Сүрө 44 Духан

  1. وَإِنْ لَمْ تُؤْمِنُوا لِي فَاعْتَزِلُونِ

    Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»

    44:21
  2. فَدَعَا رَبَّهُ أَنَّ هَٰؤُلَاءِ قَوْمٌ مُجْرِمُونَ

    Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)» – деп дуба кылды.

    44:22
  3. فَأَسْرِ بِعِبَادِي لَيْلًا إِنَّكُمْ مُتَّبَعُونَ

    (Аллах анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат» - деп, (вахий кылды). (Фараон аларга жетейин деп калганда Аллах таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деңизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн таягын саздап калганда, Аллах таала, алардын артынан келген Фараоун аскерлерин деңиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага:)

    44:23
  4. وَاتْرُكِ الْبَحْرَ رَهْوًا ۖ إِنَّهُمْ جُنْدٌ مُغْرَقُونَ

    «Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» – деди.

    44:24
  5. كَمْ تَرَكُوا مِنْ جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ

    Алар нечендеген бактарды, булактарды,

    44:25
  6. وَزُرُوعٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ

    Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды

    44:26
  7. وَنَعْمَةٍ كَانُوا فِيهَا فَاكِهِينَ

    Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти).

    44:27
  8. كَذَٰلِكَ ۖ وَأَوْرَثْنَاهَا قَوْمًا آخَرِينَ

    Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исраил урпактарына) мурастап бердик.

    44:28
  9. فَمَا بَكَتْ عَلَيْهِمُ السَّمَاءُ وَالْأَرْضُ وَمَا كَانُوا مُنْظَرِينَ

    Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок!

    44:29
  10. وَلَقَدْ نَجَّيْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ مِنَ الْعَذَابِ الْمُهِينِ

    Биз Исраил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан –

    44:30
  11. مِنْ فِرْعَوْنَ ۚ إِنَّهُ كَانَ عَالِيًا مِنَ الْمُسْرِفِينَ

    Фараондон куткардык. Ал өзүн (Аллахтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле.

    44:31
  12. وَلَقَدِ اخْتَرْنَاهُمْ عَلَىٰ عِلْمٍ عَلَى الْعَالَمِينَ

    Биз билген абалда аларды (Исраил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек.

    44:32
  13. وَآتَيْنَاهُمْ مِنَ الْآيَاتِ مَا فِيهِ بَلَاءٌ مُبِينٌ

    Жана аларга анык сыноолорду ичине камтыган моожизаларды бердик.

    44:33
  14. إِنَّ هَٰؤُلَاءِ لَيَقُولُونَ

    Алар (Курайш каапырлары) айтышты:

    44:34
  15. إِنْ هِيَ إِلَّا مَوْتَتُنَا الْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُنْشَرِينَ

    «Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз.

    44:35
  16. فَأْتُوا بِآبَائِنَا إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    Эгер силер (оо, момундар) чынчыл болсоңор, биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»

    44:36
  17. أَهُمْ خَيْرٌ أَمْ قَوْمُ تُبَّعٍ وَالَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ ۚ أَهْلَكْنَاهُمْ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا مُجْرِمِينَ

    Ушулар (Мекке мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле.

    44:37
  18. وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَاعِبِينَ

    Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок.

    44:38
  19. مَا خَلَقْنَاهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

    Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.

    44:39
  20. إِنَّ يَوْمَ الْفَصْلِ مِيقَاتُهُمْ أَجْمَعِينَ

    Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы.

    44:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов