Сүрө 6 Анъам
-
قُلْ إِنَّنِي هَدَانِي رَبِّي إِلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ دِينًا قِيَمًا مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۚ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Айткын: “Чынында,, Раббим мени туура жолго, түз динге – Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”.
6:161 -
قُلْ إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси – Аллах үчүн!
6:162 -
لَا شَرِيكَ لَهُ ۖ وَبِذَٰلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ
Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”.
6:163 -
قُلْ أَغَيْرَ اللَّهِ أَبْغِي رَبًّا وَهُوَ رَبُّ كُلِّ شَيْءٍ ۚ وَلَا تَكْسِبُ كُلُّ نَفْسٍ إِلَّا عَلَيْهَا ۚ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ مَرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ
Айткын: “Аллахтан башка Рабби издейинби?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт! Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллахка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет.
6:164 -
وَهُوَ الَّذِي جَعَلَكُمْ خَلَائِفَ الْأَرْضِ وَرَفَعَ بَعْضَكُمْ فَوْقَ بَعْضٍ دَرَجَاتٍ لِيَبْلُوَكُمْ فِي مَا آتَاكُمْ ۗ إِنَّ رَبَّكَ سَرِيعُ الْعِقَابِ وَإِنَّهُ لَغَفُورٌ رَحِيمٌ
Ал силерди жер бетинде (бири-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сыноо үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллах). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Ал чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу!
6:165
Котормо: Шамсуддин Хакимов