Катталуу, бет 567

  1. وَجَاءَ فِرْعَوْنُ وَمَنْ قَبْلَهُ وَالْمُؤْتَفِكَاتُ بِالْخَاطِئَةِ

    Анан Фараон, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери – Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып,

    69:9
  2. فَعَصَوْا رَسُولَ رَبِّهِمْ فَأَخَذَهُمْ أَخْذَةً رَابِيَةً

    Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты!

    69:10
  3. إِنَّا لَمَّا طَغَى الْمَاءُ حَمَلْنَاكُمْ فِي الْجَارِيَةِ

    (Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек.

    69:11
  4. لِنَجْعَلَهَا لَكُمْ تَذْكِرَةً وَتَعِيَهَا أُذُنٌ وَاعِيَةٌ

    Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн.

    69:12
  5. فَإِذَا نُفِخَ فِي الصُّورِ نَفْخَةٌ وَاحِدَةٌ

    Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда,

    69:13
  6. وَحُمِلَتِ الْأَرْضُ وَالْجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةً وَاحِدَةً

    жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда,)

    69:14
  7. فَيَوْمَئِذٍ وَقَعَتِ الْوَاقِعَةُ

    Дал ошол күндө Ваакеьа (кыямат) болот.

    69:15
  8. وَانْشَقَّتِ السَّمَاءُ فَهِيَ يَوْمَئِذٍ وَاهِيَةٌ

    Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда,

    69:16
  9. وَالْمَلَكُ عَلَىٰ أَرْجَائِهَا ۚ وَيَحْمِلُ عَرْشَ رَبِّكَ فَوْقَهُمْ يَوْمَئِذٍ ثَمَانِيَةٌ

    жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллахтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч - кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө,

    69:17
  10. يَوْمَئِذٍ تُعْرَضُونَ لَا تَخْفَىٰ مِنْكُمْ خَافِيَةٌ

    дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.

    69:18
  11. فَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِيَمِينِهِ فَيَقُولُ هَاؤُمُ اقْرَءُوا كِتَابِيَهْ

    Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй,! Мына, менин китебимди окуп көргүлө!

    69:19
  12. إِنِّي ظَنَنْتُ أَنِّي مُلَاقٍ حِسَابِيَهْ

    Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»

    69:20
  13. فَهُوَ فِي عِيشَةٍ رَاضِيَةٍ

    Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо -

    69:21
  14. فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٍ

    – эң жогорку бейиште болот.

    69:22
  15. قُطُوفُهَا دَانِيَةٌ

    Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут.

    69:23
  16. كُلُوا وَاشْرَبُوا هَنِيئًا بِمَا أَسْلَفْتُمْ فِي الْأَيَّامِ الْخَالِيَةِ

    (Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле – аш болсун!»

    69:24
  17. وَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِشِمَالِهِ فَيَقُولُ يَا لَيْتَنِي لَمْ أُوتَ كِتَابِيَهْ

    Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) дешет: «Атаганат! Менин китебим берилбей эле койсо экен

    69:25
  18. وَلَمْ أَدْرِ مَا حِسَابِيَهْ

    жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен...,

    69:26
  19. يَا لَيْتَهَا كَانَتِ الْقَاضِيَةَ

    Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо!)

    69:27
  20. مَا أَغْنَىٰ عَنِّي مَالِيَهْ ۜ

    Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды!

    69:28
  21. هَلَكَ عَنِّي سُلْطَانِيَهْ

    Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»

    69:29
  22. خُذُوهُ فَغُلُّوهُ

    (Оо, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле!

    69:30
  23. ثُمَّ الْجَحِيمَ صَلُّوهُ

    Кийин тозокко таштагыла!

    69:31
  24. ثُمَّ فِي سِلْسِلَةٍ ذَرْعُهَا سَبْعُونَ ذِرَاعًا فَاسْلُكُوهُ

    Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»

    69:32
  25. إِنَّهُ كَانَ لَا يُؤْمِنُ بِاللَّهِ الْعَظِيمِ

    (Себеби), Ал Улук Аллахка ыйман келтирбеди.

    69:33
  26. وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ الْمِسْكِينِ

    жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады.

    69:34

Котормо: Шамсуддин Хакимов