Катталуу, бет 16
-
وَاتَّبَعُوا مَا تَتْلُو الشَّيَاطِينُ عَلَىٰ مُلْكِ سُلَيْمَانَ ۖ وَمَا كَفَرَ سُلَيْمَانُ وَلَٰكِنَّ الشَّيَاطِينَ كَفَرُوا يُعَلِّمُونَ النَّاسَ السِّحْرَ وَمَا أُنْزِلَ عَلَى الْمَلَكَيْنِ بِبَابِلَ هَارُوتَ وَمَارُوتَ ۚ وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنْ أَحَدٍ حَتَّىٰ يَقُولَا إِنَّمَا نَحْنُ فِتْنَةٌ فَلَا تَكْفُرْ ۖ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنْهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِ بَيْنَ الْمَرْءِ وَزَوْجِهِ ۚ وَمَا هُمْ بِضَارِّينَ بِهِ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنْفَعُهُمْ ۚ وَلَقَدْ عَلِمُوا لَمَنِ اشْتَرَاهُ مَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ مِنْ خَلَاقٍ ۚ وَلَبِئْسَ مَا شَرَوْا بِهِ أَنْفُسَهُمْ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ
Сулайман(пайгамбар)дын падышалык доорунда шайтандар үйрөткөн нерселерге (сыйкырга) ээрчип калышты. Сулайман каапыр (сыйкырчы) болгон эмес, бирок, адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр болушкан. Вавилондогу Харут жана Марут (деген) эки периштеге түшүрүлгөн нерсеге (сыйкырга ээрчип калышты.) Ал экөө “Биз фитна (адамдарды сыноо үчүн жиберилгендер) болобуз (сыйкырды үйрөнүп) каапыр болуп калбагыла” деп (насаат) айтпай туруп эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Ошентсе да, (яхудилер) алардан эрди-катындын арасын ажырата турган нерселерди үйрөнүшөт. Алар (сыйкырды үйрөнгөн яхудилер) Аллахтын уруксаты болмоюнча, аны менен эч кимге зыян жеткире алышпайт. Жана алар пайдалуу нерсени эмес, өздөрүнө зыян жеткире турган нерселерди үйрөнүштү. Алар, (яхудилер) аны (сыйкырды) сатып алгандар үчүн Акыретте насип жок экенин билишет болчу. Жандарынын (азапка калуусунун) эсебине сатып алган нерселери кандай жаман! Алар муну билишсе кана!
2:102 -
وَلَوْ أَنَّهُمْ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَمَثُوبَةٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ خَيْرٌ ۖ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ
Кана эми, алар ыйманга келип, такыба болушса! Аллах тарабынан болгон сооптор жакшы эле го! Кана эми, алар муну билишсе!
2:103 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَقُولُوا رَاعِنَا وَقُولُوا انْظُرْنَا وَاسْمَعُوا ۗ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Оо, ыйман келтиргендер! “Раинаа” дебегиле, “унзурнаа” дегиле. Жана (Аллахтын аяттары менен пайгамбардын хадистерин) уккула. Каапырларга жан ооруткан азап бар.
2:104 -
مَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ وَلَا الْمُشْرِكِينَ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْكُمْ مِنْ خَيْرٍ مِنْ رَبِّكُمْ ۗ وَاللَّهُ يَخْتَصُّ بِرَحْمَتِهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ
Китеп берилгендер (яхудилер менен христиандар) жана мушриктер (жүрөктөрүндө болгон көралбастык жана жек көрүү себептүү) силерге Раббиңер тарабынан бир жакшылык (вахий) түшүүсүн каалашпайт. (Бирок) Аллах Өз ырайымын Өзү каалаган адамдарга гана атайын тартуу кылат. Аллах улук пазилет Ээси!
2:105
Котормо: Шамсуддин Хакимов