَبِّهِمْ ۖ فَالَّذِينَ كَفَرُوا قُطِّعَتْ لَهُمْ ثِيَابٌ مِنْ نَارٍ يُصَبُّ مِنْ فَوْقِ رُءُوسِهِمُ الْحَمِيمُ
Мына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен ыймандуулар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты. Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат! (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык:)
22:19 -
يُصْهَرُ بِهِ مَا فِي بُطُونِهِمْ وَالْجُلُودُ
Андан алардын терилери жана ичиндеги (ичеги, өпкө-боор сыяктуу) нерселери күйүп кетет.
22:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов