Катталуу, бет 335
-
وَهُدُوا إِلَى الطَّيِّبِ مِنَ الْقَوْلِ وَهُدُوا إِلَىٰ صِرَاطِ الْحَمِيدِ
(Мунун себеби) алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллахтын) жолуна багытталган эле.
22:24 -
إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا وَيَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمَسْجِدِ الْحَرَامِ الَّذِي جَعَلْنَاهُ لِلنَّاسِ سَوَاءً الْعَاكِفُ فِيهِ وَالْبَادِ ۚ وَمَنْ يُرِدْ فِيهِ بِإِلْحَادٍ بِظُلْمٍ نُذِقْهُ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ
Каапыр болгондорго, Аллахтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (ыймандууларды) тоскондорго – Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек – жана ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп, зулумдук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз.
22:25 -
وَإِذْ بَوَّأْنَا لِإِبْرَاهِيمَ مَكَانَ الْبَيْتِ أَنْ لَا تُشْرِكْ بِي شَيْئًا وَطَهِّرْ بَيْتِيَ لِلطَّائِفِينَ وَالْقَائِمِينَ وَالرُّكَّعِ السُّجُودِ
Эстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Исмаил экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза кылгының.
22:26 -
وَأَذِّنْ فِي النَّاسِ بِالْحَجِّ يَأْتُوكَ رِجَالًا وَعَلَىٰ كُلِّ ضَامِرٍ يَأْتِينَ مِنْ كُلِّ فَجٍّ عَمِيقٍ
Адамдарды ажы кылууга чакыр! Сага алар жөө басып, тапталган улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин!
22:27 -
لِيَشْهَدُوا مَنَافِعَ لَهُمْ وَيَذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ فِي أَيَّامٍ مَعْلُومَاتٍ عَلَىٰ مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ ۖ فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْبَائِسَ الْفَقِيرَ
(Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллахтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла.
22:28 -
ثُمَّ لْيَقْضُوا تَفَثَهُمْ وَلْيُوفُوا نُذُورَهُمْ وَلْيَطَّوَّفُوا بِالْبَيْتِ الْعَتِيقِ
Андан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин. Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф кылышсын.
22:29 -
ذَٰلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ حُرُمَاتِ اللَّهِ فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ عِنْدَ رَبِّهِ ۗ وَأُحِلَّتْ لَكُمُ الْأَنْعَامُ إِلَّا مَا يُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ ۖ فَاجْتَنِبُوا الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ وَاجْتَنِبُوا قَوْلَ الزُّورِ
Ушулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнүн кээ бирөөлөрү) Ким Аллахтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) – бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Куранда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми айкел-буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула!
22:30
Котормо: Шамсуддин Хакимов