Катталуу, бет 18
-
وَقَالَتِ الْيَهُودُ لَيْسَتِ النَّصَارَىٰ عَلَىٰ شَيْءٍ وَقَالَتِ النَّصَارَىٰ لَيْسَتِ الْيَهُودُ عَلَىٰ شَيْءٍ وَهُمْ يَتْلُونَ الْكِتَابَ ۗ كَذَٰلِكَ قَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ مِثْلَ قَوْلِهِمْ ۚ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ
Яхудилер: “Христиандар чындыктын үстүндө эмес” дешет. Христиандар болсо “Яхудилер чындыктын үстүндө эмес” дешет. Дагы алар Китеп (Тоорат жана Инжил) окушат! (Китеп окууну) билбей турган адамдар (мушриктер) да ошолордун сөзүндөй сөз сүйлөшөт. Кыяматта алардын талашкан маселелери жөнүндө Аллах (Өзү гана) өкүм кылат.
2:113 -
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ مَنَعَ مَسَاجِدَ اللَّهِ أَنْ يُذْكَرَ فِيهَا اسْمُهُ وَسَعَىٰ فِي خَرَابِهَا ۚ أُولَٰئِكَ مَا كَانَ لَهُمْ أَنْ يَدْخُلُوهَا إِلَّا خَائِفِينَ ۚ لَهُمْ فِي الدُّنْيَا خِزْيٌ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Анын ичинде Өз(үнүн улуу) ысымы зикир кылына турган Аллахтын мечиттеринен тыйган жана аларды бузуп-талкалоого аракет кылган адамдардан өткөн заалым (каапыр) барбы?! Алар мечиттерге Аллахтан корккон абалда гана кирүүгө мүмкүн. Алар үчүн бул дүйнөдө шерменделик, акыретте чоң азап бар.
2:114 -
وَلِلَّهِ الْمَشْرِقُ وَالْمَغْرِبُ ۚ فَأَيْنَمَا تُوَلُّوا فَثَمَّ وَجْهُ اللَّهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ وَاسِعٌ عَلِيمٌ
Чыгыш дагы, Батыш дагы Аллахка таандык. Кай тарапка жүз бурсаңар, Аллахтын Жүзү (кыбыласы) ошол жакта. Албетте, Аллах (тааланын пазилети) Кенен (жана Ал бардыгын) Билүүчү.
2:115 -
وَقَالُوا اتَّخَذَ اللَّهُ وَلَدًا ۗ سُبْحَانَهُ ۖ بَلْ لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ كُلٌّ لَهُ قَانِتُونَ
(Яхудилер, христиандар жана мушриктер) “Аллахтын баласы бар” - дешет. Аллах (алар сыпаттаган кемчиликтерден) Таза. Тескерисинче, Жер жана асмандардагы бардык нерселер Аныкы (жана) бардыгы Ага моюн сунат.
2:116 -
بَدِيعُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ وَإِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Аллах асмандар жана жердин Жаратуучусу. Эгер бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болот.
2:117 -
وَقَالَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ لَوْلَا يُكَلِّمُنَا اللَّهُ أَوْ تَأْتِينَا آيَةٌ ۗ كَذَٰلِكَ قَالَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ مِثْلَ قَوْلِهِمْ ۘ تَشَابَهَتْ قُلُوبُهُمْ ۗ قَدْ بَيَّنَّا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ
Наадан адамдар (Мекке мушриктери) “Кана эми, Аллах бизге сүйлөсө же бизге (Аллахтан) аян-белгилер келсе!” - дешет. Алардан мурункулар да ушулардын сөзүнө окшогон сөздөрдү айтышкан. Бардыгынын жүрөгү окшош. Биз далилдерди анык ишенгендерге баяндадык.
2:118 -
إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ بِالْحَقِّ بَشِيرًا وَنَذِيرًا ۖ وَلَا تُسْأَلُ عَنْ أَصْحَابِ الْجَحِيمِ
(Оо, Мухаммад!) Биз сени чындык менен (өзүңө ээрчигендерге бейиштен) куш кабар айтуучу жана (сага каршы чыккандарга тозок жөнүндө) коркунучтуу кабар жеткирүүчү кылып жибердик. Сен тозокко түшүүчүлөр үчүн жоопкер эмессиң.
2:119
Котормо: Шамсуддин Хакимов