Сүрө 6 Анъам
-
وَلَا تَأْكُلُوا مِمَّا لَمْ يُذْكَرِ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ وَإِنَّهُ لَفِسْقٌ ۗ وَإِنَّ الشَّيَاطِينَ لَيُوحُونَ إِلَىٰ أَوْلِيَائِهِمْ لِيُجَادِلُوكُمْ ۖ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ إِنَّكُمْ لَمُشْرِكُونَ
Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер!
6:121 -
أَوَمَنْ كَانَ مَيْتًا فَأَحْيَيْنَاهُ وَجَعَلْنَا لَهُ نُورًا يَمْشِي بِهِ فِي النَّاسِ كَمَنْ مَثَلُهُ فِي الظُّلُمَاتِ لَيْسَ بِخَارِجٍ مِنْهَا ۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْكَافِرِينَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле? Ушул сыяктуу, каапырларга өздөрүнүн жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган.
6:122 -
وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا فِي كُلِّ قَرْيَةٍ أَكَابِرَ مُجْرِمِيهَا لِيَمْكُرُوا فِيهَا ۖ وَمَا يَمْكُرُونَ إِلَّا بِأَنْفُسِهِمْ وَمَا يَشْعُرُونَ
Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.
6:123 -
وَإِذَا جَاءَتْهُمْ آيَةٌ قَالُوا لَنْ نُؤْمِنَ حَتَّىٰ نُؤْتَىٰ مِثْلَ مَا أُوتِيَ رُسُلُ اللَّهِ ۘ اللَّهُ أَعْلَمُ حَيْثُ يَجْعَلُ رِسَالَتَهُ ۗ سَيُصِيبُ الَّذِينَ أَجْرَمُوا صَغَارٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌ بِمَا كَانُوا يَمْكُرُونَ
Эгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллахтын пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллах Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллахтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат.
6:124 -
فَمَنْ يُرِدِ اللَّهُ أَنْ يَهْدِيَهُ يَشْرَحْ صَدْرَهُ لِلْإِسْلَامِ ۖ وَمَنْ يُرِدْ أَنْ يُضِلَّهُ يَجْعَلْ صَدْرَهُ ضَيِّقًا حَرَجًا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِي السَّمَاءِ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ اللَّهُ الرِّجْسَ عَلَى الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ
Аллах кимди туура жолго баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллах ыйман келтирбегендерди мына ушинтип жазалайт.
6:125 -
وَهَٰذَا صِرَاطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًا ۗ قَدْ فَصَّلْنَا الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ
Мына ушул (айтылгандар) Раббиңдин туура жолу. Биз (Аллахты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик.
6:126 -
لَهُمْ دَارُ السَّلَامِ عِنْدَ رَبِّهِمْ ۖ وَهُوَ وَلِيُّهُمْ بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Ошол (Аллахты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында тынчтык үйү (бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (бейиште) аларга Аллах камкордук кылат.
6:127 -
وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا يَا مَعْشَرَ الْجِنِّ قَدِ اسْتَكْثَرْتُمْ مِنَ الْإِنْسِ ۖ وَقَالَ أَوْلِيَاؤُهُمْ مِنَ الْإِنْسِ رَبَّنَا اسْتَمْتَعَ بَعْضُنَا بِبَعْضٍ وَبَلَغْنَا أَجَلَنَا الَّذِي أَجَّلْتَ لَنَا ۚ قَالَ النَّارُ مَثْوَاكُمْ خَالِدِينَ فِيهَا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۗ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
Алардын баарын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар тозок! - дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.
6:128 -
وَكَذَٰلِكَ نُوَلِّي بَعْضَ الظَّالِمِينَ بَعْضًا بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
Ошентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, залымдарды бири-бирине дос-башчы кылып койобуз.
6:129 -
يَا مَعْشَرَ الْجِنِّ وَالْإِنْسِ أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌ مِنْكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ آيَاتِي وَيُنْذِرُونَكُمْ لِقَاءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَا ۚ قَالُوا شَهِدْنَا عَلَىٰ أَنْفُسِنَا ۖ وَغَرَّتْهُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا وَشَهِدُوا عَلَىٰ أَنْفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا كَافِرِينَ
О, жиндер жана инсандардын (каапыр) жамааты! Силерге өзүңөрдүн араңардан (Биздин) элчилер келип, Менин аяттарымды окуп берип, ушул күнүңөрдөгү жолугушуу жөнүндө силерди эскертпеди беле?! Алар: “Өзүбүзгө каршы күбө болдук!” дешет. Аларды дүйнө жашоосу(нун арам кооздуктары) алдап койгон эле. Мына эми, өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбө болушту.
6:130 -
ذَٰلِكَ أَنْ لَمْ يَكُنْ رَبُّكَ مُهْلِكَ الْقُرَىٰ بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا غَافِلُونَ
Мунун себеби: Сенин Раббиң эч бир шаарды, элдерин эскертпей туруп, адилетсиздик менен азапка дуушар кылбайт.
6:131 -
وَلِكُلٍّ دَرَجَاتٌ مِمَّا عَمِلُوا ۚ وَمَا رَبُّكَ بِغَافِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ
Ар бир адамга өзүнүн иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес.
