Сүрө 28 Касас

  1. فَخَرَجَ مِنْهَا خَائِفًا يَتَرَقَّبُ ۖ قَالَ رَبِّ نَجِّنِي مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

    Муса, тараптарын баамдап, коркуп: «Оо, Раббим! Мени залым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан) дароо чыгып кетти.

    28:21
  2. وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلْقَاءَ مَدْيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّي أَنْ يَهْدِيَنِي سَوَاءَ السَّبِيلِ

    Ал Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени туура жолго баштайт чыгаар» – деди.

    28:22
  3. وَلَمَّا وَرَدَ مَاءَ مَدْيَنَ وَجَدَ عَلَيْهِ أُمَّةً مِنَ النَّاسِ يَسْقُونَ وَوَجَدَ مِنْ دُونِهِمُ امْرَأَتَيْنِ تَذُودَانِ ۖ قَالَ مَا خَطْبُكُمَا ۖ قَالَتَا لَا نَسْقِي حَتَّىٰ يُصْدِرَ الرِّعَاءُ ۖ وَأَبُونَا شَيْخٌ كَبِيرٌ

    Качан Мадяндын суусуна (кудуктарына) жетип келгенде, анын үстүндө (үймөлөнүшүп, талашып-тартышып, кой эчкилерин) сугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын (сууга умтулган койлорун) кайтарып турганын көрдү. «Силерге эмне болду?» деди (Муса). Алар айтышты: «Биз (мына бул эркек) чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз (аларга аралашуудан ыйба кылабыз). Ал эми, атабыз болсо, картайган чал.

    28:23
  4. فَسَقَىٰ لَهُمَا ثُمَّ تَوَلَّىٰ إِلَى الظِّلِّ فَقَالَ رَبِّ إِنِّي لِمَا أَنْزَلْتَ إِلَيَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيرٌ

    Анан Муса (чабандарды ары-бери сүрүп) экөөсүнө койлорун сугарып берди. Кийин көлөкөгө кайтып барып: «Оо, Раббим! Өзүң мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын!» – деди.

    28:24
  5. فَجَاءَتْهُ إِحْدَاهُمَا تَمْشِي عَلَى اسْتِحْيَاءٍ قَالَتْ إِنَّ أَبِي يَدْعُوكَ لِيَجْزِيَكَ أَجْرَ مَا سَقَيْتَ لَنَا ۚ فَلَمَّا جَاءَهُ وَقَصَّ عَلَيْهِ الْقَصَصَ قَالَ لَا تَخَفْ ۖ نَجَوْتَ مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ

    Эки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: «Атам сизди чакырууда, бизге (койлорубузду) сугарып бергениңиздин сыйлыгын бериш үчүн» – деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: «Коркпогун. Сен (Аллах кааласа) залым адамдардан кутулдуң» - деди.

    28:25
  6. قَالَتْ إِحْدَاهُمَا يَا أَبَتِ اسْتَأْجِرْهُ ۖ إِنَّ خَيْرَ مَنِ اسْتَأْجَرْتَ الْقَوِيُّ الْأَمِينُ

    Эки кыздын бири: «Атаке, аны (кой кайтарганга) жалдап алып кал. Чындыгында жалдангандардын эң жакшысы күчтүүсү жана аманаткөйү» – деди.

    28:26
  7. قَالَ إِنِّي أُرِيدُ أَنْ أُنْكِحَكَ إِحْدَى ابْنَتَيَّ هَاتَيْنِ عَلَىٰ أَنْ تَأْجُرَنِي ثَمَانِيَ حِجَجٍ ۖ فَإِنْ أَتْمَمْتَ عَشْرًا فَمِنْ عِنْدِكَ ۖ وَمَا أُرِيدُ أَنْ أَشُقَّ عَلَيْكَ ۚ سَتَجِدُنِي إِنْ شَاءَ اللَّهُ مِنَ الصَّالِحِينَ

    «Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын - деди (абышка) - анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуң. Эгер он жыл кылып, толуктап койсоң, анда сен тараптан (кошумча жакшылык) болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллах кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласың».

    28:27
  8. قَالَ ذَٰلِكَ بَيْنِي وَبَيْنَكَ ۖ أَيَّمَا الْأَجَلَيْنِ قَضَيْتُ فَلَا عُدْوَانَ عَلَيَّ ۖ وَاللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٌ

    «Бул мени менен сиздин арабыздагы (келишим болсун). Эки мөөнөттүн кай бирин аткарсам да, мага андан да кошумча тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллах Өзү күбө!» - деди (Муса).

    28:28
  9. فَلَمَّا قَضَىٰ مُوسَى الْأَجَلَ وَسَارَ بِأَهْلِهِ آنَسَ مِنْ جَانِبِ الطُّورِ نَارًا قَالَ لِأَهْلِهِ امْكُثُوا إِنِّي آنَسْتُ نَارًا لَعَلِّي آتِيكُمْ مِنْهَا بِخَبَرٍ أَوْ جَذْوَةٍ مِنَ النَّارِ لَعَلَّكُمْ تَصْطَلُونَ

    Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрдүм. Балким андан бир кабар же болбосо (тутантууга) бир тутам чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди.

