Катталуу, бет 578

  1. كَلَّا بَلْ تُحِبُّونَ الْعَاجِلَةَ

    Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр.

    75:20
  2. وَتَذَرُونَ الْآخِرَةَ

    жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.

    75:21
  3. وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ نَاضِرَةٌ

    Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып,

    75:22
  4. إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٌ

    Раббисине (үмүт менен) карап турат.

    75:23
  5. وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ بَاسِرَةٌ

    Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып,

    75:24
  6. تَظُنُّ أَنْ يُفْعَلَ بِهَا فَاقِرَةٌ

    өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат.

    75:25
  7. كَلَّا إِذَا بَلَغَتِ التَّرَاقِيَ

    Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда...,

    75:26
  8. وَقِيلَ مَنْ ۜ رَاقٍ

    «Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда...,

    75:27
  9. وَظَنَّ أَنَّهُ الْفِرَاقُ

    (Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда...,

    75:28
  10. وَالْتَفَّتِ السَّاقُ بِالسَّاقِ

    Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда...,

    75:29
  11. إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ الْمَسَاقُ

    Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор!

    75:30
  12. فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ

    Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады.

    75:31
  13. وَلَٰكِنْ كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

    Бирок, «жалган» деп далысын салып койду.

    75:32
  14. ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰ أَهْلِهِ يَتَمَطَّىٰ

    Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти.

    75:33
  15. أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰ

    Өлүм болсун сага өлүм!

    75:34
  16. ثُمَّ أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰ

    Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм!

    75:35
  17. أَيَحْسَبُ الْإِنْسَانُ أَنْ يُتْرَكَ سُدًى

    (Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?!

    75:36
  18. أَلَمْ يَكُ نُطْفَةً مِنْ مَنِيٍّ يُمْنَىٰ

    Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?!

    75:37
  19. ثُمَّ كَانَ عَلَقَةً فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ

    Анан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)

    75:38
  20. فَجَعَلَ مِنْهُ الزَّوْجَيْنِ الذَّكَرَ وَالْأُنْثَىٰ

    Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты.

    75:39
  21. أَلَيْسَ ذَٰلِكَ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَنْ يُحْيِيَ الْمَوْتَىٰ

    Эми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?!

    75:40
  22. هَلْ أَتَىٰ عَلَى الْإِنْسَانِ حِينٌ مِنَ الدَّهْرِ لَمْ يَكُنْ شَيْئًا مَذْكُورًا

    Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эскериле турган нерсе эмес (жок) эле.

    76:1
  23. إِنَّا خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ مِنْ نُطْفَةٍ أَمْشَاجٍ نَبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَاهُ سَمِيعًا بَصِيرًا

    Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы бел суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык.

    76:2
  24. إِنَّا هَدَيْنَاهُ السَّبِيلَ إِمَّا شَاكِرًا وَإِمَّا كَفُورًا

    (Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот).

    76:3
  25. إِنَّا أَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ سَلَاسِلَ وَأَغْلَالًا وَسَعِيرًا

    Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук.

    76:4
  26. إِنَّ الْأَبْرَارَ يَشْرَبُونَ مِنْ كَأْسٍ كَانَ مِزَاجُهَا كَافُورًا

    Жакшы (ыймандуу) адамдар (бейиштерде) «каафуур» аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет.

    76:5

Котормо: Шамсуддин Хакимов