6:132 -
وَرَبُّكَ الْغَنِيُّ ذُو الرَّحْمَةِ ۚ إِنْ يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَسْتَخْلِفْ مِنْ بَعْدِكُمْ مَا يَشَاءُ كَمَا أَنْشَأَكُمْ مِنْ ذُرِّيَّةِ قَوْمٍ آخَرِينَ
Сенин Раббиң Ырайымдуу, Беймуктаж. Эгер Аллах кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип койот.
6:133 -
إِنَّ مَا تُوعَدُونَ لَآتٍ ۖ وَمَا أَنْتُمْ بِمُعْجِزِينَ
Силерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет жана силер Аллахты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар.)
6:134 -
قُلْ يَا قَوْمِ اعْمَلُوا عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنِّي عَامِلٌ ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ مَنْ تَكُونُ لَهُ عَاقِبَةُ الدَّارِ ۗ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ
Айт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллахтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип аласыңар. Чынында, залымдар жеңишке жетпейт.
6:135 -
وَجَعَلُوا لِلَّهِ مِمَّا ذَرَأَ مِنَ الْحَرْثِ وَالْأَنْعَامِ نَصِيبًا فَقَالُوا هَٰذَا لِلَّهِ بِزَعْمِهِمْ وَهَٰذَا لِشُرَكَائِنَا ۖ فَمَا كَانَ لِشُرَكَائِهِمْ فَلَا يَصِلُ إِلَى اللَّهِ ۖ وَمَا كَانَ لِلَّهِ فَهُوَ يَصِلُ إِلَىٰ شُرَكَائِهِمْ ۗ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ
(Мушриктер) Аллах жараткан эгиндерден жана мал-жандыктардан Аллахка үлүш ажыратып, күмөндөрү боюнча: “Бул – Аллахка, мунусу (Аллахтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллахка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллахка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман!
6:136 -
وَكَذَٰلِكَ زَيَّنَ لِكَثِيرٍ مِنَ الْمُشْرِكِينَ قَتْلَ أَوْلَادِهِمْ شُرَكَاؤُهُمْ لِيُرْدُوهُمْ وَلِيَلْبِسُوا عَلَيْهِمْ دِينَهُمْ ۖ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ مَا فَعَلُوهُ ۖ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ
Ошондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллах каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой!
6:137 -
وَقَالُوا هَٰذِهِ أَنْعَامٌ وَحَرْثٌ حِجْرٌ لَا يَطْعَمُهَا إِلَّا مَنْ نَشَاءُ بِزَعْمِهِمْ وَأَنْعَامٌ حُرِّمَتْ ظُهُورُهَا وَأَنْعَامٌ لَا يَذْكُرُونَ اسْمَ اللَّهِ عَلَيْهَا افْتِرَاءً عَلَيْهِ ۚ سَيَجْزِيهِمْ بِمَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Дагы алар (Аллахка жалаа жаап): “Мына бул жандыктар менен эгиндер - арам. Аларды биз каалагандан башка адамдар жебейт. Жана (мына бул) жаныбарлардын үстү(нө жүк жүктөө жана минүү) - арам. Ал эми (мына бул) жаныбарларга (аларды мууздап жатканда) Аллахтын атын айтууга болбойт” - дешти. (Бул сөздөрү) Аллахка жалаа! Аллах аларга жакында жалаа жапкандарына жараша жаза берет.
6:138 -
وَقَالُوا مَا فِي بُطُونِ هَٰذِهِ الْأَنْعَامِ خَالِصَةٌ لِذُكُورِنَا وَمُحَرَّمٌ عَلَىٰ أَزْوَاجِنَا ۖ وَإِنْ يَكُنْ مَيْتَةً فَهُمْ فِيهِ شُرَكَاءُ ۚ سَيَجْزِيهِمْ وَصْفَهُمْ ۚ إِنَّهُ حَكِيمٌ عَلِيمٌ
Дагы алар: “Мына бул жаныбарлардын курсагындагы (баласы) эркектерибизге - адал, аялдарыбызга - арам. Эгер өлүк (туулган) болсо, анда аял-эркеги шерик болушат (экөө тең жей берет)” - дешти. Аллах аларды (Өзү адал кылганды “арам” деп, арам кылганын “адал” деп) сыпаттагандары үчүн жакын арада жазалайт. Ал Даанышман, Билүүчү.
6:139 -
قَدْ خَسِرَ الَّذِينَ قَتَلُوا أَوْلَادَهُمْ سَفَهًا بِغَيْرِ عِلْمٍ وَحَرَّمُوا مَا رَزَقَهُمُ اللَّهُ افْتِرَاءً عَلَى اللَّهِ ۚ قَدْ ضَلُّوا وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ
Илимисиздик жана кем акылдык менен балдарын өлтүрүп, өздөрүнө Аллах ырыскы кылып берген нерселерди Аллахка жалаа жабуу менен арамга чыгаргандар (өздөрүнө) зыян кылышты. Алар таптакыр адашып кетишти жана туура жолго түшүүчүлөрдөн болушпады.
6:140
Котормо: Шамсуддин Хакимов