Сүрө 3 Али Имран

  1. لَقَدْ سَمِعَ اللَّهُ قَوْلَ الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ فَقِيرٌ وَنَحْنُ أَغْنِيَاءُ ۘ سَنَكْتُبُ مَا قَالُوا وَقَتْلَهُمُ الْأَنْبِيَاءَ بِغَيْرِ حَقٍّ وَنَقُولُ ذُوقُوا عَذَابَ الْحَرِيقِ

    “Аллах кембагал, биз байбыз” деген адамдардын сөздөрүн Аллах укту. Биз алар айткан сөздөрдү жана пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрүн жазып койобуз. Жана (аларга) күйдүрүүчү азаптын даамын таткыла” дейбиз.

    3:181
  2. ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيكُمْ وَأَنَّ اللَّهَ لَيْسَ بِظَلَّامٍ لِلْعَبِيدِ

    Бул (азап) өз колуңар менен жасаган ишиңер себептүү. Аллах пенделерге залым эмес.

    3:182
  3. الَّذِينَ قَالُوا إِنَّ اللَّهَ عَهِدَ إِلَيْنَا أَلَّا نُؤْمِنَ لِرَسُولٍ حَتَّىٰ يَأْتِيَنَا بِقُرْبَانٍ تَأْكُلُهُ النَّارُ ۗ قُلْ قَدْ جَاءَكُمْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِي بِالْبَيِّنَاتِ وَبِالَّذِي قُلْتُمْ فَلِمَ قَتَلْتُمُوهُمْ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    Ошол адамдар (яхудийлер): «Пайгамбар (Мухаммад) бизге бир курмандык союп, аны (асмандан түшкөн) от күйдүрмөйүнчө ага ыйман келтирбешибизди Аллах бизге осуят кылган» дешет. (Оо, Мухаммад!) Сен аларга: “Менден мурун деле силерге пайгамбарлар далилдерди жана силер айткан нерсени да келтиришкен. Анда, эмне үчүн аларды өлтүрүп салдыңар, эгер чынчыл болсоңор?!” деп айткын.

    3:183
  4. فَإِنْ كَذَّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ جَاءُوا بِالْبَيِّنَاتِ وَالزُّبُرِ وَالْكِتَابِ الْمُنِيرِ

    (О, Мухаммад!) эгер алар сени жалганчыга чыгарышкан болсо, сага чейин деле далилдер, ыйык жазуулар жана (Шарият өкүмдөрүнөн турган) нурлуу китептерди алып келген пайгамбарлар (ушулар тарабынан) жалганчыга чыгарылган.

    3:184
  5. كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ ۗ وَإِنَّمَا تُوَفَّوْنَ أُجُورَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۖ فَمَنْ زُحْزِحَ عَنِ النَّارِ وَأُدْخِلَ الْجَنَّةَ فَقَدْ فَازَ ۗ وَمَا الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا مَتَاعُ الْغُرُورِ

    Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү өзүңөрдүн сооп-сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар. Ал эми, ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе – жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес.

    3:185
  6. لَتُبْلَوُنَّ فِي أَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلِكُمْ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا أَذًى كَثِيرًا ۚ وَإِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ

    (О, момундар!) Албетте, силер малыңарда жана жаныңарда сыналасыңар. Жана, сөзсүз түрдө, силерден мурда китеп берилген (яхудий, христиан ж.б.) адамдардан жана мушриктерден көп заар сөздөрдү угасыңар. Эгер (ошондо) сабыр кылсаңар жана такыба болсоңор, албетте, бул өтө улук иштерден.

    3:186
  7. وَإِذْ أَخَذَ اللَّهُ مِيثَاقَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ لَتُبَيِّنُنَّهُ لِلنَّاسِ وَلَا تَكْتُمُونَهُ فَنَبَذُوهُ وَرَاءَ ظُهُورِهِمْ وَاشْتَرَوْا بِهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۖ فَبِئْسَ مَا يَشْتَرُونَ

    Эстегин: Аллах (ыйык) китеп берилген коомдордон, ал китепти(н чындыктарын) элдерге сөзсүз баян кылып бересиңер жана аны(н чындыктарын) жашырбайсыңар деп катуу убада алган эле. Кийин алар анттарын артына таштап коюшту жана аны (Тоорот менен Инжилдеги чындыктарды) арзыбаган баага сатып жиберишти. (Чындыктын ордуна) сатып алган нерселери кандай жаман!

    3:187
  8. لَا تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَفْرَحُونَ بِمَا أَتَوْا وَيُحِبُّونَ أَنْ يُحْمَدُوا بِمَا لَمْ يَفْعَلُوا فَلَا تَحْسَبَنَّهُمْ بِمَفَازَةٍ مِنَ الْعَذَابِ ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

    (О, Мухаммад!) Жасаган (кыянат) иштери менен сүйүнүп, али жасай элек (жакшы) иштери менен даңазаланууну сүйгөн адамдарды азаптан оолак болот деп эч ойлобогун! Аларга жан ооруткан азап бар!

    3:188
  9. وَلِلَّهِ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Асмандар жана жер мүлкү Аллахга таандык. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү.

    3:189
  10. إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ لَآيَاتٍ لِأُولِي الْأَلْبَابِ

    Албетте, асмандар менен жердин жаратылышында жана түн менен күндүн (токтоосуз) алмашып турушунда акылдуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине далил болуучу көптөгөн) белгилер бар.

