Сүрө 2 Бакара

  1. بَلَىٰ مَنْ كَسَبَ سَيِّئَةً وَأَحَاطَتْ بِهِ خَطِيئَتُهُ فَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

    Жок! (Андай эмес!) Ким бир күнөө (ширк) кылса жана күнөөлөрү аны ороп-чырмап алган болсо, тозото болушат жана анда түбөлүк калышат!

    2:81
  2. وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْجَنَّةِ ۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

    Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга) ыйман келтирип, салих (жакшы) амалдарды жасагандар бейиш ээлери жана анда түбөлүк калышат.

    2:82
  3. وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَ بَنِي إِسْرَائِيلَ لَا تَعْبُدُونَ إِلَّا اللَّهَ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَذِي الْقُرْبَىٰ وَالْيَتَامَىٰ وَالْمَسَاكِينِ وَقُولُوا لِلنَّاسِ حُسْنًا وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ ثُمَّ تَوَلَّيْتُمْ إِلَّا قَلِيلًا مِنْكُمْ وَأَنْتُمْ مُعْرِضُونَ

    Эстегиле, Биз Исраил урпактарынан “Аллахтан башка Кудайга сыйынбагыла, ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, бей-бечараларга жакшылык кылгыла, адамдарга жакшы сөз айткыла, намазды толук аткаргыла жана зекетти бергиле” деп ант-убада алган элек. Кийин силер – бир аз кишиден башкаңар – жүзүңөрдү үйрүп (каапыр болуп) кеттиңер.

    2:83
  4. وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَكُمْ لَا تَسْفِكُونَ دِمَاءَكُمْ وَلَا تُخْرِجُونَ أَنْفُسَكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ ثُمَّ أَقْرَرْتُمْ وَأَنْتُمْ تَشْهَدُونَ

    Ошондо, Биз силер менен: “Бири-бириңердин каныңарды төкпөйсүңөр, журтуңардан сүргүн кылбайсыңар” деп убадалашканда, силер буга күбө болуп туруп, моюнга алган элеңер.

    2:84
  5. ثُمَّ أَنْتُمْ هَٰؤُلَاءِ تَقْتُلُونَ أَنْفُسَكُمْ وَتُخْرِجُونَ فَرِيقًا مِنْكُمْ مِنْ دِيَارِهِمْ تَظَاهَرُونَ عَلَيْهِمْ بِالْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَإِنْ يَأْتُوكُمْ أُسَارَىٰ تُفَادُوهُمْ وَهُوَ مُحَرَّمٌ عَلَيْكُمْ إِخْرَاجُهُمْ ۚ أَفَتُؤْمِنُونَ بِبَعْضِ الْكِتَابِ وَتَكْفُرُونَ بِبَعْضٍ ۚ فَمَا جَزَاءُ مَنْ يَفْعَلُ ذَٰلِكَ مِنْكُمْ إِلَّا خِزْيٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرَدُّونَ إِلَىٰ أَشَدِّ الْعَذَابِ ۗ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

    Кийин, Оо, силер! Өзүңөрдү (бири-бириңерди) өлтүрүп, өзүңөрдүн бир бөлүгүңөрдү журттарынан сүргүн кылып, күнөө жана зулум менен аларга (шериктештериңерге) жардам берип жатасыңар. Эгер алар (силерге каршы согушкан диндештериңер) силердин алдыңарга туткун болуп келсе, аларга фидья (акы) төлөп чыгарып да аласыңар. Аларды сүргүн кылуу силер үчүн арам кылынган эле го?! Эмне, силер китептин (Тоораттын) бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүнө ишенбейсиңерби?! Силердин араңардан ким бул ишти жасаса, (Китептин бир өкүмүн аткарып, башкасын аткарбаса) анын жазасы бул дүйнө жашоосунда кордук жана Кыяматта катуу азапка жолугушат. Аллах силердин ишиңерден бейкапар эмес.

    2:85
  6. أُولَٰئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوُا الْحَيَاةَ الدُّنْيَا بِالْآخِرَةِ ۖ فَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمُ الْعَذَابُ وَلَا هُمْ يُنْصَرُونَ

    Дал ошолор гана Акыреттин ордуна дүйнө жашоосун сатып алган адамдар! Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга жардам дагы берилбейт!

