Сүрө 45 Жатия

  1. حم

    Хаа, Миим.

    45:1
  2. تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

    (Бул) Китептин түшүүсү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.

    45:2
  3. إِنَّ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِلْمُؤْمِنِينَ

    Чынында, асмандарда жана жерде момун адамдар үчүн (Аллахтын Кудурет-Даанышмандыгына) белгилер бар.

    45:3
  4. وَفِي خَلْقِكُمْ وَمَا يَبُثُّ مِنْ دَابَّةٍ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

    Жана силердин жаратылууңарда, (Аллах жаратып, мейкиндиктерге) таратып жиберген жан-жаныбарларда анык ишенген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

    45:4
  5. وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا أَنْزَلَ اللَّهُ مِنَ السَّمَاءِ مِنْ رِزْقٍ فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَتَصْرِيفِ الرِّيَاحِ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

    Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллах асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар

    45:5
  6. تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۖ فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَ اللَّهِ وَآيَاتِهِ يُؤْمِنُونَ

    Бул – Аллахтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз. Аллахтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет?!

    45:6
  7. وَيْلٌ لِكُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍ

    Ар бир күнөөкөр-дооматчыга өлүм болсун!

    45:7
  8. يَسْمَعُ آيَاتِ اللَّهِ تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ثُمَّ يُصِرُّ مُسْتَكْبِرًا كَأَنْ لَمْ يَسْمَعْهَا ۖ فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

    Ал өзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой.

    45:8
  9. وَإِذَا عَلِمَ مِنْ آيَاتِنَا شَيْئًا اتَّخَذَهَا هُزُوًا ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

    Ал (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар!

    45:9
  10. مِنْ وَرَائِهِمْ جَهَنَّمُ ۖ وَلَا يُغْنِي عَنْهُمْ مَا كَسَبُوا شَيْئًا وَلَا مَا اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    (Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллахтан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга улук азап бар!

    45:10
  11. هَٰذَا هُدًى ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ

    Бул (Куран) – туура жол! Ал эми, Раббисинин аяттарына каапыр болгон адамдарга жан ооруткан азап арналган!

    45:11
  12. اللَّهُ الَّذِي سَخَّرَ لَكُمُ الْبَحْرَ لِتَجْرِيَ الْفُلْكُ فِيهِ بِأَمْرِهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

    Аллах Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!

    45:12
  13. وَسَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مِنْهُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

    Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар!

    45:13
  14. قُلْ لِلَّذِينَ آمَنُوا يَغْفِرُوا لِلَّذِينَ لَا يَرْجُونَ أَيَّامَ اللَّهِ لِيَجْزِيَ قَوْمًا بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ

    (Оо, Мухаммад!) Ыйман келтирген адамдарга айт, Аллахтын (Акыреттеги) күндөрүн(өн эч нерсени) үмүт кылбагандарды кечиришсин. (Аллах Таала ал) коомду өз иштерине жараша (Акыретте) жазалашы үчүн.

    45:14
  15. مَنْ عَمِلَ صَالِحًا فَلِنَفْسِهِ ۖ وَمَنْ أَسَاءَ فَعَلَيْهَا ۖ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ تُرْجَعُونَ

    Ким жакшы иш жасаса, өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса, өзүнө зыян. Кийин (баарыңар) Раббиңерге кайтарыласыңар.

    45:15
  16. وَلَقَدْ آتَيْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ وَرَزَقْنَاهُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلَى الْعَالَمِينَ

    Биз аныгында Исраил урпактарына (Тоорат) китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берип, таза-адал нерселерден ырыс-насип жегизип (бардык) ааламдардан (адамдардан) абзел кылган элек.

    45:16
  17. وَآتَيْنَاهُمْ بَيِّنَاتٍ مِنَ الْأَمْرِ ۖ فَمَا اخْتَلَفُوا إِلَّا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْعِلْمُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ ۚ إِنَّ رَبَّكَ يَقْضِي بَيْنَهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فِيمَا كَانُوا فِيهِ يَخْتَلِفُونَ

    Жана аларга анык иш (Дин-Шарият) бердик. Алар өздөрүнө келген илимден кийин гана (Дин ишинде) талашып калышты, өз-ара көралбастыктан улам. Албетте, Раббиң Кыямат күнү алардын арасында талашкан нерселерине өкүм (ажырым) чыгарат.

    45:17
  18. ثُمَّ جَعَلْنَاكَ عَلَىٰ شَرِيعَةٍ مِنَ الْأَمْرِ فَاتَّبِعْهَا وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ

    Кийин Биз сени Динден болгон жолдун – Шарияттын үстүндө (жүрүүчү) кылдык. Эми ошону гана ээрчигин. Билбеген адамдардын каалоолорун ээрчибегин.

    45:18
  19. إِنَّهُمْ لَنْ يُغْنُوا عَنْكَ مِنَ اللَّهِ شَيْئًا ۚ وَإِنَّ الظَّالِمِينَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ ۖ وَاللَّهُ وَلِيُّ الْمُتَّقِينَ

    (Эгер аларды ээрчисең) Аллахтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт. Чынында, залымдар бири – бирине дос болушат. Аллах болсо такыба кишилердин досу.

    45:19
  20. هَٰذَا بَصَائِرُ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

    Бул (Куран) адамдар үчүн акылчырак, туура жол жана анык ишенген элдер үчүн ырайым!

    45:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов