Катталуу, бет 159
-
أُبَلِّغُكُمْ رِسَالَاتِ رَبِّي وَأَنَا لَكُمْ نَاصِحٌ أَمِينٌ
Мен силерге Раббимдин буйруктарын жеткиремин жана ишенимдүү насаатчымын.
7:68 -
أَوَعَجِبْتُمْ أَنْ جَاءَكُمْ ذِكْرٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَلَىٰ رَجُلٍ مِنْكُمْ لِيُنْذِرَكُمْ ۚ وَاذْكُرُوا إِذْ جَعَلَكُمْ خُلَفَاءَ مِنْ بَعْدِ قَوْمِ نُوحٍ وَزَادَكُمْ فِي الْخَلْقِ بَسْطَةً ۖ فَاذْكُرُوا آلَاءَ اللَّهِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ
Эмне, Раббиңердин эскертүүсү, өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди (тозоктон) коркутуу үчүн – келгени силерди таң калтырдыбы? Эстегиле, Аллах силерди Нух коомунун артынан орун басар кылды. Жана силерди калктардын арасында күч-кубаттууу кылды. Эми, Аллахтын (ушул) жакшылыктарын эстегиле! (Ошондо тозоктон) кутулуп калаарсыңар!”
7:69 -
قَالُوا أَجِئْتَنَا لِنَعْبُدَ اللَّهَ وَحْدَهُ وَنَذَرَ مَا كَانَ يَعْبُدُ آبَاؤُنَا ۖ فَأْتِنَا بِمَا تَعِدُنَا إِنْ كُنْتَ مِنَ الصَّادِقِينَ
(Каапырлар) айтышты: “Сен бизге, жалгыз Аллахка ибадат кылуубуз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды таштообуз үчүн келдиңби?! Эгер чынчылдардан болсоң, бизге убада кылган балээлериңди алып келчи, кана?!
7:70 -
قَالَ قَدْ وَقَعَ عَلَيْكُمْ مِنْ رَبِّكُمْ رِجْسٌ وَغَضَبٌ ۖ أَتُجَادِلُونَنِي فِي أَسْمَاءٍ سَمَّيْتُمُوهَا أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمْ مَا نَزَّلَ اللَّهُ بِهَا مِنْ سُلْطَانٍ ۚ فَانْتَظِرُوا إِنِّي مَعَكُمْ مِنَ الْمُنْتَظِرِينَ
Ал (Худ) айтты: “Мына эми, башыңарга Раббиңердин каар-казабы анык түштү! Кудай экенине Аллах эч бир далил түшүрбөгөн, силер жана ата-бабаңар (“кудай” деп) атап алган ысымдар жөнүндө мени менен талашып жатасыңарбы?! Болуптур, күткүлө! Мен да силер менен бирге күтөйүн!
7:71 -
فَأَنْجَيْنَاهُ وَالَّذِينَ مَعَهُ بِرَحْمَةٍ مِنَّا وَقَطَعْنَا دَابِرَ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا ۖ وَمَا كَانُوا مُؤْمِنِينَ
Биз Худ жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду ырайымыбыз менен сактап, аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын «куйругун кесип» койдук. (Анткени,) Алар ыймандуу эмес болчу.
7:72 -
وَإِلَىٰ ثَمُودَ أَخَاهُمْ صَالِحًا ۗ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ قَدْ جَاءَتْكُمْ بَيِّنَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ ۖ هَٰذِهِ نَاقَةُ اللَّهِ لَكُمْ آيَةً ۖ فَذَرُوهَا تَأْكُلْ فِي أَرْضِ اللَّهِ ۖ وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوءٍ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Жана Самуд коомуна өздөрүнүн тууганы Салихти пайгамбар кылдык. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка ибадат кылгыла! Силерге андан башка кудай жок. Силерге Раббиңер тарабынан далил келди: Мына бул Аллахтын төөсү – силерге (Аллахтан) аян-белги. Аны өз эркине койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер силерди жан ооруткан азап кармайт.
7:73
Котормо: Шамсуддин Хакимов