    2:86
  7. وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ وَقَفَّيْنَا مِنْ بَعْدِهِ بِالرُّسُلِ ۖ وَآتَيْنَا عِيسَى ابْنَ مَرْيَمَ الْبَيِّنَاتِ وَأَيَّدْنَاهُ بِرُوحِ الْقُدُسِ ۗ أَفَكُلَّمَا جَاءَكُمْ رَسُولٌ بِمَا لَا تَهْوَىٰ أَنْفُسُكُمُ اسْتَكْبَرْتُمْ فَفَرِيقًا كَذَّبْتُمْ وَفَرِيقًا تَقْتُلُونَ

    Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана анын артынан (Тоорат менен өкүм кылуучу) пайгамбарларды жибердик. Биз Марямдын уулу Исага да Өзүбүздүн анык моожизаларыбызды берип, аны Ыйык Рух менен колдодук. Ар качан бир пайгамбар силердин каалооңорго жакпаган нерсени (динди) алып келсе, силер (ыйманга келүүдөн) текеберленип жана ал пайгамбарлардан бир бөлүгүн жалганчы деп, айрымдарын өлтүрө бересиңерби?!

    2:87
  8. وَقَالُوا قُلُوبُنَا غُلْفٌ ۚ بَلْ لَعَنَهُمُ اللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَقَلِيلًا مَا يُؤْمِنُونَ

    (Яхудилер) “Жүрөктөрүбүз кулпуланган” дешет. Андай эмес, Аллах аларга каапырчылыктары себептүү наалат жаадырган. (Ошондуктан) алардын өтө азы ыйман келтиришет.

    2:88
  9. وَلَمَّا جَاءَهُمْ كِتَابٌ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ مُصَدِّقٌ لِمَا مَعَهُمْ وَكَانُوا مِنْ قَبْلُ يَسْتَفْتِحُونَ عَلَى الَّذِينَ كَفَرُوا فَلَمَّا جَاءَهُمْ مَا عَرَفُوا كَفَرُوا بِهِ ۚ فَلَعْنَةُ اللَّهِ عَلَى الْكَافِرِينَ

    Качан аларга Аллахтан өздөрүндө болгон нерсени (Тооратты) тастыктаган бир китеп (Куран) келгенде жана мындан мурун каапырларга (араб мушриктерине) каршы (дал ушул китеп жана ушул пайгамбардан) жардам күтүп жатышкан болчу. Анан, качан аларга өздөрү таанып-билген нерсе келгенде, ага каапыр болушту! Каапырларга Аллахтын наалаты болсун!

    2:89
  10. بِئْسَمَا اشْتَرَوْا بِهِ أَنْفُسَهُمْ أَنْ يَكْفُرُوا بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ بَغْيًا أَنْ يُنَزِّلَ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ عَلَىٰ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ ۖ فَبَاءُوا بِغَضَبٍ عَلَىٰ غَضَبٍ ۚ وَلِلْكَافِرِينَ عَذَابٌ مُهِينٌ

    Аллах Өзүнүн пазилетин пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга (Мухаммадга) түшүргөнүнө көралбастык кылып, Аллах түшүргөн нерсеге каапыр болуулары – өздөрүнө сатып алган нерселери кандай жаман! Ошентип, алар (Аллахтын) ачуу(су)нун үстүнө дагы (кошумча) каар менен кайтышты. Каапырларга кор кылуучу азап бар.

    2:90
  11. وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ قَالُوا نُؤْمِنُ بِمَا أُنْزِلَ عَلَيْنَا وَيَكْفُرُونَ بِمَا وَرَاءَهُ وَهُوَ الْحَقُّ مُصَدِّقًا لِمَا مَعَهُمْ ۗ قُلْ فَلِمَ تَقْتُلُونَ أَنْبِيَاءَ اللَّهِ مِنْ قَبْلُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    Аларга “Аллах түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле” деп айтылса, биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка) ыйман келтиребиз” дешти жана андан башкасына (Куранга) ал чындык жана алардагы нерсени тастыктоочу болгонуна карабай каапыр болушту, (Оо, Мухаммад!) аларга айт: “Эгер (Тооратка) ыйман келтирген болсоңор, анда эмне үчүн мурда (Тоорат менен өкүм кылган) пайгамбарларды өлтүрчүсүңөр?!"

    2:91
  12. وَلَقَدْ جَاءَكُمْ مُوسَىٰ بِالْبَيِّنَاتِ ثُمَّ اتَّخَذْتُمُ الْعِجْلَ مِنْ بَعْدِهِ وَأَنْتُمْ ظَالِمُونَ

    Жана силерге Муса анык далилдер алып келгенден кийин деле, өзүңөргө зулум кылган абалда (билип туруп) музоого сыйындыңар!

