Сүрө 65 Талак

  1. يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِذَا طَلَّقْتُمُ النِّسَاءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحْصُوا الْعِدَّةَ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ رَبَّكُمْ ۖ لَا تُخْرِجُوهُنَّ مِنْ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخْرُجْنَ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ ۚ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يَتَعَدَّ حُدُودَ اللَّهِ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ ۚ لَا تَدْرِي لَعَلَّ اللَّهَ يُحْدِثُ بَعْدَ ذَٰلِكَ أَمْرًا

    Оо, пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле. Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер – Аллахтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар – Аллахтын чектөөлөрү. Ким Аллах белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллах ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес.

    65:1
  2. فَإِذَا بَلَغْنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ أَوْ فَارِقُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ وَأَشْهِدُوا ذَوَيْ عَدْلٍ مِنْكُمْ وَأَقِيمُوا الشَّهَادَةَ لِلَّهِ ۚ ذَٰلِكُمْ يُوعَظُ بِهِ مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مَخْرَجًا

    Эгер аялдар (идда) мөөнөтүн бүтүрсө, же жакшылык менен алып калгыла же жакшылык менен ажырашкыла. (Жарашсаңар да, ажырашсаңар да) өзүңөрдөн эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. (Оо, күбө болгондор!) силер Аллах үчүн (түз-туура) күбөлүк бергиле! Мунуңар Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адамдарга үлгү болоор иш. Ким Аллахтан такыба кылса, анын жолун ачып койот.

    65:2
  3. وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِبُ ۚ وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ ۚ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا

    Жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллахка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон.

    65:3
  4. وَاللَّائِي يَئِسْنَ مِنَ الْمَحِيضِ مِنْ نِسَائِكُمْ إِنِ ارْتَبْتُمْ فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَاثَةُ أَشْهُرٍ وَاللَّائِي لَمْ يَحِضْنَ ۚ وَأُولَاتُ الْأَحْمَالِ أَجَلُهُنَّ أَنْ يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مِنْ أَمْرِهِ يُسْرًا

    Ал эми, (талагы берилген) аялдарыңардын арасында этек кир келбей калгандары (карыя жаштагылары) болсо жана («булардын идда мөөнөтү кандай болот?» деп) шектенсеңер, алардын иддасы - үч ай. Эми, (балакатка жетпеген же бир оору себептүү) тап-такыр этек кири келбеген аялдар болсо, (булардын иддасын да үч ай деп эсептейсиңер). Боюна бүтүп калган аялдардын идда мөөнөтү – төрөгөнгө чейин. Ким Аллахтан такыба кылса, анын ишин жеңилдетип койот.

    65:4
  5. ذَٰلِكَ أَمْرُ اللَّهِ أَنْزَلَهُ إِلَيْكُمْ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يُكَفِّرْ عَنْهُ سَيِّئَاتِهِ وَيُعْظِمْ لَهُ أَجْرًا

    Силерге Аллах түшүргөн буйрук – ушул. Ким Аллахтан корксо, анын күнөөлөрүн өчүрөт жана сообун көбөйтөт.

    65:5
  6. أَسْكِنُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ سَكَنْتُمْ مِنْ وُجْدِكُمْ وَلَا تُضَارُّوهُنَّ لِتُضَيِّقُوا عَلَيْهِنَّ ۚ وَإِنْ كُنَّ أُولَاتِ حَمْلٍ فَأَنْفِقُوا عَلَيْهِنَّ حَتَّىٰ يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ ۚ فَإِنْ أَرْضَعْنَ لَكُمْ فَآتُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ ۖ وَأْتَمِرُوا بَيْنَكُمْ بِمَعْرُوفٍ ۖ وَإِنْ تَعَاسَرْتُمْ فَسَتُرْضِعُ لَهُ أُخْرَىٰ

    Аларга мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле. Аларга кысым көргөзүү менен зыян жеткирбегиле. Эгер алардын боюна бүткөн болсо, боюндагысын төрөгөнгө чейин (бардык муктаждыгын) камсыздагыла. Эгерде силер үчүн (балаңарды) эмизип берсе, акысын төлөп бергиле жана (сүт акысынын баасын) өз ара, жакшылык менен келишип алгыла. Эгер (келише албай) кыйналсаңар, ал (күйөө) үчүн (баласын) башка аял эмизип берет.

    65:6
  7. لِيُنْفِقْ ذُو سَعَةٍ مِنْ سَعَتِهِ ۖ وَمَنْ قُدِرَ عَلَيْهِ رِزْقُهُ فَلْيُنْفِقْ مِمَّا آتَاهُ اللَّهُ ۚ لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا مَا آتَاهَا ۚ سَيَجْعَلُ اللَّهُ بَعْدَ عُسْرٍ يُسْرًا

    «Бай адам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллах берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын. Аллах эч кимди Өзү бергенден ашыкчасына мажбурлабайт. Аллах тез арада кыйынчылыктын артынан жеңилдик берет».

    65:7
  8. وَكَأَيِّنْ مِنْ قَرْيَةٍ عَتَتْ عَنْ أَمْرِ رَبِّهَا وَرُسُلِهِ فَحَاسَبْنَاهَا حِسَابًا شَدِيدًا وَعَذَّبْنَاهَا عَذَابًا نُكْرًا

    (Мурунку заманда) нечендеген айыл-шаар (элдери) Раббисинин жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тартышты. Анан Биз алар менен катуу эсептешип, жагымсыз азаптарга салдык.

    65:8
  9. فَذَاقَتْ وَبَالَ أَمْرِهَا وَكَانَ عَاقِبَةُ أَمْرِهَا خُسْرًا

    Алар кылмыштарынын жазасын татышты. Кылмыштарынын акыбети зыян тартуу (өлүм) болду!

    65:9
  10. أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ يَا أُولِي الْأَلْبَابِ الَّذِينَ آمَنُوا ۚ قَدْ أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكُمْ ذِكْرًا

    Аллах (Акыретте дагы) аларга катуу азапты даярдап койгон. Эми, Аллахтан корккула, оо, ыйман келтирген акылдуулар! Аллах силерге (туура жолго багыттоочу) эскермени жиберди.

    65:10
  11. رَسُولًا يَتْلُو عَلَيْكُمْ آيَاتِ اللَّهِ مُبَيِّنَاتٍ لِيُخْرِجَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ ۚ وَمَنْ يُؤْمِنْ بِاللَّهِ وَيَعْمَلْ صَالِحًا يُدْخِلْهُ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ قَدْ أَحْسَنَ اللَّهُ لَهُ رِزْقًا

    (Ал эскерме – Аллахтын) элчиси. Ал силерге Аллахтын анык аяттарын окуп берет, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарды караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн. Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, аны түбүнөн дарыялар аккан жана анда түбөлүк калуучу бейиштерге киргизет. Аллах ага эң сонун ырыскыны (бейишти) берди!

    65:11
  12. اللَّهُ الَّذِي خَلَقَ سَبْعَ سَمَاوَاتٍ وَمِنَ الْأَرْضِ مِثْلَهُنَّ يَتَنَزَّلُ الْأَمْرُ بَيْنَهُنَّ لِتَعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ وَأَنَّ اللَّهَ قَدْ أَحَاطَ بِكُلِّ شَيْءٍ عِلْمًا

    Аллах жети кабат асмандарды жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын (асман-жердин) арасына (Анын) буйруктар(ы), Аллах ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн түшүп турат.

    65:12

Котормо: Шамсуддин Хакимов