Сүрө 77 Мурсалат
-
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي ظِلَالٍ وَعُيُونٍ
Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда,
77:41 -
وَفَوَاكِهَ مِمَّا يَشْتَهُونَ
Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде…
77:42 -
كُلُوا وَاشْرَبُوا هَنِيئًا بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
(Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»
77:43 -
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ
Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз!
77:44 -
وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِلْمُكَذِّبِينَ
Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо!
77:45 -
كُلُوا وَتَمَتَّعُوا قَلِيلًا إِنَّكُمْ مُجْرِمُونَ
(Оо, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар!
77:46 -
وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِلْمُكَذِّبِينَ
Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!
77:47 -
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ارْكَعُوا لَا يَرْكَعُونَ
Эгер аларга (Аллахка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт!
77:48 -
وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِلْمُكَذِّبِينَ
Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!
77:49 -
فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَهُ يُؤْمِنُونَ
Андан (Курандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет?!
77:50
Котормо: Шамсуддин Хакимов