Катталуу, бет 205
-
التَّائِبُونَ الْعَابِدُونَ الْحَامِدُونَ السَّائِحُونَ الرَّاكِعُونَ السَّاجِدُونَ الْآمِرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَالنَّاهُونَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَالْحَافِظُونَ لِحُدُودِ اللَّهِ ۗ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ
(Ар убакытта күнөө-каталарынан) тообо кылуучулар, (Аллахтын Өзүнө гана) ибадат кылуучулар, (жеңилдик-оорчулукта) шүгүр кылуучулар, орозо кармоочулар, рукууь жана сажда кылуучулар, (Аллах жана пайгамбары буюрган бардык) жакшылыктарга буюруучулар жана (бардык) жамандыктардан кайтаруучулар жана Аллахтын чек-чегараларын сактоочулар… (ушундай) момундарга (бейиштен) кушкабар бер!
9:112 -
مَا كَانَ لِلنَّبِيِّ وَالَّذِينَ آمَنُوا أَنْ يَسْتَغْفِرُوا لِلْمُشْرِكِينَ وَلَوْ كَانُوا أُولِي قُرْبَىٰ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُمْ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ
Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга – эгер (ал мушрик) жакын тууганы болсо да – эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин.
9:113 -
وَمَا كَانَ اسْتِغْفَارُ إِبْرَاهِيمَ لِأَبِيهِ إِلَّا عَنْ مَوْعِدَةٍ وَعَدَهَا إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ أَنَّهُ عَدُوٌّ لِلَّهِ تَبَرَّأَ مِنْهُ ۚ إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَأَوَّاهٌ حَلِيمٌ
Ибрахим атасынын күнөөсүн сураган болсо, ага берген убадасы бар эле. Качан ага атасы Аллахтын душманы экени билингенде, андан «кол жууду». Чынында, Ибрахим Раббисине кайтуучу, ырайымдуу эле.
9:114 -
وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُضِلَّ قَوْمًا بَعْدَ إِذْ هَدَاهُمْ حَتَّىٰ يُبَيِّنَ لَهُمْ مَا يَتَّقُونَ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Аллах (эч бир) коомду туура жолго баштагандан кийин, качан аларга сактануучу нерселерин анык баяндап бермейинче адаштырбайт. (Аллах “сактангыла” деген күнөөлөрдөн сактанбай коюшса гана адаштырат). Албетте, Аллах - ар бир нерсени Билүүчү.
9:115 -
إِنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۚ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Чынында, асмандар жана Жер мүлкүнүн баары Аллахка таандык. (Ал) жашоо жана өлүм берет. Силерге Аллахтан башка эч бир (пайда берүүчү) Башчы да, (зыяндан сактоочу) Жардамчы да жок!
9:116 -
لَقَدْ تَابَ اللَّهُ عَلَى النَّبِيِّ وَالْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ الَّذِينَ اتَّبَعُوهُ فِي سَاعَةِ الْعُسْرَةِ مِنْ بَعْدِ مَا كَادَ يَزِيغُ قُلُوبُ فَرِيقٍ مِنْهُمْ ثُمَّ تَابَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّهُ بِهِمْ رَءُوفٌ رَحِيمٌ
Аллах пайгамбардын, мухажирлердин жана ансарлардын тообосун кабыл алды. Алар ага (пайгамбарга) араларындагы бир тайпа адамдардын жүрөгү (акыйкаттан) тайып кете жаздагандан кийинки оор сааттарда ээрчиген эле. Кийин Аллах алардын тообосун кабыл алды. Чынында Аллах аларга Ырайымдуу, Боорукер.
9:117
Котормо: Шамсуддин Хакимов