Катталуу, бет 311

  1. أَفَرَأَيْتَ الَّذِي كَفَرَ بِآيَاتِنَا وَقَالَ لَأُوتَيَنَّ مَالًا وَوَلَدًا

    (Оо, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү?!

    19:77
  2. أَطَّلَعَ الْغَيْبَ أَمِ اتَّخَذَ عِنْدَ الرَّحْمَٰنِ عَهْدًا

    Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Чексиз Ырайымдуу менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен?!

    19:78
  3. كَلَّا ۚ سَنَكْتُبُ مَا يَقُولُ وَنَمُدُّ لَهُ مِنَ الْعَذَابِ مَدًّا

    Жок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз.

    19:79
  4. وَنَرِثُهُ مَا يَقُولُ وَيَأْتِينَا فَرْدًا

    Жана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү гана келишет.

    19:80
  5. وَاتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لِيَكُونُوا لَهُمْ عِزًّا

    Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышкан.

    19:81
  6. كَلَّا ۚ سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا

    Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат.

    19:82
  7. أَلَمْ تَرَ أَنَّا أَرْسَلْنَا الشَّيَاطِينَ عَلَى الْكَافِرِينَ تَؤُزُّهُمْ أَزًّا

    Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт.

    19:83
  8. فَلَا تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ ۖ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّا

    Сен аларга (азапты) шаштырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз.

    19:84
  9. يَوْمَ نَحْشُرُ الْمُتَّقِينَ إِلَى الرَّحْمَٰنِ وَفْدًا

    Ошол (Кыямат) күнү Биз такыба кишилерди мээримдүү Аллахтын алдына өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз.

    19:85
  10. وَنَسُوقُ الْمُجْرِمِينَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ وِرْدًا

    (Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз.

    19:86
  11. لَا يَمْلِكُونَ الشَّفَاعَةَ إِلَّا مَنِ اتَّخَذَ عِنْدَ الرَّحْمَٰنِ عَهْدًا

    (Ал жерде) Чексиз Ырайымдуу (Аллах) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.

    19:87
  12. وَقَالُوا اتَّخَذَ الرَّحْمَٰنُ وَلَدًا

    (Мушриктер): «Аллахтын баласы бар» дешти.

    19:88
  13. لَقَدْ جِئْتُمْ شَيْئًا إِدًّا

    (Эй, мушриктер) силер өтө коркунучтуу сөз айттыңар.

    19:89
  14. تَكَادُ السَّمَاوَاتُ يَتَفَطَّرْنَ مِنْهُ وَتَنْشَقُّ الْأَرْضُ وَتَخِرُّ الْجِبَالُ هَدًّا

    Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор майдаланып кетиши ыктымал!

    19:90
  15. أَنْ دَعَوْا لِلرَّحْمَٰنِ وَلَدًا

    «Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү!

    19:91
  16. وَمَا يَنْبَغِي لِلرَّحْمَٰنِ أَنْ يَتَّخِذَ وَلَدًا

    Чексиз Ырайымдууга бала тутууга муктаждыгы жок!

    19:92
  17. إِنْ كُلُّ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ إِلَّا آتِي الرَّحْمَٰنِ عَبْدًا

    Асмандардагынын жана Жердегинин баары Чексиз Ырайымдууга кул-пенде болуп, келишти.

    19:93
  18. لَقَدْ أَحْصَاهُمْ وَعَدَّهُمْ عَدًّا

    Аллах бардыгынын анык эсебин алып койгон.

    19:94
  19. وَكُلُّهُمْ آتِيهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فَرْدًا

    Бардыгы Кыямат Күндө Ага жалгыз абалда (байлык, бала, шерик, аскерлерин бул дүйнөгө таштап) келет.

    19:95

Котормо: Шамсуддин Хакимов