Катталуу, бет 156
-
وَنَادَىٰ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ أَصْحَابَ النَّارِ أَنْ قَدْ وَجَدْنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقًّا فَهَلْ وَجَدْتُمْ مَا وَعَدَ رَبُّكُمْ حَقًّا ۖ قَالُوا نَعَمْ ۚ فَأَذَّنَ مُؤَذِّنٌ بَيْنَهُمْ أَنْ لَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى الظَّالِمِينَ
Бейиштегилер тозоктогуларга: “Бизге Раббибиз убада кылган нерсе (бейиш) чын экенин көрдүк, силер дагы Раббиңер убада кылган нерсени (азап-тозокту) көрдүңөрбү?! – деп добуш кылышты. “Ооба” дешти алар. Ошондо, алардын арасындагы бир жарчы (мындай деп жар салды): “Залымдарга Аллахтын каргышы болсун!
7:44 -
الَّذِينَ يَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَيَبْغُونَهَا عِوَجًا وَهُمْ بِالْآخِرَةِ كَافِرُونَ
Алар Аллахтын жолунан тосуп, аны бузууну каалаган жана Акыретке ишенбеген адамдар болчу!”
7:45 -
وَبَيْنَهُمَا حِجَابٌ ۚ وَعَلَى الْأَعْرَافِ رِجَالٌ يَعْرِفُونَ كُلًّا بِسِيمَاهُمْ ۚ وَنَادَوْا أَصْحَابَ الْجَنَّةِ أَنْ سَلَامٌ عَلَيْكُمْ ۚ لَمْ يَدْخُلُوهَا وَهُمْ يَطْمَعُونَ
Ал экөөсүнүн (бейиш менен тозоктун) ортосунда «Аьраф»(тосмо) бар. “Аьрафтын” үстүндөгү адамдар (бейишилер менен тозокулардын) экөөсүн тең көрүнүшүнөн таанып турушат. Жана бейиштегилерге карап, ага кирбесе да, кирүүнү үмүт кылып: «Ассалому-алейкум»-дешет.
7:46 -
وَإِذَا صُرِفَتْ أَبْصَارُهُمْ تِلْقَاءَ أَصْحَابِ النَّارِ قَالُوا رَبَّنَا لَا تَجْعَلْنَا مَعَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Ал эми, көздөрү тозокулар тарапка бурулуп калса: “О, биздин Рабби! Бизди (мына бул) залымдарга кошуп койбой элең?!” – дешет.
7:47 -
وَنَادَىٰ أَصْحَابُ الْأَعْرَافِ رِجَالًا يَعْرِفُونَهُمْ بِسِيمَاهُمْ قَالُوا مَا أَغْنَىٰ عَنْكُمْ جَمْعُكُمْ وَمَا كُنْتُمْ تَسْتَكْبِرُونَ
Дагы, “Аьрафтагылар” көрүнүшүнөн тааныган (тозоктогу) адамдарга (карап): “Силерге чогулткан дүйнө-мүлкүңөр менен кыйынсынганыңар пайда бербей калыптыр го!
7:48 -
أَهَٰؤُلَاءِ الَّذِينَ أَقْسَمْتُمْ لَا يَنَالُهُمُ اللَّهُ بِرَحْمَةٍ ۚ ادْخُلُوا الْجَنَّةَ لَا خَوْفٌ عَلَيْكُمْ وَلَا أَنْتُمْ تَحْزَنُونَ
Силер ант ичип: “Аларга Аллах ырайымын жеткирбейт” – деген адамдар тиги(бейиштеги)лерби?! (Аларга) “Бейишке киргиле! Силерге коркунуч жок жана кайгы-капага батпайсыңар! (деп айтылып жатпайбы)?!” – дешет.
7:49 -
وَنَادَىٰ أَصْحَابُ النَّارِ أَصْحَابَ الْجَنَّةِ أَنْ أَفِيضُوا عَلَيْنَا مِنَ الْمَاءِ أَوْ مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ ۚ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ حَرَّمَهُمَا عَلَى الْكَافِرِينَ
Тозоктогулар бейиштегилерге жалдырап: “Бизге суудан жана Аллах силерге берген ырыскылардан бир аз кайрымдуулук кылып койгула” – дегенде, алар: “Аллах ал ырыскыларды каапырларга арам кылган,
7:50 -
الَّذِينَ اتَّخَذُوا دِينَهُمْ لَهْوًا وَلَعِبًا وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا ۚ فَالْيَوْمَ نَنْسَاهُمْ كَمَا نَسُوا لِقَاءَ يَوْمِهِمْ هَٰذَا وَمَا كَانُوا بِآيَاتِنَا يَجْحَدُونَ
(себеби) алар диндерин оюн-тамаша кылып алган жана дүйнө(нүн өткөөл) жашоосуна алданган адамдар!” – дешет. (Кийин Аллах айтат:) “Бүгүн биз аларды, аяттарыбызды чанып, ушул күндөрүн унутуп салганы сыяктуу “унутуп” (тозокко таштап) салабыз.
7:51
Котормо: Шамсуддин Хакимов