Катталуу, бет 155
-
قَالَ ادْخُلُوا فِي أُمَمٍ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِكُمْ مِنَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ فِي النَّارِ ۖ كُلَّمَا دَخَلَتْ أُمَّةٌ لَعَنَتْ أُخْتَهَا ۖ حَتَّىٰ إِذَا ادَّارَكُوا فِيهَا جَمِيعًا قَالَتْ أُخْرَاهُمْ لِأُولَاهُمْ رَبَّنَا هَٰؤُلَاءِ أَضَلُّونَا فَآتِهِمْ عَذَابًا ضِعْفًا مِنَ النَّارِ ۖ قَالَ لِكُلٍّ ضِعْفٌ وَلَٰكِنْ لَا تَعْلَمُونَ
(Аллах) айтты: “Силерден мурунку (каапыр) инсандар жана жиндерден турган үммөт менен бирге тозокко киргиле! Ар качан тозокко бир жамаат кирсе (өзүн ушул жолго баштаган) шерик-башчыларына каргыш айтышат. Эми, качан бардыгы тозокто чогулушканда кийинкилери (ээрчигендер) абалкыларына (башчыларына) карап, (Аллахка жалбарып): “О, Рабби! Ушулар бизди жолдон чыгарган. Аларга тозокто ашыгыраак азап бере көр!” дешет. (Аллах) айтат: “Ар бириңерге ашыкчасы бар. Бирок, силер билбейсиңер!”
7:38 -
وَقَالَتْ أُولَاهُمْ لِأُخْرَاهُمْ فَمَا كَانَ لَكُمْ عَلَيْنَا مِنْ فَضْلٍ فَذُوقُوا الْعَذَابَ بِمَا كُنْتُمْ تَكْسِبُونَ
Ал эми, абалкылары (башчылары) кийинкилерине карап: “Силерге биздин үстүбүздө эч кандай абзелдик жок! Жасаган жоругуңарга жараша (биз менен бирдей эле) азап тарта бергиле!” - дешет.
7:39 -
إِنَّ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا وَاسْتَكْبَرُوا عَنْهَا لَا تُفَتَّحُ لَهُمْ أَبْوَابُ السَّمَاءِ وَلَا يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ حَتَّىٰ يَلِجَ الْجَمَلُ فِي سَمِّ الْخِيَاطِ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُجْرِمِينَ
Биздин аяттарыбызды “жалган” деп, текеберленген адамдарга асман эшиктери ачылбайт. Алар төө ийненин тешигинен өтмөйүнчө бейишке кире алышпайт. Биз кылмышкерлерди ушинтип жазалайбыз.
7:40 -
لَهُمْ مِنْ جَهَنَّمَ مِهَادٌ وَمِنْ فَوْقِهِمْ غَوَاشٍ ۚ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِي الظَّالِمِينَ
Аларга тозоктон төшөк, үстүнөн (ошондой) жууркан бар! Биз залым адамдарды ушинтип жазалайбыз!
7:41 -
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ
Ал эми, ыйман келтирип жакшы иштерди жасаган адамдар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Биз эч бир жанды күчү жетпеген ишке буюрбайбыз.
7:42 -
وَنَزَعْنَا مَا فِي صُدُورِهِمْ مِنْ غِلٍّ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهِمُ الْأَنْهَارُ ۖ وَقَالُوا الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي هَدَانَا لِهَٰذَا وَمَا كُنَّا لِنَهْتَدِيَ لَوْلَا أَنْ هَدَانَا اللَّهُ ۖ لَقَدْ جَاءَتْ رُسُلُ رَبِّنَا بِالْحَقِّ ۖ وَنُودُوا أَنْ تِلْكُمُ الْجَنَّةُ أُورِثْتُمُوهَا بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Биз алардын жүрөктөрүнөн (бири-бирине болгон) таарынычтарын сууруп алабыз. Астыларынан дарыялар агып турат. Анан алар: “Бизди ушуга баштаган Аллахга мактоо болсун! Эгер Аллах көргөзбөсө, биз түз жолду тапмак эмеспиз. Бизге Раббибиздин пайгамбарлары акыйкатты алып келген тура!” - дешет. Кийин аларга (мындай деген) добуш угулат: “Ушул – силердин бейиш! Силер (сооп) ишиңер себептүү буга мураскор болдуңар!”
7:43
Котормо: Шамсуддин Хакимов