Катталуу, бет 312
-
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَيَجْعَلُ لَهُمُ الرَّحْمَٰنُ وُدًّا
Албетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Чексиз Ырайымдуу Аллах сүйүүнү жаратат.
19:96 -
فَإِنَّمَا يَسَّرْنَاهُ بِلِسَانِكَ لِتُبَشِّرَ بِهِ الْمُتَّقِينَ وَتُنْذِرَ بِهِ قَوْمًا لُدًّا
(Оо, Мухаммад!) Биз Куранды сенин тилиңе жеңил кылдык. Аны менен такыбаларга (бейиштен) куш кабар беришиң үчүн жана талашкан каапырларды (тозоктон) эскертүүң үчүн.
19:97 -
وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنْ قَرْنٍ هَلْ تُحِسُّ مِنْهُمْ مِنْ أَحَدٍ أَوْ تَسْمَعُ لَهُمْ رِكْزًا
Биз бул (Меккедеги) мушриктерден мурда (Аад, Самуд сыяктуу) нечендеген (каапыр-мушрик) муундарды кыйраттык! Сен алардын бирөө жарымын сезип, же болбосо добушун угуп жатасыңбы?!
19:98 -
طه
Таа – хаа.
20:1 -
مَا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْقُرْآنَ لِتَشْقَىٰ
(Оо, Мухаммад!) Биз сага Куранды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк.
20:2 -
إِلَّا تَذْكِرَةً لِمَنْ يَخْشَىٰ
Тескерисинче, (Аллахтан) корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк.
20:3 -
تَنْزِيلًا مِمَّنْ خَلَقَ الْأَرْضَ وَالسَّمَاوَاتِ الْعُلَى
(Бул Куран) Жерди жана жогорку асмандарды жараткан Зат – Аллахтан түшкөн!
20:4 -
الرَّحْمَٰنُ عَلَى الْعَرْشِ اسْتَوَىٰ
(Ал – ) Чексиз Ырайымдуу (Аллах), Арштын үстүнө көтөрүлдү.
20:5 -
لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَمَا تَحْتَ الثَّرَىٰ
Асмандардагы, Жердеги нерселердин бардыгы жана Жер астындагы нерселердин баары жалгыз Ага гана таандык мүлк болуп саналат!
20:6 -
وَإِنْ تَجْهَرْ بِالْقَوْلِ فَإِنَّهُ يَعْلَمُ السِّرَّ وَأَخْفَى
Эгер сен ашкере сүйлөсөң да (шыбырап сүйлөсөң да) Ал купуя сырлардын баарын билет.
20:7 -
اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ لَهُ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَىٰ
Аллах, эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир Анын Өзү бар. Анын керемет ысымдары бар!
20:8 -
وَهَلْ أَتَاكَ حَدِيثُ مُوسَىٰ
(Оо, Мухаммад!) Сага Мусанын окуясы жетти беле?
20:9 -
إِذْ رَأَىٰ نَارًا فَقَالَ لِأَهْلِهِ امْكُثُوا إِنِّي آنَسْتُ نَارًا لَعَلِّي آتِيكُمْ مِنْهَا بِقَبَسٍ أَوْ أَجِدُ عَلَى النَّارِ هُدًى
Бир кезде ал (алыстан) от(тун жалынын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде(н эч кайда жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» – деди.
20:10 -
فَلَمَّا أَتَاهَا نُودِيَ يَا مُوسَىٰ
Отко» жакындаганда: «Оо, Муса» деген добуш угулду.
20:11 -
إِنِّي أَنَا رَبُّكَ فَاخْلَعْ نَعْلَيْكَ ۖ إِنَّكَ بِالْوَادِ الْمُقَدَّسِ طُوًى
«Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Тува өрөөнүндөсүң!
20:12
Котормо: Шамсуддин Хакимов