Катталуу, бет 250

  1. وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِالسَّيِّئَةِ قَبْلَ الْحَسَنَةِ وَقَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِمُ الْمَثُلَاتُ ۗ وَإِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغْفِرَةٍ لِلنَّاسِ عَلَىٰ ظُلْمِهِمْ ۖ وَإِنَّ رَبَّكَ لَشَدِيدُ الْعِقَابِ

    Алар сени жакшылыктан мурун жамандыкка (азапка) шаштырышат. Аларга чейин деле (ушундай) окуялар өткөн. Албетте, сенин Раббиң адамдар өз зулумдук-каапырчылыктарынын үстүндө болсо да, алар үчүн кечирим Ээси. Чынында, Раббиңдин азабы катуу!

    13:6
  2. وَيَقُولُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْلَا أُنْزِلَ عَلَيْهِ آيَةٌ مِنْ رَبِّهِ ۗ إِنَّمَا أَنْتَ مُنْذِرٌ ۖ وَلِكُلِّ قَوْمٍ هَادٍ

    (Каапырлар) «Ага (Мухаммадга) бир (сезилген-көрүнгөн) моожиза келсе...» дешет. Чынында сен (тозоктон) эскертүүчүсүң. Жана ар бир коомдун туура жолго баштоочусу бар.

    13:7
  3. اللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَحْمِلُ كُلُّ أُنْثَىٰ وَمَا تَغِيضُ الْأَرْحَامُ وَمَا تَزْدَادُ ۖ وَكُلُّ شَيْءٍ عِنْدَهُ بِمِقْدَارٍ

    Аллах ар бир ургаачынын боюна көтөргөнүн жана жатындар (мөөнөтүнө жеткирбей, өлүк же тирүү абалда) «таштап койгон» жана мөөнөтүнөн өткөрүп төрөгөн нерселерди (да) билет. Ар бир нерсе Анын алдында эсептелүү.

    13:8
  4. عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ الْكَبِيرُ الْمُتَعَالِ

    Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү (кайыпты) да Билүүчү, Улук, Жогорку!

    13:9
  5. سَوَاءٌ مِنْكُمْ مَنْ أَسَرَّ الْقَوْلَ وَمَنْ جَهَرَ بِهِ وَمَنْ هُوَ مُسْتَخْفٍ بِاللَّيْلِ وَسَارِبٌ بِالنَّهَارِ

    Силердин араңардан сөздү сыр туткан менен ашкере сүйлөгөн, түндөсү жашынып жаткан менен күндүзү ашкере жүргөн адам (Аллахтын алдында) бирдей (белгилүү).

    13:10
  6. لَهُ مُعَقِّبَاتٌ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ يَحْفَظُونَهُ مِنْ أَمْرِ اللَّهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنْفُسِهِمْ ۗ وَإِذَا أَرَادَ اللَّهُ بِقَوْمٍ سُوءًا فَلَا مَرَدَّ لَهُ ۚ وَمَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَالٍ

    Ал (адам) үчүн алдынан, аркасынан күзөтүүчүлөр (периштелер) бар. Алар Аллахтын буйругу менен аны коргоп-сактап жүрүшөт. Чынында, Аллах эч бир коомду(н жашоосун) качан алар өздөрүндөгү нерсени (ишенимди) өзгөртмөйүнчө өзгөрпөйт. Эгер Аллах бир коомго жамандыкты кааласа, аны эч ким кайтара албайт. Адамдар үчүн Аллахтан башка Өкүмдар жок.

    13:11
  7. هُوَ الَّذِي يُرِيكُمُ الْبَرْقَ خَوْفًا وَطَمَعًا وَيُنْشِئُ السَّحَابَ الثِّقَالَ

    Ал (Аллах) Силерге чагылганды (анын зыян келтирүүсүнөн) корккон жана (пайдасынан) үмүт кылган абалыңарда көргөзөт жана (жамгыры менен) оор болгон булуттарды жаратат.

    13:12
  8. وَيُسَبِّحُ الرَّعْدُ بِحَمْدِهِ وَالْمَلَائِكَةُ مِنْ خِيفَتِهِ وَيُرْسِلُ الصَّوَاعِقَ فَيُصِيبُ بِهَا مَنْ يَشَاءُ وَهُمْ يُجَادِلُونَ فِي اللَّهِ وَهُوَ شَدِيدُ الْمِحَالِ

    Ага күркүрөк дагы тасбих (мактоо) айтат жана периштелер да Ага корккондору себептүү тасбих айтышат. Ал (сыгылган булуттардын арасынан) чагылган жиберип, Аллах жөнүндө талашып турган кезинде аны менен Өзү каалаган адамдарды урат. Ал - Кудурети күчтүү Зат!

    13:13

Котормо: Шамсуддин Хакимов