Катталуу, бет 558

  1. يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِذَا طَلَّقْتُمُ النِّسَاءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحْصُوا الْعِدَّةَ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ رَبَّكُمْ ۖ لَا تُخْرِجُوهُنَّ مِنْ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخْرُجْنَ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ ۚ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يَتَعَدَّ حُدُودَ اللَّهِ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ ۚ لَا تَدْرِي لَعَلَّ اللَّهَ يُحْدِثُ بَعْدَ ذَٰلِكَ أَمْرًا

    Оо, пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле. Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер – Аллахтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар – Аллахтын чектөөлөрү. Ким Аллах белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллах ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес.

    65:1
  2. فَإِذَا بَلَغْنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ أَوْ فَارِقُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ وَأَشْهِدُوا ذَوَيْ عَدْلٍ مِنْكُمْ وَأَقِيمُوا الشَّهَادَةَ لِلَّهِ ۚ ذَٰلِكُمْ يُوعَظُ بِهِ مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مَخْرَجًا

    Эгер аялдар (идда) мөөнөтүн бүтүрсө, же жакшылык менен алып калгыла же жакшылык менен ажырашкыла. (Жарашсаңар да, ажырашсаңар да) өзүңөрдөн эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. (Оо, күбө болгондор!) силер Аллах үчүн (түз-туура) күбөлүк бергиле! Мунуңар Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адамдарга үлгү болоор иш. Ким Аллахтан такыба кылса, анын жолун ачып койот.

    65:2
  3. وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِبُ ۚ وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ ۚ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا

    Жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллахка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон.

    65:3
  4. وَاللَّائِي يَئِسْنَ مِنَ الْمَحِيضِ مِنْ نِسَائِكُمْ إِنِ ارْتَبْتُمْ فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَاثَةُ أَشْهُرٍ وَاللَّائِي لَمْ يَحِضْنَ ۚ وَأُولَاتُ الْأَحْمَالِ أَجَلُهُنَّ أَنْ يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مِنْ أَمْرِهِ يُسْرًا

    Ал эми, (талагы берилген) аялдарыңардын арасында этек кир келбей калгандары (карыя жаштагылары) болсо жана («булардын идда мөөнөтү кандай болот?» деп) шектенсеңер, алардын иддасы - үч ай. Эми, (балакатка жетпеген же бир оору себептүү) тап-такыр этек кири келбеген аялдар болсо, (булардын иддасын да үч ай деп эсептейсиңер). Боюна бүтүп калган аялдардын идда мөөнөтү – төрөгөнгө чейин. Ким Аллахтан такыба кылса, анын ишин жеңилдетип койот.

    65:4
  5. ذَٰلِكَ أَمْرُ اللَّهِ أَنْزَلَهُ إِلَيْكُمْ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يُكَفِّرْ عَنْهُ سَيِّئَاتِهِ وَيُعْظِمْ لَهُ أَجْرًا

    Силерге Аллах түшүргөн буйрук – ушул. Ким Аллахтан корксо, анын күнөөлөрүн өчүрөт жана сообун көбөйтөт.

    65:5

Котормо: Шамсуддин Хакимов