    2:92
  13. وَإِذْ أَخَذْنَا مِيثَاقَكُمْ وَرَفَعْنَا فَوْقَكُمُ الطُّورَ خُذُوا مَا آتَيْنَاكُمْ بِقُوَّةٍ وَاسْمَعُوا ۖ قَالُوا سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا وَأُشْرِبُوا فِي قُلُوبِهِمُ الْعِجْلَ بِكُفْرِهِمْ ۚ قُلْ بِئْسَمَا يَأْمُرُكُمْ بِهِ إِيمَانُكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    Ошондо, Биз үстүңөргө “Тур” тоосун көтөрүп, “Биз берген нерсени (динди) бекем кармагыла жана (моюн сунуп) уккула” деп, ант-убадаңарды алганда, алар “уктук бирок, моюн сунбадык” дешкен жана каапырчылыктары себептүү жүрөктөрүнө музоо(го сыйынуу) сиңирилген! (Оо, Мухаммад) аларга айт: “Эгер “ыймандуу” болсоңор «ыйманыңар» буюрган нерселер кандай жаман!”

    2:93
  14. قُلْ إِنْ كَانَتْ لَكُمُ الدَّارُ الْآخِرَةُ عِنْدَ اللَّهِ خَالِصَةً مِنْ دُونِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الْمَوْتَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    (Оо, Мухаммад, яхудийлерге) айт: “Эгер (силер ойлогондой) Аллахтын алдындагы акырет жайы (бейиш) башка адамдарга эмес, жалгыз силер үчүн гана болсо, анда өлүмдү тилегилечи, эгер чынчыл болсоңор”.

    2:94
  15. وَلَنْ يَتَمَنَّوْهُ أَبَدًا بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ

    Алар өз колдору менен жасаган (аябай көп күнөө) нерселер себептүү, аны (өлүмдү) эч арзуу кылышпайт. Аллах залым адамдарды Билүүчү!

    2:95
  16. وَلَتَجِدَنَّهُمْ أَحْرَصَ النَّاسِ عَلَىٰ حَيَاةٍ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا ۚ يَوَدُّ أَحَدُهُمْ لَوْ يُعَمَّرُ أَلْفَ سَنَةٍ وَمَا هُوَ بِمُزَحْزِحِهِ مِنَ الْعَذَابِ أَنْ يُعَمَّرَ ۗ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا يَعْمَلُونَ

    Сен аларды (бул) жашоого мушриктерден бетер, адамдардын эң сугалагы экенин көрөсүң. Алардан кээ бирөөлөрү миң жыл жашоону эңсешет. Бирок, аны (ошончо көп) жашоо дагы азаптан ажыратып кала албайт. Аллах алардын бардык иштерин көрүүчү!

    2:96
  17. قُلْ مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِجِبْرِيلَ فَإِنَّهُ نَزَّلَهُ عَلَىٰ قَلْبِكَ بِإِذْنِ اللَّهِ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَهُدًى وَبُشْرَىٰ لِلْمُؤْمِنِينَ

    Айт: “Кимде-ким Жебирейилге душман болсо (анда, Аллахтын Өзүнө душман! Анткени,) ал (периште) сенин жүрөгүңө, өзүнөн мурунку китептерди тастыктаган жана ыймандуулар үчүн туура жол, кушкабар болгон Куранды, Аллахтын гана уруксаты менен түшүргөн.

    2:97
  18. مَنْ كَانَ عَدُوًّا لِلَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَرُسُلِهِ وَجِبْرِيلَ وَمِيكَالَ فَإِنَّ اللَّهَ عَدُوٌّ لِلْكَافِرِينَ

    Кимде-ким Аллахка, Анын периштелерине, пайгамбарларына, Жебирейилге жана Мекаилге душман болсо, анда Аллах (ал) каапырларга албетте, душман!

    2:98
  19. وَلَقَدْ أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ ۖ وَمَا يَكْفُرُ بِهَا إِلَّا الْفَاسِقُونَ

    Биз сага анык аян-далилдерди түшүрдүк. Эми аларга бузуку адамдар гана каапыр болушат.

    2:99
  20. أَوَكُلَّمَا عَاهَدُوا عَهْدًا نَبَذَهُ فَرِيقٌ مِنْهُمْ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

    Алар ар качан (Аллах таалага) ант-убада беришсе, алардан бир бөлүгү (кайра-кайра) буза беришеби?! Чынында, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт.

    2:100

Котормо: Шамсуддин Хакимов