Катталуу, бет 83

  1. وَاللَّهُ يُرِيدُ أَنْ يَتُوبَ عَلَيْكُمْ وَيُرِيدُ الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ الشَّهَوَاتِ أَنْ تَمِيلُوا مَيْلًا عَظِيمًا

    Аллах силердин (бакыт-таалайга жеткизе турган) тообоңорду кабыл алууну каалайт. Ал эми, кумар-ышкынын артынан түшкөн адамдар болсо, экинчи кайткыс болуп (ак жолдон) адашып кетишиңерди каалайт.

    4:27
  2. يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُخَفِّفَ عَنْكُمْ ۚ وَخُلِقَ الْإِنْسَانُ ضَعِيفًا

    Аллах силерден (оор турмушту) жеңилдетүүнү каалайт. (Анткени,) инсан алсыз жаратылган.

    4:28
  3. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً عَنْ تَرَاضٍ مِنْكُمْ ۚ وَلَا تَقْتُلُوا أَنْفُسَكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا

    О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлкүңөрдү (баскынчылык, уурулук, кумар ойноо, сүткорлук, ж.б.у.с.) арам жолдор менен жебегиле. Өз ара ыраазычылыгыңар менен болгон (адал) соода менен жегиле. Бири-бириңерди (же ар ким өзүн-өзү) өлтүрбөгүлө. Албетте, Аллах силерге Мээримдүү.

    4:29
  4. وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ عُدْوَانًا وَظُلْمًا فَسَوْفَ نُصْلِيهِ نَارًا ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا

    Ким ушуларды атайлап жана кыянаттык менен жасаса, аны Биз жакында тозокко таштайбыз. Бул нерсе Аллахка жеңил.

    4:30
  5. إِنْ تَجْتَنِبُوا كَبَائِرَ مَا تُنْهَوْنَ عَنْهُ نُكَفِّرْ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَنُدْخِلْكُمْ مُدْخَلًا كَرِيمًا

    Эгер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн сактансаңар (жана парыз ибадаттарды үзбөй жасап жүрсөңөр) Биз силердин (бардык) күнөөңөрдү өчүрөбүз жана Улук Орунга-бейишке киргизебиз.

    4:31
  6. وَلَا تَتَمَنَّوْا مَا فَضَّلَ اللَّهُ بِهِ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۚ لِلرِّجَالِ نَصِيبٌ مِمَّا اكْتَسَبُوا ۖ وَلِلنِّسَاءِ نَصِيبٌ مِمَّا اكْتَسَبْنَ ۚ وَاسْأَلُوا اللَّهَ مِنْ فَضْلِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمًا

    Аллах бирөөңөрдү бирөөңөрдөн эмне менен абзел-жогору кылып койгон болсо, ошону силер (көралбастык менен) эңсебегиле! Эркектерге эмгек-кесиптеринен насип бар. (Ошондой эле,) аялдар үчүн да эмгек-кесиптеринен насип бар. (Бардык диний-дүйнөлүк ишиңерде) Аллахтын пазилетин сурагыла. Албетте, Аллах бардык нерселерди Билүүчү.

    4:32
  7. وَلِكُلٍّ جَعَلْنَا مَوَالِيَ مِمَّا تَرَكَ الْوَالِدَانِ وَالْأَقْرَبُونَ ۚ وَالَّذِينَ عَقَدَتْ أَيْمَانُكُمْ فَآتُوهُمْ نَصِيبَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ شَهِيدًا

    Ар бир адам үчүн ата-эне жана жакындары калтырган урук-туугандардан жана силер менен ант-келишим түзгөн адамдардан турган дос-жардамчыларды жаратып койдук. Эми аларга өз үлүштөрүн бергиле. Албетте, Аллах бардыгына Күбө.

    4:33

Котормо: Шамсуддин Хакимов