Катталуу, бет 17

  1. مَا نَنْسَخْ مِنْ آيَةٍ أَوْ نُنْسِهَا نَأْتِ بِخَيْرٍ مِنْهَا أَوْ مِثْلِهَا ۗ أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Эгер Биз (Курандан) бир аятты “насх” кылсак (өкүмүн жойсок) же аны (пенделерге) унуттурсак (анын ордуна) андан да жакшыраагын же болбосо ошого окшогонун келтиребиз. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү экенин билбедиңби?

    2:106
  2. أَلَمْ تَعْلَمْ أَنَّ اللَّهَ لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ

    Асмандар жана жер өкүмдарлыгы (жалгыз) Аллахка таандык экенин жана силерге Аллахтан башка эч бир кожоюн, эч бир жардамчы жок экенин билбейсиңби?!

    2:107
  3. أَمْ تُرِيدُونَ أَنْ تَسْأَلُوا رَسُولَكُمْ كَمَا سُئِلَ مُوسَىٰ مِنْ قَبْلُ ۗ وَمَنْ يَتَبَدَّلِ الْكُفْرَ بِالْإِيمَانِ فَقَدْ ضَلَّ سَوَاءَ السَّبِيلِ

    Же болбосо (оо, ыймандуулар), пайгамбарыңарга, мурун Мусага (яхудилер тарабынан каяша) суроо берилгени сыяктуу суроо узатууну каалайсыңарбы?! Ким ыйманды каапырчылыкка алмаштырса, туура жолдон адашканы ошол.

    2:108
  4. وَدَّ كَثِيرٌ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَوْ يَرُدُّونَكُمْ مِنْ بَعْدِ إِيمَانِكُمْ كُفَّارًا حَسَدًا مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْحَقُّ ۖ فَاعْفُوا وَاصْفَحُوا حَتَّىٰ يَأْتِيَ اللَّهُ بِأَمْرِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Китеп ээлеринен көпчүлүгү, аларга чындык анык билинип калгандан кийин деле, көралбастыктарынан улам, силерди момун болгонуңардан соң каапырчылыкка кайтарууну абдан каалашат. Бирок, силер Аллахтын өкүмү келгиче аларды кечирип, көтөрүмдүү болуп тургула. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

    2:109
  5. وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ ۚ وَمَا تُقَدِّمُوا لِأَنْفُسِكُمْ مِنْ خَيْرٍ تَجِدُوهُ عِنْدَ اللَّهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

    Намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле. Өзүңөр үчүн эмне жакшылык жасасаңар, аны Аллахтын алдында (сооп иретинде) табасыңар. Албетте, Аллах силердин бардык ишиңерди Көрүүчү.

    2:110
  6. وَقَالُوا لَنْ يَدْخُلَ الْجَنَّةَ إِلَّا مَنْ كَانَ هُودًا أَوْ نَصَارَىٰ ۗ تِلْكَ أَمَانِيُّهُمْ ۗ قُلْ هَاتُوا بُرْهَانَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    (Китеп ээлери) “Бейишке яхудилер же христиандар гана кирет” дешти. Бул алардын кыялдарынан башка эмес. Сен (оо, Мухаммад, аларга) айт: “Эгер сөзүңөр чын болсо, анда далилиңерди алып келгиле!”

    2:111
  7. بَلَىٰ مَنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ فَلَهُ أَجْرُهُ عِنْدَ رَبِّهِ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

    Андай эмес! Кимде-ким жакшылык жасаган абалда Аллахка жүзүн (өзүн) толук багынтып, иштерин Аллах үчүн калыс кылса, ал үчүн Раббисинин алдында сообу (бейиши) даяр. Аларга эч коркунуч болбойт жана эч кайгы-капага батышпайт.

    2:112

Котормо: Шамсуддин Хакимов