Катталуу, бет 157
-
وَلَقَدْ جِئْنَاهُمْ بِكِتَابٍ فَصَّلْنَاهُ عَلَىٰ عِلْمٍ هُدًى وَرَحْمَةً لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Биз ыймандуу коомго туура жол, ырайым болсун деп, аларга Өзүбүз анык баяндаган китепти илимге толтуруп алып келдик.
7:52 -
هَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا تَأْوِيلَهُ ۚ يَوْمَ يَأْتِي تَأْوِيلُهُ يَقُولُ الَّذِينَ نَسُوهُ مِنْ قَبْلُ قَدْ جَاءَتْ رُسُلُ رَبِّنَا بِالْحَقِّ فَهَلْ لَنَا مِنْ شُفَعَاءَ فَيَشْفَعُوا لَنَا أَوْ نُرَدُّ فَنَعْمَلَ غَيْرَ الَّذِي كُنَّا نَعْمَلُ ۚ قَدْ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Алар анын (Курандын алдын ала айтылган) кабарларын гана күтүүдө. Ал кабар (Кыямат) келгенде, мурда аны “унуткан” адамдар: “Раббибиздин пайгамбарлары чындыкты алып келген турбайбы! Эми, бизге күнөөлөрүбүздү кечиртип берүүчү ортомчу табылар бекен?! Же (дүйнөгө) кайтарылар бекенбиз, жасаганыбыздан башка (сооп) иштерди жасап келмекпиз?!” дешет. Алар өздөрүнө зыян кылышты жана оюнан чыгарган “кудайлары” алардан жок болуп кетти!
7:53 -
إِنَّ رَبَّكُمُ اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ يُغْشِي اللَّيْلَ النَّهَارَ يَطْلُبُهُ حَثِيثًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ وَالنُّجُومَ مُسَخَّرَاتٍ بِأَمْرِهِ ۗ أَلَا لَهُ الْخَلْقُ وَالْأَمْرُ ۗ تَبَارَكَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ
Силердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!
7:54 -
ادْعُوا رَبَّكُمْ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُعْتَدِينَ
Раббиңерге жалбаруу менен, купуя дуба (ибадат) кылгыла! Чынында, Ал чектен чыгуучуларды сүйбөйт.
7:55 -
وَلَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ بَعْدَ إِصْلَاحِهَا وَادْعُوهُ خَوْفًا وَطَمَعًا ۚ إِنَّ رَحْمَتَ اللَّهِ قَرِيبٌ مِنَ الْمُحْسِنِينَ
Жер бетинде – аны оңдогондон кийин – бузукулук кылбагыла! (Азабынан) коркуп, (сообунан) үмүт кылып Өзүнө гана дуба кылгыла! Чынында, Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын.
7:56 -
وَهُوَ الَّذِي يُرْسِلُ الرِّيَاحَ بُشْرًا بَيْنَ يَدَيْ رَحْمَتِهِ ۖ حَتَّىٰ إِذَا أَقَلَّتْ سَحَابًا ثِقَالًا سُقْنَاهُ لِبَلَدٍ مَيِّتٍ فَأَنْزَلْنَا بِهِ الْمَاءَ فَأَخْرَجْنَا بِهِ مِنْ كُلِّ الثَّمَرَاتِ ۚ كَذَٰلِكَ نُخْرِجُ الْمَوْتَىٰ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ
Ал ырайымынан кушкабар иретинде (жамгырдын) алдынан шамалдарды жиберет. Качан ал шамалдар оор булуттарды көчүргөндө Биз аларды өлүк (суусаган) шаарларга айдайбыз жана андан жамгыр жаадырып, аны менен ар түркүн мөмөлөрдү чыгарабыз. Биз (кыяматта) өлүктөрдү ушул сыяктуу кайра (жерден) чыгарып алабыз. Ушундан өрнөк алсаңар кана!
7:57
Котормо: Шамсуддин Хакимов