Катталуу, бет 158

  1. وَالْبَلَدُ الطَّيِّبُ يَخْرُجُ نَبَاتُهُ بِإِذْنِ رَبِّهِ ۖ وَالَّذِي خَبُثَ لَا يَخْرُجُ إِلَّا نَكِدًا ۚ كَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَشْكُرُونَ

    (Жери) таза шаардын өсүмдүктөрү Аллахтын уруксаты менен (тез) өнүп чыгат. Ал эми, таза эмес (таштак же шор баскан) жердин өсүмдүгү кыйынчылык менен чыгат. Биз аяттарды шүгүр кылуучу коом үчүн мына ушинтип ачык-айкын баян кылабыз.

    7:58
  2. لَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِ فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ إِنِّي أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

    Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка кудай жок! (Эгер көнбөсөңөр) мен силердин Улуу Күндүн (Кыямат) азабына кабылууңардан корком!”

    7:59
  3. قَالَ الْمَلَأُ مِنْ قَوْمِهِ إِنَّا لَنَرَاكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

    Анын коомунан болгон (текебер) бийлер ага: “Биз сенин анык адашууда экениңди көрүп турабыз” – дешти.

    7:60
  4. قَالَ يَا قَوْمِ لَيْسَ بِي ضَلَالَةٌ وَلَٰكِنِّي رَسُولٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    (Нух) айтты: “О, коомум. Мен адашкан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын.

    7:61
  5. أُبَلِّغُكُمْ رِسَالَاتِ رَبِّي وَأَنْصَحُ لَكُمْ وَأَعْلَمُ مِنَ اللَّهِ مَا لَا تَعْلَمُونَ

    Силерге Раббимдин буйруктарын жеткирип, насаат айтамын жана Аллах тарабынан силер билбеген нерселерди билемин.

    7:62
  6. أَوَعَجِبْتُمْ أَنْ جَاءَكُمْ ذِكْرٌ مِنْ رَبِّكُمْ عَلَىٰ رَجُلٍ مِنْكُمْ لِيُنْذِرَكُمْ وَلِتَتَّقُوا وَلَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

    Эмне, такыба болуп, Аллахтын ырайымына бөлөнүүңөр үчүн Раббиңердин эскертүүсү өзүңөрдүн араңардагы бир (жөнөкөй) адам аркылуу – силерди эскертүү үчүн – келгенине таң калып жатасыңарбы!”

    7:63
  7. فَكَذَّبُوهُ فَأَنْجَيْنَاهُ وَالَّذِينَ مَعَهُ فِي الْفُلْكِ وَأَغْرَقْنَا الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمًا عَمِينَ

    Алар Нухту “жалганчы” – дешти. Кийин Биз аны жана аны менен бирге болгон (ыймандуу) адамдарды кемеде куткарып, аяттарыбызды “жалган” дегендерди (топон сууга) чөктүрүп жибердик. Анткени, алар (дили) сокур коом эле.

    7:64
  8. وَإِلَىٰ عَادٍ أَخَاهُمْ هُودًا ۗ قَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ

    Аад коомуна туугандары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: “О, коомум! Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн андан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок! (Анын азабынан) коркпойсуңарбы?”

    7:65
  9. قَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَوْمِهِ إِنَّا لَنَرَاكَ فِي سَفَاهَةٍ وَإِنَّا لَنَظُنُّكَ مِنَ الْكَاذِبِينَ

    (Ошондо) анын коомунун каапырлары : “Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп ойлойбуз!” – дешти.

    7:66
  10. قَالَ يَا قَوْمِ لَيْسَ بِي سَفَاهَةٌ وَلَٰكِنِّي رَسُولٌ مِنْ رَبِّ الْعَالَمِينَ

    (Худ) айтты: “О, коомум. Мен наадан эмесмин, ааламдардын Раббиси тарабынан (жиберилген) пайгамбармын.

    7:67

Котормо: Шамсуддин Хакимов