Катталуу, бет 206
-
وَعَلَى الثَّلَاثَةِ الَّذِينَ خُلِّفُوا حَتَّىٰ إِذَا ضَاقَتْ عَلَيْهِمُ الْأَرْضُ بِمَا رَحُبَتْ وَضَاقَتْ عَلَيْهِمْ أَنْفُسُهُمْ وَظَنُّوا أَنْ لَا مَلْجَأَ مِنَ اللَّهِ إِلَّا إِلَيْهِ ثُمَّ تَابَ عَلَيْهِمْ لِيَتُوبُوا ۚ إِنَّ اللَّهَ هُوَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ
Жана Аллах (Табук казатынан) калып калган үч кишинин тообосун да кабыл алды. (Ошого чейин) аларга жер (жүзү ушунчалык) кеңдиги менен тарлык кылып, жүрөктөрү да кысылып калган. Жана алар Аллахтын Өзүнө гана жалбаруу керектигин түшүнүштү. (Ыклас менен) тообо кылышканы себептүү Аллах алардын тооболорун кабыл алды. Аллах, чынында тообону кабыл алуучу, Ырайымдуу.
9:118 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَكُونُوا مَعَ الصَّادِقِينَ
Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана чынчылдар менен болгула!
9:119 -
مَا كَانَ لِأَهْلِ الْمَدِينَةِ وَمَنْ حَوْلَهُمْ مِنَ الْأَعْرَابِ أَنْ يَتَخَلَّفُوا عَنْ رَسُولِ اللَّهِ وَلَا يَرْغَبُوا بِأَنْفُسِهِمْ عَنْ نَفْسِهِ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ لَا يُصِيبُهُمْ ظَمَأٌ وَلَا نَصَبٌ وَلَا مَخْمَصَةٌ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا يَطَئُونَ مَوْطِئًا يَغِيظُ الْكُفَّارَ وَلَا يَنَالُونَ مِنْ عَدُوٍّ نَيْلًا إِلَّا كُتِبَ لَهُمْ بِهِ عَمَلٌ صَالِحٌ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُحْسِنِينَ
Медина (шаарынын) эли менен алардын айланасында жашаган бедуиндер үчүн (казат мезгилинде) Аллахтын пайгамбарынан калып калышы жана (жыргал жашоодо) өздөрү менен өздөрү убара болушу эч ылайыктуу (иш) эмес! Мунун себеби эгер алар Аллах жолунда чаңкоого, чарчоого, же ачкалыкка кабылышса, же каапырлардын кыжырын кайнатып (жихад үчүн, азбы-көппү) жерлерди басып өтсө да, же болбосо (согушта) душмандардын эсебинен (жеңиш, туткун, олжо сыяктуу) нерселерге жетишсе да, ушул себептүү аларга жакшы (сооп) иш жазылат. Албетте, Аллах жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт.
9:120 -
وَلَا يُنْفِقُونَ نَفَقَةً صَغِيرَةً وَلَا كَبِيرَةً وَلَا يَقْطَعُونَ وَادِيًا إِلَّا كُتِبَ لَهُمْ لِيَجْزِيَهُمُ اللَّهُ أَحْسَنَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
(Ушул жихад жолунда) чоңбу, кичинеби, (кандайдыр) бир садака (кошумча) кылса же бир өрөөндөрдөн басып өтсө, Аллах аларга эң жакшы иштери себептүү сыйлык бериши үчүн, (бул иштери) аларга (сооп болуп) жазылат.
9:121 -
وَمَا كَانَ الْمُؤْمِنُونَ لِيَنْفِرُوا كَافَّةً ۚ فَلَوْلَا نَفَرَ مِنْ كُلِّ فِرْقَةٍ مِنْهُمْ طَائِفَةٌ لِيَتَفَقَّهُوا فِي الدِّينِ وَلِيُنْذِرُوا قَوْمَهُمْ إِذَا رَجَعُوا إِلَيْهِمْ لَعَلَّهُمْ يَحْذَرُونَ
Ыймандуулардын бардыгынын (согушка) чыгып кетүүсү жарабайт. Алардын ар бир жамааттарынан бирден тайпалар чыкса (жетиштүү) болбойбу?! (Башкалары) динди жакшы үйрөнүү үчүн жана коомуна кайтып келгенде эскертүү үчүн (калышпайбы?) (Ошондо) Аллахтын азабынан сактанышса ажеп эмес!
9:122
Котормо: Шамсуддин Хакимов