    28:29
  10. فَلَمَّا أَتَاهَا نُودِيَ مِنْ شَاطِئِ الْوَادِ الْأَيْمَنِ فِي الْبُقْعَةِ الْمُبَارَكَةِ مِنَ الشَّجَرَةِ أَنْ يَا مُوسَىٰ إِنِّي أَنَا اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ

    Отко жакындап барганда, берекеттүү (ыйык) жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан : «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Раббиси Аллахмын!» – деген үн чыкты.

    28:30
  11. وَأَنْ أَلْقِ عَصَاكَ ۖ فَلَمَّا رَآهَا تَهْتَزُّ كَأَنَّهَا جَانٌّ وَلَّىٰ مُدْبِرًا وَلَمْ يُعَقِّبْ ۚ يَا مُوسَىٰ أَقْبِلْ وَلَا تَخَفْ ۖ إِنَّكَ مِنَ الْآمِنِينَ

    Таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) тез кыймылдаган жыландай көргөндө, аркасына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! Бери кел, коркпо! Албетте сен, амандыкта болуучулардансың!

    28:31
  12. اسْلُكْ يَدَكَ فِي جَيْبِكَ تَخْرُجْ بَيْضَاءَ مِنْ غَيْرِ سُوءٍ وَاضْمُمْ إِلَيْكَ جَنَاحَكَ مِنَ الرَّهْبِ ۖ فَذَانِكَ بُرْهَانَانِ مِنْ رَبِّكَ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمًا فَاسِقِينَ

    Колуңду жакаңа (мойнуңдан ылдый) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) аппак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуу (кетүү үчүн) өзүңө (көкүрөгүңө) кысып ал. Ушул экөө (таяк менен ак-нурлуу кол) Фараон жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында алар бузулган адамдар.

    28:32
  13. قَالَ رَبِّ إِنِّي قَتَلْتُ مِنْهُمْ نَفْسًا فَأَخَافُ أَنْ يَقْتُلُونِ

    (Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун.

    28:33
  14. وَأَخِي هَارُونُ هُوَ أَفْصَحُ مِنِّي لِسَانًا فَأَرْسِلْهُ مَعِيَ رِدْءًا يُصَدِّقُنِي ۖ إِنِّي أَخَافُ أَنْ يُكَذِّبُونِ

    Менин бир тууганым Харун, ал мага караганда тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Анткени,) алар мени жалганга чыгарууларынан коркомун».

    28:34
  15. قَالَ سَنَشُدُّ عَضُدَكَ بِأَخِيكَ وَنَجْعَلُ لَكُمَا سُلْطَانًا فَلَا يَصِلُونَ إِلَيْكُمَا ۚ بِآيَاتِنَا أَنْتُمَا وَمَنِ اتَّبَعَكُمَا الْغَالِبُونَ

    (Аллах) айтты: «Биз сени бир тууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө (жамандык менен) жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар».

    28:35
  16. فَلَمَّا جَاءَهُمْ مُوسَىٰ بِآيَاتِنَا بَيِّنَاتٍ قَالُوا مَا هَٰذَا إِلَّا سِحْرٌ مُفْتَرًى وَمَا سَمِعْنَا بِهَٰذَا فِي آبَائِنَا الْأَوَّلِينَ

    Эми, качан гана Муса Биздин анык баян-далилдерибиз менен аларга келгенде (жана жылан-далил менен кол-далилди көргөзгөндө): «Бул ойдон чыгарылган сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз мындайды абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» – дешти.

    28:36
  17. وَقَالَ مُوسَىٰ رَبِّي أَعْلَمُ بِمَنْ جَاءَ بِالْهُدَىٰ مِنْ عِنْدِهِ وَمَنْ تَكُونُ لَهُ عَاقِبَةُ الدَّارِ ۖ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الظَّالِمُونَ

    (Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким туура жол алып келгенин жана акыбет (бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) залимдер эч качан (тозок азабынан) кутулушпайт!».

    28:37
  18. وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ مَا عَلِمْتُ لَكُمْ مِنْ إِلَٰهٍ غَيْرِي فَأَوْقِدْ لِي يَا هَامَانُ عَلَى الطِّينِ فَاجْعَلْ لِي صَرْحًا لَعَلِّي أَطَّلِعُ إِلَىٰ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُ مِنَ الْكَاذِبِينَ

    Фараон айтты: «Эй, төбөлдөр! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин. Эй, Хаман! Ылайга оттон жагып (бышык кыш жасап) мага (бийик) мунара куруп бергиниң. Балким, ошого чыгып Мусанын (асмандагы) Кудайын көрөрмүн! Мен Мусаны анык эле жалганчылардан деп эсептеймин».

    28:38
  19. وَاسْتَكْبَرَ هُوَ وَجُنُودُهُ فِي الْأَرْضِ بِغَيْرِ الْحَقِّ وَظَنُّوا أَنَّهُمْ إِلَيْنَا لَا يُرْجَعُونَ

    Фараон менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту.

    28:39
  20. فَأَخَذْنَاهُ وَجُنُودَهُ فَنَبَذْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ ۖ فَانْظُرْ كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الظَّالِمِينَ

    Анан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Залымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.

    28:40

Котормо: Шамсуддин Хакимов