Катталуу, бет 267
-
الَّذِينَ جَعَلُوا الْقُرْآنَ عِضِينَ
Алар Куранды бөлүктөргө ажыратышты!
15:91 -
فَوَرَبِّكَ لَنَسْأَلَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ
Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз.
15:92 -
عَمَّا كَانُوا يَعْمَلُونَ
жасаган иштерине жараша!
15:93 -
فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ
(Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!
15:94 -
إِنَّا كَفَيْنَاكَ الْمُسْتَهْزِئِينَ
Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.
15:95 -
الَّذِينَ يَجْعَلُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ ۚ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ
Алар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет.
15:96 -
وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ
Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат.
15:97 -
فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُنْ مِنَ السَّاجِدِينَ
Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол!
15:98 -
وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ
Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!
15:99 -
أَتَىٰ أَمْرُ اللَّهِ فَلَا تَسْتَعْجِلُوهُ ۚ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
(Эй, мушриктер!) Аллахтын буйругу (азабы) келип калды. Силер аны шаштырбай эле койгула! Алардын ширктеринен Аллах Бийик жана Аруу!
16:1 -
يُنَزِّلُ الْمَلَائِكَةَ بِالرُّوحِ مِنْ أَمْرِهِ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ أَنْ أَنْذِرُوا أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا أَنَا فَاتَّقُونِ
«Аллах пенделеринин арасынан каалагандарына Өз амири менен: “(Адамдарга) эскерткиле: Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Мен гана бармын! Менден гана корккула!” – деген вахий менен периштелерди түшүрөт».
16:2 -
خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ ۚ تَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Асмандар менен жерди Акыйкат менен жараткан (Аллах) алардын ширктеринен Жогору - Бийик!
16:3 -
خَلَقَ الْإِنْسَانَ مِنْ نُطْفَةٍ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٌ مُبِينٌ
Ал инсанды бир тамчы «суудан» жаратты эле, капысынан (Өзүнө) анык душман болуп чыга келди!
16:4 -
وَالْأَنْعَامَ خَلَقَهَا ۗ لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌ وَمَنَافِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ
Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар. Силер алардын этинен да жейсиңер.
16:5 -
وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ
(Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар.
16:6
Котормо: Шамсуддин Хакимов