Катталуу, бет 204

  1. وَالَّذِينَ اتَّخَذُوا مَسْجِدًا ضِرَارًا وَكُفْرًا وَتَفْرِيقًا بَيْنَ الْمُؤْمِنِينَ وَإِرْصَادًا لِمَنْ حَارَبَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ مِنْ قَبْلُ ۚ وَلَيَحْلِفُنَّ إِنْ أَرَدْنَا إِلَّا الْحُسْنَىٰ ۖ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ

    Дагы ушундай кишилер бар, алар (Исламга) зыян жеткирүү үчүн, каапырчылык(ты күчөтүү) үчүн, момундардын арасын бөлүп-жаруу үчүн жана да мындан (бир аз) мурун Аллах жана Анын пайгамбарына каршы күрөшкөн адамга жардам берүү үчүн мечит курушту жана “биз жакшылыкты (ал мечитте кедейлерге кайрымдуулук көргөзүүнү) ниет кылган элек” деп ант ичишти. Аллах алардын жалганчы экенине күбөлүк берет.

    9:107
  2. لَا تَقُمْ فِيهِ أَبَدًا ۚ لَمَسْجِدٌ أُسِّسَ عَلَى التَّقْوَىٰ مِنْ أَوَّلِ يَوْمٍ أَحَقُّ أَنْ تَقُومَ فِيهِ ۚ فِيهِ رِجَالٌ يُحِبُّونَ أَنْ يَتَطَهَّرُوا ۚ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُطَّهِّرِينَ

    Сен (о, Мухаммад,) ал мечитте (эч качан намазга) турбагын. Эң абалкы (өзүң келген) күндөн эле такыбалыктын үстүнө курулган (Кубадагы) мечит сен анда турууга ылайыгыраак. Анда (денесин жана рухун) тазартууну сүйгөн адамдар бар. Аллах таза-пакиза адамдарды сүйөт.

    9:108
  3. أَفَمَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىٰ تَقْوَىٰ مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانٍ خَيْرٌ أَمْ مَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىٰ شَفَا جُرُفٍ هَارٍ فَانْهَارَ بِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ ۗ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

    Ким жакшыраак? Өзүнүн имаратын Аллахтан коркуунун жана ыраазычылыгынын үстүнө курган адамбы, же болбосо, кулап-көчүп бараткан жардын кырына куруп, анысы менен бирге өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!

    9:109
  4. لَا يَزَالُ بُنْيَانُهُمُ الَّذِي بَنَوْا رِيبَةً فِي قُلُوبِهِمْ إِلَّا أَنْ تَقَطَّعَ قُلُوبُهُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

    Алардын (мунафыктардын) “курулуш-(имарат)тары” тээ жүрөктөрү (бушайман-тоободон) барчаланып кеткенге чейин жүрөктөрүндө шек-күмөн болуп кала берет. Аллах – Билүүчү, Даанышман.

    9:110
  5. إِنَّ اللَّهَ اشْتَرَىٰ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ أَنْفُسَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ بِأَنَّ لَهُمُ الْجَنَّةَ ۚ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَيَقْتُلُونَ وَيُقْتَلُونَ ۖ وَعْدًا عَلَيْهِ حَقًّا فِي التَّوْرَاةِ وَالْإِنْجِيلِ وَالْقُرْآنِ ۚ وَمَنْ أَوْفَىٰ بِعَهْدِهِ مِنَ اللَّهِ ۚ فَاسْتَبْشِرُوا بِبَيْعِكُمُ الَّذِي بَايَعْتُمْ بِهِ ۚ وَذَٰلِكَ هُوَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

    Чынында, Аллах ыймандуулардын жандары менен мал-мүлктөрүн, аларга бейишти берүү менен сатып алат. Алар Аллах жолунда согушуп, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. (Жан, мал барабарына бейиштин берилиши) Тоорат, Инжил жана Курандагы Аллахтын анык убадасы. Өз убадасын Аллахтан жакшыраак ким аткара алат? (Оо, ыймандуулар!) Ошондуктан (Аллах) менен кылган соодаңарга сүйүнгүлө! Бул (сооданын ишке ашуусу) – чоң жеңиш!

    9:111

Котормо: Шамсуддин Хакимов