Сүрө 44 Духан

  1. حم

    Хаа, Миим.

    44:1
  2. وَالْكِتَابِ الْمُبِينِ

    Ачык баяндоочу Китепке ант!

    44:2
  3. إِنَّا أَنْزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةٍ مُبَارَكَةٍ ۚ إِنَّا كُنَّا مُنْذِرِينَ

    Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз.

    44:3
  4. فِيهَا يُفْرَقُ كُلُّ أَمْرٍ حَكِيمٍ

    Ал түндө ар бир бекем, өзгөргүс иштер белгиленет.

    44:4
  5. أَمْرًا مِنْ عِنْدِنَا ۚ إِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ

    Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз.

    44:5
  6. رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ ۚ إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ

    Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү!

    44:6
  7. رَبِّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ۖ إِنْ كُنْتُمْ مُوقِنِينَ

    (Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси!

    44:7
  8. لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۖ رَبُّكُمْ وَرَبُّ آبَائِكُمُ الْأَوَّلِينَ

    Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси!

    44:8
  9. بَلْ هُمْ فِي شَكٍّ يَلْعَبُونَ

    Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда!

    44:9
  10. فَارْتَقِبْ يَوْمَ تَأْتِي السَّمَاءُ بِدُخَانٍ مُبِينٍ

    Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт.

    44:10
  11. يَغْشَى النَّاسَ ۖ هَٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٌ

    Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат.

    44:11
  12. رَبَّنَا اكْشِفْ عَنَّا الْعَذَابَ إِنَّا مُؤْمِنُونَ

    (Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет).

    44:12
  13. أَنَّىٰ لَهُمُ الذِّكْرَىٰ وَقَدْ جَاءَهُمْ رَسُولٌ مُبِينٌ

    Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген.

    44:13
  14. ثُمَّ تَوَلَّوْا عَنْهُ وَقَالُوا مُعَلَّمٌ مَجْنُونٌ

    (Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Куран сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң» – дешти.

    44:14
  15. إِنَّا كَاشِفُو الْعَذَابِ قَلِيلًا ۚ إِنَّكُمْ عَائِدُونَ

    Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар.

    44:15
  16. يَوْمَ نَبْطِشُ الْبَطْشَةَ الْكُبْرَىٰ إِنَّا مُنْتَقِمُونَ

    (Анан) чоң азап менен азапталган күнү Биз силерден өч алдык.

    44:16
  17. وَلَقَدْ فَتَنَّا قَبْلَهُمْ قَوْمَ فِرْعَوْنَ وَجَاءَهُمْ رَسُولٌ كَرِيمٌ

    Биз алардан мурун Фараон элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди.

    44:17
  18. أَنْ أَدُّوا إِلَيَّ عِبَادَ اللَّهِ ۖ إِنِّي لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ

    (Жана мындай деди): «Аллахтын пенделерин мага тапшыргыла! Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын.

    44:18
  19. وَأَنْ لَا تَعْلُوا عَلَى اللَّهِ ۖ إِنِّي آتِيكُمْ بِسُلْطَانٍ مُبِينٍ

    Өзүңөрдү Аллахтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим.

    44:19
  20. وَإِنِّي عُذْتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمْ أَنْ تَرْجُمُونِ

    Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын.

    44:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов