Катталуу, бет 249
-
المر ۚ تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ ۗ وَالَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ الْحَقُّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يُؤْمِنُونَ
Алиф, Лам, Раа. Булар - Китеп аяттары. Жана (оо, Мухаммад), сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран) Акыйкат. Бирок, (буга) көпчүлүк адамдар ишенишпейт.
13:1 -
اللَّهُ الَّذِي رَفَعَ السَّمَاوَاتِ بِغَيْرِ عَمَدٍ تَرَوْنَهَا ۖ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ ۖ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ ۖ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى ۚ يُدَبِّرُ الْأَمْرَ يُفَصِّلُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ بِلِقَاءِ رَبِّكُمْ تُوقِنُونَ
Аллах силер көрүп турган асмандарды тирөөчсүз көтөрдү. Андан кийин Арштан бийик болду. Жана Күн менен Айды (пенделердин пайдаларына) моюн сундурду. Алардын ар бири (Кудуреттүү Кудайдын башкаруусу менен) белгиленген убакытка (Кыяматка) чейин (мейкиидикте сүзүп) жүрө берет. (Аллах) иштерди башкарат. Раббиңерге жолугууну анык-айкын билип алууңар үчүн аят-далилдерди анык, толук көргөзүп берет.
13:2 -
وَهُوَ الَّذِي مَدَّ الْأَرْضَ وَجَعَلَ فِيهَا رَوَاسِيَ وَأَنْهَارًا ۖ وَمِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ جَعَلَ فِيهَا زَوْجَيْنِ اثْنَيْنِ ۖ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Жана Ал жерди(н бетин) жайык кылып ага тоолорду, дарыяларды жаратты. Жер бетине ар түрдүү мөмөлөрдөн эки түгөй жаратты. (Жана) Ал күндүздү түн менен ороп койот. Албетте, ушуларда пикирин иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын даанышмандыгына жана кудуретинде) далилдер бар.
13:3 -
وَفِي الْأَرْضِ قِطَعٌ مُتَجَاوِرَاتٌ وَجَنَّاتٌ مِنْ أَعْنَابٍ وَزَرْعٌ وَنَخِيلٌ صِنْوَانٌ وَغَيْرُ صِنْوَانٍ يُسْقَىٰ بِمَاءٍ وَاحِدٍ وَنُفَضِّلُ بَعْضَهَا عَلَىٰ بَعْضٍ فِي الْأُكُلِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Жана жер бетинде бири-бирине жакын айдоо жерлер, жүзүм бактар, эгиндер жана бутактуу-бутаксыз курмалар бар. (Алар) бир (топуракта өсүп, бир түрдүү) суу менен сугарылат. Жегенде Биз алардын кээ бирин башкаларынан артыгыраак кылып койобуз. Чынында, бул нерселерде акылын иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
13:4 -
وَإِنْ تَعْجَبْ فَعَجَبٌ قَوْلُهُمْ أَإِذَا كُنَّا تُرَابًا أَإِنَّا لَفِي خَلْقٍ جَدِيدٍ ۗ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ كَفَرُوا بِرَبِّهِمْ ۖ وَأُولَٰئِكَ الْأَغْلَالُ فِي أَعْنَاقِهِمْ ۖ وَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Эгер (ушунча далилдерден кийин деле ыйман келтирбегендердин жоругун) «таң калычтуу» десең, ыймансыздардын «биз топурак болуп калгандан кийин кайрадан жаратылабызбы» деген сөздөрү (андан бетер) таң калычтуу. Алар Раббилерине каапыр болгон адамдар! Алардын мойнунда (ыйманына тоскоол болгон, дүйнө) кишендер(и) бар. (Ошондуктан,) алар тозок ээлери жана анда түбөлүк калышат!
13:5
Котормо: Шамсуддин Хакимов