Катталуу, бет 577

  1. فَمَا تَنْفَعُهُمْ شَفَاعَةُ الشَّافِعِينَ

    Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.

    74:48
  2. فَمَا لَهُمْ عَنِ التَّذْكِرَةِ مُعْرِضِينَ

    Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?

    74:49
  3. كَأَنَّهُمْ حُمُرٌ مُسْتَنْفِرَةٌ

    Жапайы эшектерге окшоп,

    74:50
  4. فَرَّتْ مِنْ قَسْوَرَةٍ

    арстандан үркүп качкан?

    74:51
  5. بَلْ يُرِيدُ كُلُّ امْرِئٍ مِنْهُمْ أَنْ يُؤْتَىٰ صُحُفًا مُنَشَّرَةً

    Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат!

    74:52
  6. كَلَّا ۖ بَلْ لَا يَخَافُونَ الْآخِرَةَ

    Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!

    74:53
  7. كَلَّا إِنَّهُ تَذْكِرَةٌ

    Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!

    74:54
  8. فَمَنْ شَاءَ ذَكَرَهُ

    Ким кааласа андан сабак алат.

    74:55
  9. وَمَا يَذْكُرُونَ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ ۚ هُوَ أَهْلُ التَّقْوَىٰ وَأَهْلُ الْمَغْفِرَةِ

    Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!

    74:56
  10. لَا أُقْسِمُ بِيَوْمِ الْقِيَامَةِ

    Мен Кыямат күнүнө ант ичип,

    75:1
  11. وَلَا أُقْسِمُ بِالنَّفْسِ اللَّوَّامَةِ

    Жемелөөчү напси менен ант ичип, (айтамын:)

    75:2
  12. أَيَحْسَبُ الْإِنْسَانُ أَلَّنْ نَجْمَعَ عِظَامَهُ

    “Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”

    75:3
  13. بَلَىٰ قَادِرِينَ عَلَىٰ أَنْ نُسَوِّيَ بَنَانَهُ

    Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз!

    75:4
  14. بَلْ يُرِيدُ الْإِنْسَانُ لِيَفْجُرَ أَمَامَهُ

    Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,

    75:5
  15. يَسْأَلُ أَيَّانَ يَوْمُ الْقِيَامَةِ

    (Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар!

    75:6
  16. فَإِذَا بَرِقَ الْبَصَرُ

    Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат.

    75:7
  17. وَخَسَفَ الْقَمَرُ

    Айдын нуру өчөт

    75:8
  18. وَجُمِعَ الشَّمْسُ وَالْقَمَرُ

    жана Күн менен Ай бириктирилет.

    75:9
  19. يَقُولُ الْإِنْسَانُ يَوْمَئِذٍ أَيْنَ الْمَفَرُّ

    Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат!

    75:10
  20. كَلَّا لَا وَزَرَ

    Жок! Качып бара турган орун жок!

    75:11
  21. إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ الْمُسْتَقَرُّ

    Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар.

    75:12
  22. يُنَبَّأُ الْإِنْسَانُ يَوْمَئِذٍ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ

    Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет.

    75:13
  23. بَلِ الْإِنْسَانُ عَلَىٰ نَفْسِهِ بَصِيرَةٌ

    Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.

    75:14
  24. وَلَوْ أَلْقَىٰ مَعَاذِيرَهُ

    Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).

    75:15
  25. لَا تُحَرِّكْ بِهِ لِسَانَكَ لِتَعْجَلَ بِهِ

    (Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе!

    75:16
  26. إِنَّ عَلَيْنَا جَمْعَهُ وَقُرْآنَهُ

    Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет.

    75:17
  27. فَإِذَا قَرَأْنَاهُ فَاتَّبِعْ قُرْآنَهُ

    Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин.

    75:18
  28. ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا بَيَانَهُ

    Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет.

    75:19

Котормо: Шамсуддин Хакимов