Катталуу, бет 499

  1. حم

    Хаа, Миим.

    45:1
  2. تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

    (Бул) Китептин түшүүсү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.

    45:2
  3. إِنَّ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِلْمُؤْمِنِينَ

    Чынында, асмандарда жана жерде момун адамдар үчүн (Аллахтын Кудурет-Даанышмандыгына) белгилер бар.

    45:3
  4. وَفِي خَلْقِكُمْ وَمَا يَبُثُّ مِنْ دَابَّةٍ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

    Жана силердин жаратылууңарда, (Аллах жаратып, мейкиндиктерге) таратып жиберген жан-жаныбарларда анык ишенген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

    45:4
  5. وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَمَا أَنْزَلَ اللَّهُ مِنَ السَّمَاءِ مِنْ رِزْقٍ فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَتَصْرِيفِ الرِّيَاحِ آيَاتٌ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

    Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллах асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар

    45:5
  6. تِلْكَ آيَاتُ اللَّهِ نَتْلُوهَا عَلَيْكَ بِالْحَقِّ ۖ فَبِأَيِّ حَدِيثٍ بَعْدَ اللَّهِ وَآيَاتِهِ يُؤْمِنُونَ

    Бул – Аллахтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз. Аллахтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет?!

    45:6
  7. وَيْلٌ لِكُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍ

    Ар бир күнөөкөр-дооматчыга өлүм болсун!

    45:7
  8. يَسْمَعُ آيَاتِ اللَّهِ تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ثُمَّ يُصِرُّ مُسْتَكْبِرًا كَأَنْ لَمْ يَسْمَعْهَا ۖ فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

    Ал өзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой.

    45:8
  9. وَإِذَا عَلِمَ مِنْ آيَاتِنَا شَيْئًا اتَّخَذَهَا هُزُوًا ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

    Ал (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар!

    45:9
  10. مِنْ وَرَائِهِمْ جَهَنَّمُ ۖ وَلَا يُغْنِي عَنْهُمْ مَا كَسَبُوا شَيْئًا وَلَا مَا اتَّخَذُوا مِنْ دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

    (Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллахтан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга улук азап бар!

    45:10
  11. هَٰذَا هُدًى ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ رَبِّهِمْ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ

    Бул (Куран) – туура жол! Ал эми, Раббисинин аяттарына каапыр болгон адамдарга жан ооруткан азап арналган!

    45:11
  12. اللَّهُ الَّذِي سَخَّرَ لَكُمُ الْبَحْرَ لِتَجْرِيَ الْفُلْكُ فِيهِ بِأَمْرِهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

    Аллах Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!

    45:12
  13. وَسَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مِنْهُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ

    Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар!

    45:13

Котормо: Шамсуддин Хакимов