Катталуу, бет 251
-
لَهُ دَعْوَةُ الْحَقِّ ۖ وَالَّذِينَ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ لَا يَسْتَجِيبُونَ لَهُمْ بِشَيْءٍ إِلَّا كَبَاسِطِ كَفَّيْهِ إِلَى الْمَاءِ لِيَبْلُغَ فَاهُ وَمَا هُوَ بِبَالِغِهِ ۚ وَمَا دُعَاءُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ
Чыныгы дуба (ибадаттар) Өзүнө гана ылайык! Дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлары» аларды(н дубаларын) укпайт. Алар оозуна жетиши үчүн сууга алакан созуп, бирок суу ага жетпей турган кишиге окшойт. Каапырлардын дубасы (ар дайым) адашуучулукта!
13:14 -
وَلِلَّهِ يَسْجُدُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ طَوْعًا وَكَرْهًا وَظِلَالُهُمْ بِالْغُدُوِّ وَالْآصَالِ ۩
Асмандарда жана, жерде болгондун бардыгы кааласа да, каалабаса да Аллахка сажда кылышат. Эрте менен жана кечинде Аллахка алардын (бардык нерсенин) көлөкөлөрү да (ийилип) сажда кылышат.
13:15 -
قُلْ مَنْ رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ قُلِ اللَّهُ ۚ قُلْ أَفَاتَّخَذْتُمْ مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ لَا يَمْلِكُونَ لِأَنْفُسِهِمْ نَفْعًا وَلَا ضَرًّا ۚ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الْأَعْمَىٰ وَالْبَصِيرُ أَمْ هَلْ تَسْتَوِي الظُّلُمَاتُ وَالنُّورُ ۗ أَمْ جَعَلُوا لِلَّهِ شُرَكَاءَ خَلَقُوا كَخَلْقِهِ فَتَشَابَهَ الْخَلْقُ عَلَيْهِمْ ۚ قُلِ اللَّهُ خَالِقُ كُلِّ شَيْءٍ وَهُوَ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ
Айт: «Асмандар жана жердин Раббиси (жаратуучусу) ким?» Айткын: «Аллах!» Айт: «Өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган Аллахтан башкаларды дос-башчы тутуп алдыңарбы?» Айт: «Сокур менен көрүүчү, караңгылык менен нур тең боло алабы?» Же болбосо алар Аллахка (башка «кудайларды») шерик кылышып, (булар деле) Аллах жараткандай жарата алат» (деп ойлоштубу?) Анан (өз сөздөрүнө өздөрү ишене албай) жаратылыш аларга күмөндүү болуп калдыбы?» Айт: «Бардык нерселердин жаратуучусу Аллах! Ал Жалгыз, бардыгын Жеңүчүү!»
13:16 -
أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَسَالَتْ أَوْدِيَةٌ بِقَدَرِهَا فَاحْتَمَلَ السَّيْلُ زَبَدًا رَابِيًا ۚ وَمِمَّا يُوقِدُونَ عَلَيْهِ فِي النَّارِ ابْتِغَاءَ حِلْيَةٍ أَوْ مَتَاعٍ زَبَدٌ مِثْلُهُ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ الْحَقَّ وَالْبَاطِلَ ۚ فَأَمَّا الزَّبَدُ فَيَذْهَبُ جُفَاءً ۖ وَأَمَّا مَا يَنْفَعُ النَّاسَ فَيَمْكُثُ فِي الْأَرْضِ ۚ كَذَٰلِكَ يَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ
(Аллах) асмандан суу түшүрдү. Жылгаларда көлөмүнө карап суулар акты. Сел үстүнө калдайган (бирок, ичи көндөй) көбүктөрдү көтөрдү. (Адамдар) зыйнат-буюм жасоо үчүн от жагып эрите турган нерселерден да ошондой көбүк чыгат. Аллах Акыйкат менен адашууга мына ушинтип мисал келтирет. Көбүк кургап-кургап жок болот. Адамдарга пайдалуу (асыл) нерселер болсо жер бетинде калат. Аллах мына ушинтип мисал келтирет.
13:17 -
لِلَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِرَبِّهِمُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَالَّذِينَ لَمْ يَسْتَجِيبُوا لَهُ لَوْ أَنَّ لَهُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لَافْتَدَوْا بِهِ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ سُوءُ الْحِسَابِ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ الْمِهَادُ
(Дин-ыйманды кабыл алып) Раббисине жооп берген адамдар үчүн (эки дүйнөдө) жакшылык бар. Ал эми, Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктын эки эсесин өзү(нүн күнөөлөрү) үчүн тапшырса да (кабыл алынбайт)! Алар үчүн эң жаман эсептешүү бар! Алардын орду - тозок! Кандай жаман орун!
13:18
Котормо: Шамсуддин Хакимов