Сүрө 28 Касас

  1. فَخَسَفْنَا بِهِ وَبِدَارِهِ الْأَرْضَ فَمَا كَانَ لَهُ مِنْ فِئَةٍ يَنْصُرُونَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَمَا كَانَ مِنَ الْمُنْتَصِرِينَ

    Анан Биз аны (Карунду) үй-жайы менен кошуп жерге жуткуруп жибердик! Ага Аллахтан (коргоп) жардам берүүчү жамаат болбоду! Жана анын өзү да (азапты) жеңүүчүлөрдөн болгон жок.

    28:81
  2. وَأَصْبَحَ الَّذِينَ تَمَنَّوْا مَكَانَهُ بِالْأَمْسِ يَقُولُونَ وَيْكَأَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ ۖ لَوْلَا أَنْ مَنَّ اللَّهُ عَلَيْنَا لَخَسَفَ بِنَا ۖ وَيْكَأَنَّهُ لَا يُفْلِحُ الْكَافِرُونَ

    Кечээ гана анын (коомдогу) ордуна тамшанган адамдар: «Таң каласың! (Аллахтын кудуретине) пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына гана ырыскыны кенен жана тар кылып коёт турбайбы?! Эгер Аллах бизге жакшылык кылбаганда (кечээки сөзүбүз үчүн) бизди деле жерге жуткуруп жибермек! Билбепбиз көрсө, каапырлар (Аллахтын азабынан) кутулбайт турбайбы?!» — деп калышты.

    28:82
  3. تِلْكَ الدَّارُ الْآخِرَةُ نَجْعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّا فِي الْأَرْضِ وَلَا فَسَادًا ۚ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ

    Биз тиги жактагы акырет конушун жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (ыймандуу) адамдар үчүн (насип) кылабыз. Акыбет такыба кишилер үчүн!

    28:83
  4. مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ خَيْرٌ مِنْهَا ۖ وَمَنْ جَاءَ بِالسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَى الَّذِينَ عَمِلُوا السَّيِّئَاتِ إِلَّا مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

    Ким (акыретке) сооп-жакшылык алып келсе, ага (өзү алып келген) жакшылыгынан жакшыраак сыйлыктар берилет. Ал эми, кимде-ким жамандык (күнөө) алып келсе, жамандык жасагандар өз кылмыштарына гана жараша жаза алышат.

    28:84
  5. إِنَّ الَّذِي فَرَضَ عَلَيْكَ الْقُرْآنَ لَرَادُّكَ إِلَىٰ مَعَادٍ ۚ قُلْ رَبِّي أَعْلَمُ مَنْ جَاءَ بِالْهُدَىٰ وَمَنْ هُوَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

    (Оо, Мухаммад!) Чынында, сага Куранды түшүрүп, (аны жеткирүүнү, буйруктарын аткарууну парз кылган Зат сени эч шексиз кайтчу жерге (дүйнөдө Меккеге жеңиш менен, акыретте бейишке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким туура жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет».

    28:85
  6. وَمَا كُنْتَ تَرْجُو أَنْ يُلْقَىٰ إِلَيْكَ الْكِتَابُ إِلَّا رَحْمَةً مِنْ رَبِّكَ ۖ فَلَا تَكُونَنَّ ظَهِيرًا لِلْكَافِرِينَ

    Сен (оо, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо!

    28:86
  7. وَلَا يَصُدُّنَّكَ عَنْ آيَاتِ اللَّهِ بَعْدَ إِذْ أُنْزِلَتْ إِلَيْكَ ۖ وَادْعُ إِلَىٰ رَبِّكَ ۖ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

    Сага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллахтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун! Жана Раббиңе (Ага ыйман келтирүүгө) чакыр. Эч качан мушриктерден болбогун!

    28:87
  8. وَلَا تَدْعُ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ ۘ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ كُلُّ شَيْءٍ هَالِكٌ إِلَّا وَجْهَهُ ۚ لَهُ الْحُكْمُ وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

    Аллахка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Андан башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок. (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!

    28:88

Котормо: Шамсуддин Хакимов