Катталуу, бет 15

  1. قُلْ إِنْ كَانَتْ لَكُمُ الدَّارُ الْآخِرَةُ عِنْدَ اللَّهِ خَالِصَةً مِنْ دُونِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الْمَوْتَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    (Оо, Мухаммад, яхудийлерге) айт: “Эгер (силер ойлогондой) Аллахтын алдындагы акырет жайы (бейиш) башка адамдарга эмес, жалгыз силер үчүн гана болсо, анда өлүмдү тилегилечи, эгер чынчыл болсоңор”.

    2:94
  2. وَلَنْ يَتَمَنَّوْهُ أَبَدًا بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ

    Алар өз колдору менен жасаган (аябай көп күнөө) нерселер себептүү, аны (өлүмдү) эч арзуу кылышпайт. Аллах залым адамдарды Билүүчү!

    2:95
  3. وَلَتَجِدَنَّهُمْ أَحْرَصَ النَّاسِ عَلَىٰ حَيَاةٍ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا ۚ يَوَدُّ أَحَدُهُمْ لَوْ يُعَمَّرُ أَلْفَ سَنَةٍ وَمَا هُوَ بِمُزَحْزِحِهِ مِنَ الْعَذَابِ أَنْ يُعَمَّرَ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ

    Сен аларды (бул) жашоого мушриктерден бетер, адамдардын эң сугалагы экенин көрөсүң. Алардан кээ бирөөлөрү миң жыл жашоону эңсешет. Бирок, аны (ошончо көп) жашоо дагы азаптан ажыратып кала албайт. Аллах алардын бардык иштерин көрүүчү!

    2:96
  4. قُلْ مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِجِبْرِيلَ فَإِنَّهُ نَزَّلَهُ عَلَىٰ قَلْبِكَ بِإِذْنِ اللَّهِ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَهُدًى وَبُشْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ

    Айт: “Кимде-ким Жебирейилге душман болсо (анда, Аллахтын Өзүнө душман! Анткени,) ал (периште) сенин жүрөгүңө, өзүнөн мурунку китептерди тастыктаган жана ыймандуулар үчүн туура жол, кушкабар болгон Куранды, Аллахтын гана уруксаты менен түшүргөн.

    2:97
  5. مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِلَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَرُسُلِهِ وَجِبْرِيلَ وَمِيكَالَ فَإِنَّ اللَّهَ عَدُوٌّ لِلْكَافِرِينَ

    Кимде-ким Аллахка, Анын периштелерине, пайгамбарларына, Жебирейилге жана Мекаилге душман болсо, анда Аллах (ал) каапырларга албетте, душман!

    2:98
  6. وَلَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ ۖ وَمَا يَكْفُرُ بِهَا إِلَّا الْفَاسِقُونَ

    Биз сага анык аян-далилдерди түшүрдүк. Эми аларга бузуку адамдар гана каапыр болушат.

    2:99
  7. أَوَكُلَّمَا عَاهَدُوا عَهْدًا نَبَذَهُ فَرِيقٌ مِنْهُمْ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

    Алар ар качан (Аллах таалага) ант-убада беришсе, алардан бир бөлүгү (кайра-кайра) буза беришеби?! Чынында, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт.

    2:100
  8. وَلَمَّا جَاءَهُمْ رَسُولٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ مُصَدِّقٌ لِمَا مَعَهُمْ نَبَذَ فَرِيقٌ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ كِتَابَ اللَّهِ وَرَاءَ ظُهُورِهِمْ كَأَنَّهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

    Качан аларга Аллах тарабынан алардагы нерсени (Тооратты) тастыктаган элчи (Мухаммад) келгенде, Китеп берилген адамдардан (көпчүлүк) бөлүгү Аллахтын (Куран) китебин билмексен болуп, аркасына таштап коюшту. (Ким чындыкка көнбөсө, жалганга көнүп калат. Яхудилер дал ушундай абалга туш болушту. Аллахтын акыйкат китебин таштап коюшту эле...)

    2:101

Котормо: Шамсуддин Хакимов