Катталуу, бет 80

  1. وَاللَّاتِي يَأْتِينَ الْفَاحِشَةَ مِنْ نِسَائِكُمْ فَاسْتَشْهِدُوا عَلَيْهِنَّ أَرْبَعَةً مِنْكُمْ ۖ فَإِنْ شَهِدُوا فَأَمْسِكُوهُنَّ فِي الْبُيُوتِ حَتَّىٰ يَتَوَفَّاهُنَّ الْمَوْتُ أَوْ يَجْعَلَ اللَّهُ لَهُنَّ سَبِيلًا

    (О, ыймандуулар) зайыптарыңардын арасында бузукулук (зынаа) кылгандары болсо, аларга өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбө алып келгиле. Эгер алар (анык далилдер менен) күбөлүккө өтсө, аларды ажал алып кеткенге чейин же болбосо, Аллах аларга (бул жазадан башка жазалоочу) жол көрсөткөнгө чейин үйлөргө камап койгула.

    4:15
  2. وَاللَّذَانِ يَأْتِيَانِهَا مِنْكُمْ فَآذُوهُمَا ۖ فَإِنْ تَابَا وَأَصْلَحَا فَأَعْرِضُوا عَنْهُمَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ تَوَّابًا رَحِيمًا

    Силерден (эркек-аялдардан) экөө ушуну (зынааны) жасаган болсо, ал экөөнүн сазайын бергиле. Анан эгер тообосуна таянып оңолсо, алардан жүз бургула (жазаны токтоткула). Албетте, Аллах тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүү.

    4:16
  3. إِنَّمَا التَّوْبَةُ عَلَى اللَّهِ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السُّوءَ بِجَهَالَةٍ ثُمَّ يَتُوبُونَ مِنْ قَرِيبٍ فَأُولَٰئِكَ يَتُوبُ اللَّهُ عَلَيْهِمْ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

    Албетте, Аллахтын тооболорду кечирүүсү күнөө ишти билбестен жасап алып, кийин дароо тообо келтирген кишилерге арналган. Аллах андай адамдардын тообосун кабыл алат. Аллах Билүүчү, Даанышман.

    4:17
  4. وَلَيْسَتِ التَّوْبَةُ لِلَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ حَتَّىٰ إِذَا حَضَرَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ إِنِّي تُبْتُ الْآنَ وَلَا الَّذِينَ يَمُوتُونَ وَهُمْ كُفَّارٌ ۚ أُولَٰئِكَ أَعْتَدْنَا لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا

    Ал эми, күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм (жазасы) келгенде гана “Мен эми тообо кылдым!” дей турган адамдарга жана каапыр бойдон өлүп кетүүчүлөрдүн тооболору кабыл алынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз.

    4:18
  5. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا يَحِلُّ لَكُمْ أَنْ تَرِثُوا النِّسَاءَ كَرْهًا ۖ وَلَا تَعْضُلُوهُنَّ لِتَذْهَبُوا بِبَعْضِ مَا آتَيْتُمُوهُنَّ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ ۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ ۚ فَإِنْ كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰ أَنْ تَكْرَهُوا شَيْئًا وَيَجْعَلَ اللَّهُ فِيهِ خَيْرًا كَثِيرًا

    О, ыйман келтиргендер! Силер үчүн (өлгөн жакыныңардын никесинде болгон) аялдарды (алар каалабаса да) мажбурлап мурас-мүлк кылып алуу адал болбойт. Жана силер (эгер аялыңарды сүйбөй калсаңар), берген махырыңардын бир бөлүгүн алып, (силерден ажырап) кетишине тоскоол болбогула. Ал эми, качан бир анык бузук иш (зына) жасаганда гана (махырыңарды кайрып алуу үчүн аларга тоскоолдук кылсаңар болот). Аялдар менен сылык-сыпаа жашагыла. Эгер аларды жаман көрүп калсаңар(да катуу тийбегиле. Анткени), Аллах силер жаман көргөн нерседе көп жакшылыктарды катып койгон болушу мүмкүн.

    4:19

Котормо: Шамсуддин Хакимов