    3:190
  11. الَّذِينَ يَذْكُرُونَ اللَّهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلَىٰ جُنُوبِهِمْ وَيَتَفَكَّرُونَ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ رَبَّنَا مَا خَلَقْتَ هَٰذَا بَاطِلًا سُبْحَانَكَ فَقِنَا عَذَابَ النَّارِ

    Турган, отурган жана жамбаштап жаткан абалында да Аллахты эстеп, асмандардын жана жердин жаратылышын пикир кыла турган адамдар (Аллахтын улуулугуна кулдук кылып) “О, биздин Рабби! Сен буларды жөн эле жаратканың жок. Сен (бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан жана бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруусуң! Бизди тозок азабынан сактай көр!” - дешет.

    3:191
  12. رَبَّنَا إِنَّكَ مَنْ تُدْخِلِ النَّارَ فَقَدْ أَخْزَيْتَهُ ۖ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ

    О, Раббибиз! Сен кимди тозокко киргизсең – аны шерменде кылганың. Заалымдарга жардамчылар болбойт.

    3:192
  13. رَبَّنَا إِنَّنَا سَمِعْنَا مُنَادِيًا يُنَادِي لِلْإِيمَانِ أَنْ آمِنُوا بِرَبِّكُمْ فَآمَنَّا ۚ رَبَّنَا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَكَفِّرْ عَنَّا سَيِّئَاتِنَا وَتَوَفَّنَا مَعَ الْأَبْرَارِ

    О, Раббибиз! Биз бир чакыруучунун (Мухаммаддын) “Раббиңерге ыйман келтиргиле!” деп, ыйманга чакырып жатканын уктук жана дароо ыйман келтирдик. О, биздин Рабби! Күнөөлөрүбүздү кечир жана каталарыбызды өчүр! Биздин жаныбызды жакшы кишилердин катарында ала көр!

    3:193
  14. رَبَّنَا وَآتِنَا مَا وَعَدْتَنَا عَلَىٰ رُسُلِكَ وَلَا تُخْزِنَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَادَ

    О, Раббибиз! Бизге пайгамбарларыңа убада кылган (жеңиш, бейиш, дүйнөлүк бакыт сыяктуу) нерселериңди бере көр! Албетте, Сен убаданы бузуучу эмессиң!

    3:194
  15. فَاسْتَجَابَ لَهُمْ رَبُّهُمْ أَنِّي لَا أُضِيعُ عَمَلَ عَامِلٍ مِنْكُمْ مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ ۖ بَعْضُكُمْ مِنْ بَعْضٍ ۖ فَالَّذِينَ هَاجَرُوا وَأُخْرِجُوا مِنْ دِيَارِهِمْ وَأُوذُوا فِي سَبِيلِي وَقَاتَلُوا وَقُتِلُوا لَأُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَأُدْخِلَنَّهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ثَوَابًا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ عِنْدَهُ حُسْنُ الثَّوَابِ

    Алардын Раббиси дубаларын кабыл алды (жана мындай деди:) “Албетте, Мен, эркек же аял болобу, силерден эч бир амал кылуучунун амалын текке кетирбейм. Бирөөңөр бирөөңөрдөн жаралгансыңар. Менин жолумда журттарынан чыгарылган, хижрат кылган (көчкөн), кордук-зомбулук көргөн, согушкан жана өлтүрүлгөн адамдардын (бардык) күнөө-кемчилдиктерин өчүрөмүн жана Аллах тарабынан берилген сооп иретинде, астынан дарыялар агып турган бейиш бактарына киргиземин. Аллахтын алдында эң жакшы сооп-сыйлыктар бар”

    3:195
  16. لَا يَغُرَّنَّكَ تَقَلُّبُ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي الْبِلَادِ

    "(Оо, Мухаммад) сени каапырлардын шаар-өлкөлөрдө кезип жүрүүлөрү алдап койбосун"

    3:196
  17. مَتَاعٌ قَلِيلٌ ثُمَّ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۚ وَبِئْسَ الْمِهَادُ

    (Булардын баары) бир аз гана пайдалар. Кийин алардын орду тозок! Ал кандай жаман орун!

    3:197
  18. لَٰكِنِ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ لَهُمْ جَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا نُزُلًا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۗ وَمَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ لِلْأَبْرَارِ

    Раббисинен корккондор үчүн Аллах тарабынан сый-зыяпат түрүндө, астынан дарыялар агып турган бейиш бактары бар. Алар анда түбөлүк калышат. (Ою, сөзү жана иши) жакшы адамдар үчүн Аллахтын алдындагы нерселер жакшы.

    3:198
  19. وَإِنَّ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَمَنْ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْكُمْ وَمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِمْ خَاشِعِينَ لِلَّهِ لَا يَشْتَرُونَ بِآيَاتِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا ۗ أُولَٰئِكَ لَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ سَرِيعُ الْحِسَابِ

    Албетте, китеп ээлеринин арасында Аллахка ишенген, силерге, түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) да, өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге да ыйман келтирген, Аллахтан корккон, Аллахтын аяттарын арзыбаган баага сатып жибербеген адамдар бар экени анык. Аларга да Раббисинин алдында сооп-сыйлыктары бар. Аллах тез эсептешүүчү.

    3:199
  20. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اصْبِرُوا وَصَابِرُوا وَرَابِطُوا وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

    О, ыйман келтиргендер! сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула жана (чек араларды коргоп, дайыма) даяр тургула. Аллахтан корккула, ошондо жеңишке жетерсиңер.

    3:200

Котормо: Шамсуддин Хакимов