Катталуу, бет 113

  1. مِنْ أَجْلِ ذَٰلِكَ كَتَبْنَا عَلَىٰ بَنِي إِسْرَائِيلَ أَنَّهُ مَنْ قَتَلَ نَفْسًا بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِي الْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِيعًا وَمَنْ أَحْيَاهَا فَكَأَنَّمَا أَحْيَا النَّاسَ جَمِيعًا ۚ وَلَقَدْ جَاءَتْهُمْ رُسُلُنَا بِالْبَيِّنَاتِ ثُمَّ إِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ بَعْدَ ذَٰلِكَ فِي الْأَرْضِ لَمُسْرِفُونَ

    Ушул (окуя) себептүү, Биз Исраил урпактарына (төмөнкүдөй өкүмдү) парз кылдык: «Кимде-ким (шарият буйруган) өчү болбогон же болбосо, жер бетинде бузукулук кылбаган (бейкүнөө) жанды өлтүрсө, дүйнөдөгү бардык адамдарды өлтүргөн сыяктуу (күнөөлүү) болот. Ал эми, кимде-ким бир жанга (аны өлтүрбөй коюу менен) жашоо берсе, бардык адамдарга жашоо берген сыяктуу (соопко ээ) болот. Аларга (Исраил урпактарына) Биздин пайгамбарларыбыз (эч ким каяша айта албай турган) далилдерди алып келди. Мына ушундан кийин деле, алардын көпчүлүгү жер жүзүндө аша чаап, чектен чыгып жатышат.

    5:32
  2. إِنَّمَا جَزَاءُ الَّذِينَ يُحَارِبُونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَادًا أَنْ يُقَتَّلُوا أَوْ يُصَلَّبُوا أَوْ تُقَطَّعَ أَيْدِيهِمْ وَأَرْجُلُهُمْ مِنْ خِلَافٍ أَوْ يُنْفَوْا مِنَ الْأَرْضِ ۚ ذَٰلِكَ لَهُمْ خِزْيٌ فِي الدُّنْيَا ۖ وَلَهُمْ فِي الْآخِرَةِ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    Аллахка жана пайгамбарына каршы согушуп, жер бетинде бузукулук таратып жүргөн адамдардын жазасы – өлтүрүлүү же асып өлтүрүлүү, кол-буттары каршы-терши кылып (оң кол, сол бут же сол кол, оң бут) кесилүү же болбосо, (мекен туткан) жерден сүргүн кылынуу. Бул аларга дүйнөдө шерменде (болуусу үчүн) жана Акыретте аларга чоң азап бар.

    5:33
  3. إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا مِنْ قَبْلِ أَنْ تَقْدِرُوا عَلَيْهِمْ ۖ فَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Ал эми, колго түшкөнгө чейин, өздөрү тообо кылып келишсе, билип койгула, Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.

    5:34
  4. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَابْتَغُوا إِلَيْهِ الْوَسِيلَةَ وَجَاهِدُوا فِي سَبِيلِهِ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

    О, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула, Ага жакын болуунун жолун издегиле жана Анын жолунда жихад кылгыла. (Ошондо гана) силер жеңишке жетүүңөр мүмкүн.

    5:35
  5. إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ أَنَّ لَهُمْ مَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا وَمِثْلَهُ مَعَهُ لِيَفْتَدُوا بِهِ مِنْ عَذَابِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ مَا تُقُبِّلَ مِنْهُمْ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    Каапыр адамдар, жер жүзүндө болгон мүлктүн баары, дагы ошончо кошумчасы менен алардын менчиги болуп, анан ошол мүлктөрүн Кыямат Күндүн азабынан кутулуу үчүн беришсе да, алардан кабыл алынбайт. Алар үчүн жан сыздаткан азап бар.

    5:36

Котормо: Шамсуддин Хакимов